Балетте бийлеген кыргыз эркектери маянанын аздыгына карабай, бийчиликтин кыйынчылыктарына көз жумуп, искусстводо өмүр сүрүүгө эмне мажбурлап турганы жөнүндө айтып беришти.

Кыргыз балетинде 49 артист болсо, алардын 17си — эркектер. Балет жашоосу жана анын стереотиптери жөнүндө Бишкек балеттик труппасынын артисттери баяндап беришти: Марат Сыдыков, Айбек Темиралиев, Тилек Кийизбаев жана Фарух Садыркулов.

Эл аралык конкурстардын лауреаты, Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Марат Сыдыков балет — бул «бардык бөлүгүн өзүң толуктай турган искусствонун түрү» деп эсептейт. Бишкектеги хореографиялык окуу жайын аяктаган соң, бир канча жыл Улуу Британиядагы Англис улуттук балет мектебинде окуган, андан соң Кыргызстанга кайтып келген.

b02

«Балетке мени апам алып келген»

Менин үй-бүлөм балеттик үй-бүлө болгондуктан, башка тандоо да жок болчу. Менин ата-энем — Кыргыз Республикасынын эл аристи Кубанычбек Сыдыков жана эмгек сиңирген артисткасы Роза Таирова. Азыр болсо атам театрда башкы балетмейстер, агам да театрда арист болуп эмгектенет.

Башка спорт түрлөрү сыяктуу эле, балет да күн сайын машыгып турууну талап кылат. Балетте дайыма өзүңдүн үстүңдөн иштеп турушуң зарыл. Эрте менен класска келип, кыймылдарды үйрөнөбүз. Сабактарды өмүр бою кайталап турууга туура келет.

Спектакль бүткөндөн кийин бейтааныш адамдар келип, балетте иштеп жатканыбызга ыраазычылыктарын айтышканда абдан жагымдуу болот. Айлык маянанын аздыгына карабай, өлкөнү таштап кеткен жокпуз.

Мен өз жумушумду сүйөм. Өзүмдү балетке арнадым жана карьераны таштай албайм.


Тилек Кийизбаев — балет мектебин 2016-жылы бүткөн. Ал балетте эмитен жеке партияларды аткара баштаган.

b03

«Театрда дайыма адам аз»

Мурункуга караганда, азыр театрга адамдар аздыр-көптүр келип калышты. Спектакль көргөнү 20 адам келген учурлар болгон — алардын жарымы жакындарыбыз болчу.  

Коом тарбияланбай калды деп айтууга болбойт, бирок ал театрды аз түшүнүп калды. Мурда болсо, адамдар балетке майрамга бара тургандай даярданышчу, абдан жасанып келээр эле.

Секирүүлөр жана ар бир кыймыл көрүүчүлөр тарабынан таң калуу менен кабыл алынып, сахнада эмне болуп жатканын да түшүнүшчү. Азыр болсо, кол чабуулар жана ышкырыктар сахнадагы кыздарга гана арналып калган. Балеринаны көтөрүп койсоң — дароо ышкырыктар жаңыра баштайт.

Кубандырганы — жаш балдар өздөрү балетке умтулушат. Балет биздин элге чоочун өнөр эмес. Класска 20 адам чогулат, бирок алардын баары эле бүтүрө албайт. Себеби, балет оор түйшүк. Көпчүлүк таштап коюшат — оору жана травмадан улам уланта алышпайт. Жыйынтыгында, 10дой окуучу бүтүрүп чыгат. Бирок, быйыл эң чоң топ жыйналды — 27 адам.

Бүтүрүүчүлөрдүн саны аздыгына карабай, театрда дайыма аз адам [иштейт]. Көпчүлүк кетип калышат. Артисттердин маянасы аз.


Айбек Темиралиев бир канча убакыт Францияда France Concert труппасынын катарында бийлеген. Балетте беш жылдан бери бийлейт, ал атайын мектепти бүтпөсө да, сахнаны багынтууга аракети күч.

b01

«Бир класс жана төрт шыргый»

Дүйнөлүк балет менен биздин балетти салыштырууга болбойт. Жадагалса, Казакстанда да таптакыр башка шарт түзүлгөн. Ал жакта машыктыруучулар, бассейн жана массаж жасай тургандар бар. А бизде болсо, бир класс анан төрт шыргый бар.

