Көрүүсү начарлар үчүн текст окуу программасына кыргыз тили киргизилди

АКШ, Болгария жана Кыргызстандын адистери көрүүсү начарлар үчүн окуу текстине кыргыз тилин киргизишти.

Болгариялык программист Камен Боков жана АКШдан келген аспирант-лингвист Жош Мейер долбоордун үстүнөн жай айында иштей башташкан. Аларга көрүүсү начарлар программасынын компьютердик инструктору Азат Токтомбаев жардам берген.

Адистер көрүүсү начарлар үчүн Non-Visual Desktop Access (NVDA) сүйлөө синтезаторун кыргыз тилин түшүнүүгө жана окууга үйрөткөн. Бул программа жалпысынан 43 тилди окуй алат.

«NVDA программасы баарына жеткиликтүү. Ага бардык программисттер кирип, өзүнүн тилин кошуу мүмкүнчүлүгү бар. Программа Кыргызстанда орус тилинде гана иштечү. Ошондуктан, биз кыргыз тилин киргизүүнү чечтик», — деди Боков.

Адистер алгач кыргызча текстти орус тилинин синтезаторуна киргизүүгө аракет кылышкан, бирок майнап чыккан эмес. Жош Мейер синтезаторду кыргыз тилинде сүйлөтүү үчүн кээ бир тыбыштарды башка тилдерден алууга мажбур болгонун айтат.

«Тилдик "Франкенштейн" пайда болду, бирок ал иштеп жатат. Мен "к" тамгасын араб тилинен жана кээ бир тыбыштарды немис тилинен алдым. Жалпы 20 тилден кыргыз тилин курадым. Синтезатордун адамдай сүйлөбөйт албетте, бирок максат башка. Негизгиси — мааниси түшүнүктүү болсо болгону», — деди Мейер.  

«Empower Blind People» уюмунун инструктору Азат Токтомбаевдин айтуусунда, мурда кыргыз тилдүү сайттар көрүүсү начарлар үчүн жеткиликсиз болгон, себеби синтезатор кыргыз тилин окуй алчу эмес.

«Мен сайтка кирип, орус тилинин синтезаторун колдонуп көрдүм. Программа болсо, "өкмөт" деген сөздө өзүнө тааныш "к,м,т" тамгаларын гана окуду. Эми бул программа адабиятка, документтерге жана кыргыз тилиндеги башка тексттерге жол ачат», — деди Токомбаев.  

Программа колдонууга даяр, адистер аны эки айдын ичинде китепканаларга орнотушат.

Видео: Азат Рузиев