Кыргызстандын футбол курамасы Түркмөнстан менен болгон жолдоштук беттеште минималдык эсеп менен жеңишти алып кетти.

Эки кураманын беттештик тарыхында бирини жолу кыргызстандыктар Түркмөнстандан жеңишти ала алышты. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн жолдоштук беттеш талаа ээлеринин пайдасына 1:0 эсебинде жыйынтыкталды.

Матчтагы жалгыз гоолду 77-мүнөттө кыргызстандыктардын коргоочусу Тамирлан Козубаев киргизди.

Оюн алгачкы мүнөттөрдө талаа ээлеринин үстөмдүк кылуулар менен башталып, эсепти ачуу мүмкүнчүлүгү голду киргизгенге чейин эле пайда болгон.

Кыргыз курамасынын чабуулчусу Виталий Люксту 33-мүнөттө каршылаштар тарабынан буттан чалып кулатуусунан улам калыс пенальти дайындады.

11-метрликти тебүү үчүн Эдгар Бернхардт чыгып, бирок топту дарбазага киргизе албай калды. Дарбазачы Мамед Оразмухамедов топко жетип барып, кооз секирик менен соккуну кайтарган.

Бирок кыргызстандыктар биринин артынан кийинки чабуулду жасап, үстөмдүктү бербей келишти.

Беттештин 77-мүнөтүндө, Фархат Мусабековдун бурчтан топту көтөрүп берүүсүнөн кийи Козубаев баарынан бийик секирип, башы менен топту атаандаштардын дарбазасына багыттады. Өз курамасын бир канча жолу сактап калган түркмөн дарбазачысы бул соккуга туруштук бере албай калды.

Аягында оюн болуп көрбөгөндөй көрүүчүнү каныктырды. Талаа ээлери 84-мүнөттө жеңишти колдон чыгарып жибере жаздады. Түркмөнстандын курамасынын чабуулчусу кыргыз дарбазачысы Валерий Кашуба менен жекеме-жеке калып, бирок дарбазачыга түз тээп, гол киргизе албай калды.

Борбордук Азиялык эки өлкөнүн курамалары өз тарыхында эки жолу беттешкен. Түркмөнстандын курамасы эгемендүүлүк алгандан кийин расмий оюнда 1994-жылы кыргызстандыктарга атаандаш чыккан.

Анда түркмөндөр 5:1 эсебинде утуп алышкан. Экинчи жолу курамалар Шри-Ланкада жолдоштук беттеште 2010-жылы ойногон. Анда Кыргызстандын курамасы дагы утулуп калган. Бирок мурдагыдай чоң айырма менен эмес, 0:1 эсебинде жеңилген.

Бишкектеги оюн расмий макамга ээ болгондуктан анын жыйынтыктары ФИФАнын рейтингиндеги курамалардын жайгашкан орундарына таасир этет.

Учурда Кыргызстан аталган рейтингде 108-орунда болсо, Түркмөнстан — 116да.

Сүрөт: «АКИпресс»