Депутат Турускулов Мамлекеттик материалдык резервди курттаган ун сатууга айыптады

«Республика — Ата-Журт» фракциясынын депутаты Жыргалбек Турускулов Өкмөт алдындагы Мамлекеттик материалдык резерв фонду курттаган ун сатып жатканын айтып чыкты. Турускулов №5-лицейдеги курттаган унду элеп жаткан видеотасманы көрсөттү.   

Парламентарийдин айтуусунда, 22-сентябрь күнү ундардын сапаты тууралуу маселе көтөрүлгөн, бирок көңүл сыртында калтырылган. Турускулов жеке иликтөө жүргүзүүнү чечкен.  

Ал №5-кесиптик лицейге жеткирилген унду элеп жатканда курттар чыкканын аталган окуу жайдын кызматкерлери видеого тартып алышкан — электе курттар даана көрүнүп турат.

Депутат ундун сапаты Мамлекеттик материалдык резерв Фондунун лабораториясында текшерилген деди.

«Мамлекеттик материалдык резерв фондунун лабораториясы өзүнүн жетекчилигине каршы корутунду бербейт. Бул туура эмес, ошондуктан, бардык азык-түлүктү санитардык-эпидемиологиялык станциясынын лабораториясында текшерип турууну сунуштайм. Бул кыйын деле эмес. Мен өзүмдүн корутундумду бир-эки күндө эле алдым», — деди Турускулов.  

Анын айтуусунда, мамматрезервдин ундары Кара-Балтадагы складында сакталышы керек, себеби ал жакта керектүү шарт бар. Бирок, 600 тонна ун Бишкектеги борбордук складка жеткирилген, ал жерде товар стандартка туура келбеген шартта сакталган.

«Бул Фонддун жетекчилиги үчүн пайдалуу. Ал товарды складдан складга көчүрүп, ортодон сатып, арадан акча кылып алайын деген ою болсо керек», — деди депутат.  

Бул айыптоолорго жооп иретинде Жоомартбек Жумабеков ун борбордук складка техникалык себептерден улам көчүрүлгөн деп айтты.

«Биз [унду] бул жакка алып келүүгө мажбур болдук, себеби [Кара-Балтадагы складда] авариялык кырдаал түзүлдү. Чатырдан суу тамчылап, унду сактаганга болбой калды. Учурда [борбордук] складда бир кап да ун жок», — деп түшүндүрдү фонддун жетекчиси.  

Жумабеков билдиргендей, бардык азык-түлүк саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы санитардык-эпидемиологиялык лабораториясында химиялык анализден өтүп, ар квартал сайын Айыл-чарба министрлигине караштуу Буудай экспертиза борбору тарабынан текшерилип турат.

Ал Турускулов көрсөтүп жаткан видео, атайылап жасалышы да мүмкүндүгүн айтты.

«Мага бул лицей качан ун алгандыгы тууралуу маалымат беришти. [...] Видеодо көрсөтүлгөн каптар ал жерде болгон эмес. [Унду текшерүүгө] келгенде эле, кайдандыр пайда болуп калыптыр. Азыр мен укук коргоо органдарына толук иликтөөгө берип жатам», — деди Жумабеков.  

«Курттаган» ун тартылган лицейдин директору Айдар Айтмурзаев, лицей 20-21-сентябрда килограммын 16 сомдон бир тонна ун сатып алгандыктарын айтты.  

«Бардык ун кагаз басылып турат, пайдаланбай турабыз. Экспертизанын жыйынтыктарын күтүп жатабыз. Эгер ундун курамында чынында эле зыянкечтер болгон болсо, анда мамлекеттик материалдык резервге арыз менен кайрылабыз», — деди ал.  

Өкмөт болсо, Фонд сактап жаткан ундардын сапатын текшерүү жана складдардагы шарттар тууралуу маалымат алуу үчүн атайын комиссия түзгөн.