Кыргызстандагы АКШ элчилиги октябрь айында мүмкүн болуучу терактылар тууралуу алдын ала эскертти

Американын элчилиги ушул айда мүмкүн боло турган терактылар тууралуу маалыматты жарыялады. Билдирүүдө аталган коркунуч Кыргызстандын бийлигине жана чет элдик элчилерге кедергесин тийгизиши мүмкүн деп айтылган.

«АКШ элчилиги, жергиликтүү бийликке жана чет элдик дипломаттарга каршы багытталган колго түшүрүү же барымтага алууну камтыган террористик актылар, октябрь айында болушу мүмкүндүгү тууралуу маалымат алган», —  деп 8-октябрда жарыяланган америка элчилигинин билдирмесинде айтылган.

Элчилик Кыргызстандагы АКШнын жарандарын коопсуздук чараларын көрүп, сак болууга чакырды. Өзгөчө, адамдар көп чогулчу жерлерде жана коомдук транспортто бара жаткан маалда. Ошондой эле, кайрылуу Кыргызстанда жүргөн туристтеге да даректелген.

«Ар дайым жергиликтүү бийликтин көрсөтмөсүн сактагыла, өзгөчө кырдаал учурунда дагы. Жергиликтүү ЖМКлардын иш чаралар жана окуялар тууралуу билдирмелерине көз салып, мүмкүн болуучу коркунуч тууралуу кабардар болгула», — деп элчиликтин билдирмесинде жазылган.

Америкалык дипломатиялык өкүлчүлүк дагы өзүнүн жарандарын эл чогулган жерден оолак жүрүп, демонстрациялар же каршылык акциялары жүрүп жаткан жерлерде сак болууга үндөдү.

«Тынч демонстрация өңдөнүп жатса дагы, ал зордук-зомбулукка айланып кетүүсү мүмкүн», — деп АКШ элчилиги жазды.

Америа элчилигинин билдирүүсү Кыргызстандын жашоочуларына жана бийлигине багытталган видео кайрылуудан улам жарыяланган. Видеокайрылууда аскер формасын кийген үч эркек «Бата түшкөн Шам жеринен» (Шам — Сирия, Ливан, Палестина, Иордания жана Израилди бириктирип турган аймак) кайрылып жатышкандарын билдиришкен.

Видеокайрылууда эркек кишилер Кыргызстандын учурдагы бийлигин, Алмазбек Атамбаевдин өзүн жана анын айланасындагыларды кошо сынга алып, коррупцияга тиешелүү деп күнөө коюшкан. «Азаттык» радиосу 7-октябрда, Кыргызстандын Коопсуздук боюнча улуттук комитети видеокайрылууну текшере баштаганын маалымдаган.

Эске салсак, 20-сентябрда УКМКнын сапёрлору, Бишкектин түндүк-батыш тарабындагы Ганди жана Биринчи май көчөлөрүнүн кесилишинде катылган жасалма жардыруучу каражаттарды таап зыянсыздандырган. Ичинде жардыруучу каражаттары бар шектүү кара баштыктар тууралуу УКМКга жергиликтүү тургундар маалымдашкан. Атайын кызматтын ыкчам чара көргөндүгүнөн улам жабыркагандар болгон эмес.

Андан мурун, 30-августта Бишкекте теракт болгон. Терактынын максаты кытай элчилиги эле. Белгисиз бирөө автоунаа менен Кытай элчилигинин дарабазасын сүзүп өтүп, элчиликтин аймагында өзүн жардырган. Натыйжасында, Кыргызстандын үч жараны жарадар болуп, жанкечти каза болгон.  

Кытайдын Тышкы иштер министри аталган окуяны «экстремизим жана зомбулук актысы» деп айтканын американын CNN каналы ведомствонун өкүлүнө шилтеме кылып маалымдаган.

Коопсуздук боюнча мамкомитет теракт фактысы боюнча иш козгогон.