Кадыржан Батыров Кыргызстандан Роза Отунбаеванын кеңеши менен чыгып кеткенин айтты

Кыргызстанда өмүр бою сыртынан соттолгон, ишкер Кадыржан Батыров «Азаттык» радиосунун өзбек редакциясына интервью берип, Кыргызстандан экс-президент Роза Отунбаеванын кеңеши менен чыгып кеткенин айтты.  

«Азаттыктын» өзбек редакциясына берген интервьюсунда, Батыров Роза Отунбаеванын суранычы менен Кыргызстандан тез арада чыгып кеткенин айтты. Ага эч кандай коркунучтар болбогонун кошумчалап, Роза Отунбаева «өлкөдө туруктуулук орногончо» чет өлкөгө кетип туруусун суранганын билдирди.

«Мен 20-май күнү Жалал-Абаддан чыгып кеттим. Ачык айтайын, мени эч ким коркуткан жок жана эч кандай тоскоолдуктарсыз кеттим. Роза Отунбаеванын суранычын [Убактылуу өкмөттүн коргонуу министринин милдетин аткаруучу], Бакыт Алымбеков [Убактылуу өкмөттүн ички иштер министринин милдетин аткаруучу] жана Алишер Сабиров жеткирди [2007-жылга чейин "Ак-Жол" саясий партиясынын мүчөсү, 2010-жылы июнь окуяларынан кийин Кыргызстандан чыгып кеткен]», - деди Батыров.

Батыров айткандай, ал Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн суранычы менен Тажикстандын чек арасында Кайрак-Кум суу сактагычында бекинип жаткан. Ал жакта туруп да, Батыров Убактылуу өкмөттүн аппарат башчысы болуп турган Эмилбек Каптагаев менен байланышта болгон.

«Мен мамлекеттен чыгып кеткенче, эки жолу Бишкекке барып келдим. Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев менен эки-үч жолу сүйлөштүм», — деди Батыров.  

Анын айтуусуна караганда, Батыров өлкөдөн чыгып кеткенден соң, ага карата кылмыш иши козголгон.

«Алар университеттеги [Жалал-Абаддагы достук Университети] козголоңду мени уюштурду деп айыпташты, окуяны уюштургандар болсо "баатыр" болуп чыга келишти. Кийин мен Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү [Исмаил] Исаков жана [Азимбек] Бекназаров — Бакиевдер менен сүйлөшүп, бул чыр-чатакты уюштурууну пландап жүрүшкөнүн билгем», — деди Батыров.  

Ал Кыргызстандан кантип чыгып кеткени тууралуу кенен айтып берди — 20-июлга чейин Батыров суу сактагычта жашаган, андан кийин Өзбекстанга чыгып кеткен — Андижан, Наманган, Фергана жана Ташкентте жүргөн. Бир аз убакыт өтүп, Дубаига билет сатып алып, ал жактан Крымга кеткен. Ал Крымда жүргөндө, Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Батыровду экстрадициялоону талап кыла баштаган. БУУнун качкындар боюнча Комиссариаты Батыровго жарым күн ичинде документтерин жасап берип, Швецияга кеткен.

Батыров — Жалал-Абаддык ишкер, Кыргызстандын түштүгүндөгү өзбек коомунун лидерлеринин бири.

Кыргызстан бийлиги 2010-жылы Батыровду улуттар аралык араздашууну козуткан деп күнөөлөгөн. Кийинчерээк, «куралданган козголоңчу» жана «улуттар аралык чыр-чатакты козуткан» деген айып менен сыртынан соттолгон.

Көп жыл үн катпай жүрүп, акыры 2016-жылдын 20-сентябрь күнү адам укуктары темасына арналган Варшавадагы ЕККУнун жыйынында сөз сүйлөдү. Ал ЕККУнун жыйынында Кыргызстандын бийлигин Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө анын атын колдонуп жаткандыгын айткан. Президент Алмазбек Атамбаев Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн Кадыровдун качып кетүүсүнө тиешеси бар-жоктугун текшерүүгө алууга тапшырма берген. 

Батыровдун жыйында сөз сүйлөөсү Кыргызстанда ЕККУнун статусун түшүрүүгө жана жанында отурган укук коргоочу Төлөйкан Исмаилованын ИИМ тарабынан иликтөөгө алынышына себеп болду.  

Соавтор: Эльмурат Аширалиев