«Азия MIX» жарым финалдык оюндун жеңүүчүсү аталып, КВНдин жогорку лигасынын финалына жолдомо алды. Бул кыргызстандык команданын биринчи финалдык оюну болот. Финалда команда «Спарта», Мурманскийдин курама командасы «Радио свобода» жана цирктин курамалары менен беттешет.

557x360_201610060132479e2f599235

«Азия MIX» командасынын капчыгында КВНдеги башкы титулдардын жана байгелердин бири «Кивин в золотом» бар. Былтыр команда финалга жетпей калган, ал эми быйылкы жылы оюндун башкы фаворити деп табылган.

КВН сайтынын эксперти Светлана Мудриктин пикири боюнча, «Голосящий кивинден» кийин «Азия MIXтин» жеңип кетээрине көпчүлүктүн көзү жетип турган.

557x360_2016100601325139db810b28

Бул жолу Екатерина IIге арналган театрлашкан, көркөмдүү оюн көрсөтүлдү. Сергей Душимов император айымдын образында элдин алдына чыкса, Эрмек Кененсаров анын биринчи кыргыз фаворитин ойноду.

557x360_201610060132490ffce6f63a

Ситора сулуу КВНдин сайтында деле ушул атка конду окшойт. Ал жөнүндө сөз башталганда эле «Сулуу Ситора» деп айтылчу болду. Бахтияр Дастанбектин аткаруусундагы шаман болсо бир кызык жана «дарылоочу касиети бар» делет.

557x360_2016100601361989d6665469

«Өткөн чак» менен да жагымдуу жолугушуулар болду. Жарым финалда «Азия MIX» менен бирге «Доброжелательный Роман» командасы да ойноду, анын капитаны «Азиянын» мурунку катышуучусу Дмитрий Хасис.

557x360_201610060132501de519551a

Оюн учурунда Элдияр Кененсаровдун командасы адаттагыдай өздөрүнүн принциптеринен тайган жок, бул — диндин, улуулардын, отуруштардын жана маданияттын кадырына шек келтирбөө. Элдияр буга менталитеттин өзгөчөлүгү деп түшүндүрмө берет.

557x360_201610060132491131883e2b

Орусия спортуна да көңүл бөлүндү. Ростислав Ященко классикага айланып калган полицейскийдин ролунан тышкары Виктор Гусевди да ойноду. «Виктор Гусев оюнга комментарий кылган учурда, орусиянын командасы ар дайым утулуп калат» деген көрүнүшкө басым жасалды. Команда мыкты оюн көрсөтүп, натыйжасында орусиялык командалар азыраак упай топтоп кыргызстандык «Азия MIX» жеңүүчү аталды.

Сүрөт: КВНдин сайты