Министр кытай подрядчигинин «Лексусун» «кызматтык командировкалар» үчүн айдап жүргөн

Коомчулукка белгилүү болуп калгандан кийин транспорт министри Замирбек Айдаров «Чайна Роад энд Бридж Корпорэйшн» кытай подрядчигинин унаасын пайдалануудан баш тартты.

Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы 10-октябрда кечинде кабарлагандай, «Чайна Роадга» катталган «Лексус LX570» унаасын Айдаров «кызматтык командировакаларга баруу» үчүн пайдаланып жүргөн.

Мекеменин маалыматы боюнча, министрге «өндүрүүчүлүк максаттар үчүн гана» автоунаа керек болгон. «Лексус LX570» — үчүнчү муундагы, болжолдуу 2012-жылы чыгарылган жолтандабас.

«[Автоунаа] республиканын ичинде бир жерге баруу үчүн командировкалар учурунда пайдаланылган. Көбүнчөсү чукул кырдаалдарда — кар көчкүсү жүргөндө, таш кулаганда, көчкү жүргөндө колдонулган. Мекемеге ушундай унаа керектелген эле», — деп кабарлады басма сөз кызматы.

Мекемеден кошумчалагандай, «Чайна Роад» компаниясы менен автоунааны пайдалануу келишими 2015-жылдын июль айында түзүлгөн. Аталган компания Бишкек-Нарын-Торугарт жана стратегиялык «Түндүк-Түштүк» жолунун башкы подрядчиги болуп саналат. Соңку беш жылда компания мамлекеттик бюджеттен 1,1 миллиард сом акча алган.

Транспорт министрлиги кабарлагандай, автоунаа «убактылуу пайдалануу келишимине ылайык» ээсине кайтарылып берилген. Мекеменин маалыматына ылайык, транспортко кеткен чыгаша мекеменин бюджетинин эсебинен каржыланган.

Транспорт министрлигинин коомдук кеңешинин мүчөсү Айнура Абдраева 6-октябрда министрдин «Лексус LX570» унаасын сүрөткө тартып алган. Абдраеванын айтымында, ал унааны тартып алгандан кийин министрдин айдоочусу анын телефонун тартып алууга аракет кылган.

24.kgнин маалыматына ылайык, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы жол куруу боюнча ири подрядчиктин унаасын Айдаровдун айдап жүргөнүнөн мыйзам бузууну да, кылмышты да тапкан эмес.

Kloop.kg тарабынан сурамжылоо жүргүзүлгөн серепчилердин айтымында, юридикалык жактан алып караганда министр тарабынан мыйзам бузуу болгон эмес, бирок кызыкчылыктардын кагылышы бар. А мындай абалдын өзү болсо «шек жаратып», балким иликтөө жүргүзүүгө түрткү болуп калышы мүмкүн.