Биз жөнүндөгү калориясыз тамак жеп, кофе ичпейт деген кептер жалган. Биздин токтоосуз кыймылыбыз менен диетага отуруу кооптуу — бир репертиция же спектаклдагы таштаган салмагыбыз фитнес инструкторунун түшүнө да кирбесе керек.

Башка спортчулардай эле, керектүү форма бойго жараша аныкталат. Эркектер үчүн бой узундугунан 112 саны алынат — калганы керектүү салмак. Кыздарда болсо боюнун узундугунун сан өлчөмүнөн 120 алынып салынат. Тагыраак айтканда, боюң 178 сантиметр болсо, анда салмагың 66 килограмм болушу зарыл. Балериналардын бою 168 болсо, салмагы 48 килограмм болушу кажет. Бирок, бул анорексияга кирбейт.

Бийчилер кордебалетте 20 жыл же жеке бийлөөдө 15 жылдан соң пенсияга чыгышат. Ал эми профессионалдык карьера 18 жаштан башталганына карабастан, 38 жаш балет артисти үчүн — пенсиялык курак.

Балалыкта мага балетти сунушташканда, баш тарткам. «Мен колготкиде бийлегидей, гей эмесмин» деп айтканым эсимде. Кийин баары бир балетке тартып кетти. Чындыгында, биз жөнөкөй эле балдарбыз, кээде спорттук кийимде жүрүп, чылым чегебиз жана кыздарга тийишебиз. Биздин театрда бир да гей жок, чыныгы эркекпиз.


Фарух Садыркулов — эл аралык сынактардын лауреаты, Ваганова атындагы орус Балет Академиясынын бүтүрүүчүсү. Сентябрь айынын аягында, ар үч жылда өтүп туруучу балет артисттеринин эл аралык сынагында 3-орунду алган.

b04

«Буттар алдан тайганча бийлөө»

Балет артисттерине аз төлөшөт, орточо беш миң, эмгек сиңиргендерге кошумча 10 миң беришет. Маяна ээлеген кызматка, бийчинин категориясына, жумуш тажрыйбага, ролго, гастролго чыкканына карап берилет. Беш миң сомду окуу жайдын бүтүрүүчүсү деле, жөнөкөй солист деле алат.

Эгер сынакка бара турган болуп калсак, тууган-тааныштардан акча издегенге туура келет. Демөөрчүлөрдү издөө акылсыздык — эч ким искусствонун өнүгүшүнө кызыкпайт. Сахнадагы аткарган ролдорубузду тартып алган жөнөкөй сүрөт жана видеолорду башка театрларга интернет аркылуу жөнөтүп, өзүбүздү өзүбүз жарнамалайбыз. Көпчүлүк ошентип кетишет.

Жумуш кооптуу. Түз эмес полдо же тайгалак паркетте бийлеп жатып, олуттуу жаракат алып калышың мүмкүн. Артисттерге керектүү шартты түзүп берүү — сахнага атайын линолеум сатып алууга — театрдын күчү жетпейт, себеби абдан кымбат турат.

Биз буттар чарчаганча бийлей беребиз. Бир кылт этүүдөн жаракат алып, эртең да бийлей албай калышыбыз мүмкүн. Туруктуу чыңалуу да организмге терс таасирин бериши ыктымал. Бирок, көп кайгыра берген да болбойт. Мисалы, Барышниковду карап сабак алса болот. Жашы 65ке барса да, секирип жүрөт.

«Балерон» же «балерун» сөзү жөнүндө

Айбек Темиралиев: «Эң жаман сөз. Бир жолу "АКИпресс" басылмасы агайбыз Марат Сыдыков жөнүндө: "Сеулда биздин балерун 2-орунду алды" деп жазышкан, минтип жазбай койсо болмок».

Фарух Садыркулов: «Ушул сөздү айткан кишини уруп салгым келет. Бийчинин бир соккусу канчалык экени баарына белгилүү».

Тилек Кийизбаев: «Этикеттин эрежеси боюнча балерон же балерун деген сөздөрдү колдонуу туура эмес. Туура варианты — бийчи. Мага да жакпайт. "Балеттин артисти" деп айткан эң туура болот».

Марат Сыдыков: «Бул ар бир адамдын билимине жараша, эгер "балерон" деп сүйлөп жатса, демек ал искусство менен тааныш эмес экендигин түшүнсө болот».

Видео: Тилек Бейшеналы уулу, Александра Ли, Азат Рузиев
Ассистент: Арсений Мамашев