Депутат 9000ден аз айлык жок деп айтканы үчүн кечирим сурады

Депутат Гүлшат Асылбаева «Кыргызстанда 9000 сомдон аз айлык бар экенине ишенбейм» деген сөзү үчүн кечирим сурады. Ал анда жеке компаниялардын кызматкерлери тууралуу айтканын билдирди. Депутат бюджеттик кызматкерлерден кечирим сурап кайрылууда.

Асылбаева кечирим сураган текстин өзүнүн «Фэйсбук» баракчасына жарыялаган — бул тууралуу «Азаттык» радиосу билдирди.

«Ооба, мен чындыгында бизнес-чөйрөдө мындай маяны жок деп айттым, себеби көптөгөн коммерциялык структуралар чыныгы пайдасын көрсөтүшпөйт. Жакын адамдарымдын ден соолугу үчүн дарыгерлерден, мугалимдерден жана социалдык чөйрөдөгү кызматкерлердин баарынан кечирим сурайм», — деп жазган Асылбаева.     

Депутаттын апасы дарыгер болуп иштегендиктен, ал медицина кызматкерлеринин айлык маянасы тууралуу билээрин да кошумчалаган.

Ал бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлердин айлык маянасы тууралуу маселени 2017-жылга карата кайра карап чыгууну да сунуштаган.

Буга чейин, парламенттин басма сөз кызматы, жалпыга маалымдоо каражаттары депутаттын сөзүн туура эмес түшүнүп алгандыгын айтып чыккан эле. Депутат 9000ден аз айлык жок деп бизнес-чөйрө тууралуу айтканын, бюджеттик мекемелердин кызматкерлери жөнүндө кеп болбогонун тастыкташкан.

«Депутат 8-9 миң айлык маяна тууралуу айтып жатканда, бизнес-чөйрөнүн бир айлык минималдык кирешеси тууралуу маселе каралып жаткан», — деген басма сөз кызматынын өкүлү.  

Асылбаева, парламенттик комитетте Кыргызстандагы орточо айлык маяна тууралуу маселени карап жатканда «Кыргызстанда 8-9 миңден аз айлык жок» деп айткан жери бар.

Бул сөздөр коомдук тармактарда кызуу талкууну жаратты. Колдонулуучулар депутатты тажрыйбасыздыкка айыпташкан.  

Айрыкча, Кыргызстан дарыгерлеринин онлайн-коому нараазычылыктарын билдиришкен.

Тема боюнча: Депутат тогуз миң сомдон аз маяна бар экенине ишенбейт