Башкы прокуратура: Атамбаев Бишкек мэринин аялынын жерин мыйзамдуу сатып алган

Президент Албек Ибраимовдун аялынан жер тилкесин мыйзамдуу сатып алган. Мындай корутундуну Кыргызстандын Башкы прокуратурасы берди. Буга чейин Өмүрбек Текебаев президент жерди коррупциялык жол менен алган деген маалымат тараткан, ал эми Атамбаев прокуратурага бул боюнча текшерүү жүргүзүүнү тапшырган эле.

Башкы прокуратуранын маалыматында, парламенттин депутаты Өмүрбек Текебаевдин басма сөз жыйынында айткандары «чындыкка коошпойт жана текшерүүнүн жыйынтыгына дал келбейт».  

Мекеме билдиргендей, Атамбаевдин Айнура Ибраимовадан 27,5 гектар жер тилкесин сатып алгандыгы далилденген жок. Документтерде 2,7 гектар деп жазылган.

«Алмазбек Атамбаев менен Айнура Ибраимованын ортосундагы 2015-жылдагы соода-сатык иштери КРнын мыйзамына ылайык жүргүзүлгөн», — деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.  

Атамбаев сатып алган жер тилкесиндеги бүтө элек үй «"Дастан" ААКна тиешелүү эмес жана аны сатып алуу иштери мыйзамга ылайык жүргөн.  

Башкы прокуратура 16-сентябрь күнү президенттин тапшырмасы менен Өмүрбек Текебаев айтып чыккан Кой-Таштагы жер тилкеси боюнча иликтөө иштерин жүргүзгөн. Текебаев президент «Дастан» заводунун 27,5 гектар жерин менчиктештерип, Кой-Ташка үй салып жатат деп айтып чыккан.

«Албек Ибраимов мэр болуш үчүн базаны Атамбаевге берген. Иш жүзүндө да ошондой эле болду. Бул коррупциянын классикалык түрү», — деп айткан Текебаев.  

Текебаев президентке жана анын айланасындагыларга карата Конституциядагы өзгөртүүлөргө каршы чыгып жатканда, жогорудагыдай айыптоолорун айткан.

Тема боюнча: Видео: Атамбаевдин куруп жаткан үйү бийиктен кандай көрүнөт