Жергиликтүү кеңешти шайлоо: БШК шайлоо өнөктүгү башталганын жарыялады

Борбордук шайлоо комитети жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдык боюнча календардык планды бекиткенин кабарлады. Шайлоо 11-декабрда өтөт.

Жергиликтүү 405 кеңешке шайлоо 11-декабрда өтмөкчү, алардын ичинен 21и шаардык болсо, калган 384ү айылдык кеңештер.

БШКнын басма сөз борборунун кызматкери Айболот Айдосовдун айтымында, президент Алмазбек Атамбаев жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүү боюнча указга кол койгондон кийин шайлоо өнөктүгү башталган.

«Иштер башталды, учурда шайлоого даярдыктар боюнча маселелерди кеңешмеде сүйлөшүп жатабыз. Бирок башкы жобо бар — бул талапкерлерди каттоонун башталышы, шайлоо участкаларын даярдоо жана ноябрдын аягына чейин шайлоо комиссиясына өткөрүлүп бериле турган бюллетендердин даярдалышы», — деди ал.

Басма сөз борборунан кабарлашкандай, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жумушту октябрдын аягына чейин бүтүшү керек болгон шайлоочулардын тизмесин жана шайлоо аймактарын түзүүдөн баштоону чечишкен. Талапкерлерди каттоо шайлоо күнүн белгиленген күнү расмий башталып, октябрдын аягына чейин созулат.

Президент Алмазбек Атамбаев кабарлагандай, декабрда Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум да өткөрүү пландалып жатат. Бул туурасында ал 11-октябрда мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанатында билдирди.

«Кудай буюрса, жергиликтүү шайлоолор менен референдум ачык жана таза өтөт жана декабрда болот», — деди ал.

Атамбаев БШКнын кызматкерлерине мурдагы шайлоолор ийгиликтүү өткөнү үчүн ыраазычылык билдирди. Президент БШКга ушул эле жол менен жергиликтүү кеңешке шайлоону, референдумду жана 2017-жылкы жаңы президентти шайлоо өткөрүү боючна жаңы тапшырмасын берди.

КСДП фракциясынын депутаттары Иса Өмүркулов менен Улан Примов Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумду жана жергиликтүү кеңешти шайлоону бир күндө өткөрүүнү парламентте сунушташты.

Примовдун айтымында, сунушталган демилге бюждеттен каражатты үнөмдөөгө жардам берет.

«Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум менен жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоону бир өткөрүү сунушталууда.  Өкмөттүн корутундусуна ылайык, эгерде каражат үнөмдөлсө, анда ал сумма 241 миллион сомду түзөт», — деген ал.

Өмүркулов дагы үнөмдөөгө шилтеме жасоо менен бул сунушту колдогон. Андан сырткары «Өнүгүү-Прогресс» фаркциясынын отурумунда Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев эки шайлоону бириктирүү ыктымалы бар экенин билдирген.

«Шайлоолор менен референдумду өткөрүү 11-декабрга пландалып жатат, бирок албетте чечимди депутаттар кабыл алат», — деген Сарпашев.

БШКнын басма сөз борборунун кызматкери Kloop.kgге айткандай, референдум менен шайлоолорду бириктирип коюуга болот.

«Бул техникалык жана физикалык жактан мүмкүн, мекемебиз коюлган тапшырмаларды аткарууга болгон чараларды көрөт», — деди ал.

Тема боюнча: