ЖМК: Мамлекеттик буйрутмадан бир миллиард сом уткан компаниянын «Лексусун» министр минип жүрөт

Транспорт министри Замирбек Айдаров ири жол подрядчиги «Чайна Роуд энд Бридж Корпорэйшн» кытайлык компаниясынын автоунаасын  колдонот. Бул тууралуу 24.kg басылмасы жазып чыкты.

Транспорт министрлигинин коомдук кеңешинин мүчөсү Айнура Абдраева, 6-октябрда министр Замирбек Айдаровдун «Лексус 570» унаасын сүрөткө тартып алган — 24.kg басылмасынын маалыматына ылайык бул унаа кытайлык «Чайна Роуд энд Бридж Корпорэйшн» компаниясына таандык.

«Чайна Роуд энд Бридж Корпорэйшн» — Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун жана «Түндүк-Түштүк» стратегиялык тарссасынын башкы подрядчиги. «Открытый бюджет» порталындагы маалыматка ылайык, компания 2011-жылдан бери мамлекеттик келишимдердин негизинде бюджеттен 1,1 миллиард сомдон ашык каражат алган.

Абдраеванын 24.kgге курган маегинде айткандарына караганда, ал автомобилди сүрөткө тартып алгандан кийин министрдин айдоочусу анын телефонун тартып алуу аракетин көргөн.

«Министрдин айдоочусу кайдан-жайдан пайда боло калып, менин телефонумду тартып алганга аракет кылды. Ал мени бурчка такап, коркутуп кирген. Мен араңдан бошонуп чыгып, чыга беришке жөнөдүм. Анда айдоочу күзөтчүнүн жанына чуркап барып, экөөлөп менин жолумду торошту. Сумкамды жулуп алып, телефонумду издеп киришкен. Алар менин адамдык жана аялдык намысыма шек келтиришип, кемсинтишти», — деди ал.

Кызыкчылыктардын кагылышы болушу мүмкүнбү?

«Прецедент» юридикалык компаниясынын жетекчиси Фатима Якупбаеванын Kloop.kgге курган маегинде билдиргендей, министрдин жеке менчик компаниянын автоунаасын айдап жүргөндүгү канчалык деңгээлде мыйзамдуу экени ортодо келишимдин бар-жогуна көз каранды.

«Эгер аталган компания [министр] менен келишимди физикалык тарапка бергендей түзүп, транспортту жеке колдонууга ижарага берген болсо, анда маселе жок. Бул мыйзам чегинде. Эгер автоунаа иш үчүн колдонулуп жатса, анда министрлик компания менен транспорт каражатын ижарага берүү тууралуу келишимин түзүшү керек», — деди ал.

Бирок Якупбаева кырдаалдын өзү «күмөндүү» болуп жатканын кошумчалады. Себеби, министр мекеме үчүн жол салуу түрүндө кызмат көрсөтүп жаткан компаниянын унаасын айдап жүрөт.

«Кандай болсо дагы муну жалпыга маалымдап укук коргоочу органдарга билдирүү керек», — деп юрист корутунду чыгарды.

Өкмөткө караштуу Коррупцияга каршы саясат бөлүмүнүн мурунку жетекчиси Тилек Саякбаевдин Kloop.kgге билдиргенине ылайык, подрядчиктин автоунаасын министрдин колдонуп жатканы — бул кызыкчылыктардын кагылышы. Бирок, анын пикири боюнча, коррупция жөнүндө сөз кылуу эрте, анткени документтерди изилдеп чыгуу зарыл.

«Бул жерден эки учурду эске алуу керек. Биринчиси — мурунку министр дагы бул автоунааны колдонгонбу. Экинчиси — кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы бар болушу керек. Эгер компания өз мүлкүн министрликке өткөрүп берген болсо, аны тастыктоочу документтин болуусу кажет», — деди Саякбаев.

Төрөбаев: Министрди убактылуу кызматынан четтетүү керек

«Өнүгүү — Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев, бул факт иликтенгенче министрди кызматынан четтетүү зарыл деп билдирди.      

«Менин пикирим боюнча, бул кырдаалга юридикалык баа берип, бардык күмөн саноолорду жокко чыгаруу үчүн премьер-министр Сооронбай Жээнбеков аталган маселе боюнча дыкат текшерүү жүргүзүп, иликтөө учурунда транспорт жана жол министрин кызматынан убактылуу четтетүүсү зарыл», — деди ал.

24.kg маалыматына караганда, Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат Айдаровдун ири подрядчиктин унаасын айдап жүргөнүндө, эч кандай кылмыш жана мыйзам бузууну тапкан эмес.

Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы Kloop.kgге бул маселе тууралуу кечирээк комментарий берээрин убада кылды.