Renault Бишкекте расмий өкүлчүлүгүн ачты

Renault компаниясынын автоунаалары аталган компаниянын Кыргызстандагы расмий дилердик өкүлчүлүгү тарабынан сатылат. Кыргыз сатып алуучуларына компания автоунааларынын төрт модели сунушталат: Duster, Logan, Sandero жана жаңы кроссовер Kaptur.

Материал жарнамалык негизде жарыяланды

Renault компаниясы 7-октябрь күнү «Азия Моторс» авто-борборунда расмий дилердик пунктун ачты.  

Renault компаниясынын КМШ өлкөлөрү боюнча сатуу бөлүмүнүн директору Сергей Кузьминдин айтуусуна караганда, автоунаалардын баалары Орусия рыногундагы баалардан дээрлик айырмаланбайт.

«Мындай бааларды коюуга рыноктук шарттар мажбур кылууда. Renault компаниясынын автоунаалары [Кыргызстанда] Орусия жана Казакстандагы баалар менен тең болушу зарыл», — деди Кузьмин.  

Renault компаниясынын дилердик борборунун ачылуу аземинде автоунаалардын төрт модели сунушталды. Алардын арасында жаңы кроссоверлер линиясы — Kaptur модели да бар. Автоунаалардын бул модели Орусияда жай мезгилинин аягында эле сатыкка чыгарылган.

«Kaptur – кроссоверлери сырткы көрүнүшүнө байланыштуу көбүнчө шаар ичинде пайдаланылат. Бирок, анын платформасы менен техникалык мүнөздөмөлөрү шаар сыртына чыгууга толук мүмкүнчүлүк түзөт. Андан сырткары, чарба үйгө барганда жана спорттун активдүү түрлөрү менен машыкканда да пайдаланууга болот», – деди Renault өкүлү.  

Келген коноктор бардык моделдерди айдап көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Кузьминдин айтуусуна караганда, башка күндөрү да келип айдап көрүүгө болот. Бул үчүн айдоочулук күбөлүк жана «Азия Моторс» авто-борборунан каттоо кагазы болушу абзел.  

«Азия Моторстун» директорлор кеңешинин башчысы Юрий Лимдин айтуусунда, компания Renault менен кызматташуу аркылуу Ыкчам такси лизинги системасын ишке киргизүүнү пландап жатат.

«Автоуналаар атайын сары түс менен боёлуп, мониторинг системасы менен жабдылган. Диспетчердик системи бар, ошондуктан, кардарлар менен иштөө эрежелери толук иштелип чыккан», — деди Лим.  

Renault компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстан элинин автоунааларга болгон өзгөчө мамилесинен улам, бул жерде дилердик байланышты өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк көп. «Азия Моторстун» изилдөөлөрүнө караганда, КМШ мамлекеттеринин ичинде Кыргызстанда автоунаасы бар адамдардын саны арбын. Мисалы, Казакстанда 1000 адамга 340 автоунаа ээлери туура келсе, Кыргызстанда — 468.

Видео: Азат Рузиев, Тилек Бейшеналы уулу