2010-жылдагы жаңжалда жабыркагандар убада кылынган батирлер берилбей жатканын айтып арызданышты

An Ethnik Uzbek holds his head in his hands as he stands beside the wreckage of his burned out home in Osh on June 14, 2010. Deadly gun battles raged in the Kyrgyzstan city of Osh where bodies littered the streets as ethnic violence escalated and Uzbekistan raced to cope with a massive refugee influx. AFP PHOTO / VICTOR DRACHEV (Photo credit should read VICTOR DRACHEV/AFP/Getty Images)

2010-жылы болгон улут аралык чыр-чатакта жабыркаган жүздөн ашуун киши эмгиче батирин ала албай жүрүшөт, деп билдирди «Кыргыз Журту» фондунун директору Сапаргүл Бердалиева. Оштун жетекчилери батир берүү расмий түрдө 2015-жылы токтотулганын айтышууда.

Бердалиеванын айтымында, «Кыргыз Журту» фондуна 2010-жылдагы улут аралык жаңжалда жабыркаган 315 киши кайрылган, азыр алардын 130у өкмөт убада берген батирлерди ала албай келатышат.

Жабыркаган жарандарга турак-жай берүү жөнүндө өкмөттүн токтому 2015-жылдын июнунда жокко чыгарылган. Бердалиева бул шашылыш чечим болгон деп эсептейт.

«[Турак-жай берилбей калган] 100дөн ашуун жабыркаган киши эмне болот? Президент [Алмазбек] Атамбаев бул кишилердин тагдыры тууралуу билбейт […] [Бийликтегилер] кайрадан комиссия түзүп, жабыркагандардын тизмесин кайрадан карап чыгышсын», — деди Бердалиева.

Маселеге көңүл бурдуруш үчүн укук коргоочу Оштон Бишкекке келип басма сөз жыйынын өткөрүп, анда жабыркагандар чыгып сүйлөштү.

«Мен уулумду карап жүрүп өзүм ооруп калдым. Менде экинчи даражадагы онкологиялык оору бар экен дешти. Меникинен тышкары эмгиче жардам берилбей келаткан дагы көп үй-бүлөлөр бар», — деп арызданды Саодат Чонкоева.

Мэрия: Бердалиева расмий кайрылган эмес

Ош мэриясынын Жеке турак жай куруу департаментинин директору Алтынбек Пирматов Kloop.kgге Бердалиева батир бөлүп берүү тууралуу өтүнүчтөр менен келгенин, бирок эч кандай расмий документ бербегенин айтты.

«Анын [Бердалиеванын] тизмесиндегилердин көбү, дээрлик жарымы Ош шаарында катталган эмес. Оштуктар бар, бирок бизге алардан арыз түшкөн эмес.[…] Эгер ал ошол документтерди жанында алып жүрө берсе ким жардам берет? Аларды тиешелүү органдарга өткөрүп бериш керек да», — деди ал.

Пирматов батирлерди бөлүштүрүү тууралуу чечимди мекеме аралык комиссия кабыл алганын айтты.

«Алынган жарааттардын даражасы аныкталган. Батирлер ок тийгендерге, [ден соолугунан] оор жана анча оор эмес зыян тарткандарга берилген. 700дөй батирди алар [комиссия мүчөлөрү] [жабыркагандарга] бөлүштүрүшкөн, калгандары Коргоо министрлигине, ИИМге, башкача айтканда укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген», — деп түшүндүрдү департаменттин директору.

Ал Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция Оштун ар кайсы райондорунда ар биринде дээрлик 1400 батири бар 24 көп кабаттуу үй курганын айтты. Алардын ичинен 391 батир ипотекалык насыялоо системасы боюнча таратылган.

Кыргызстандын түштүгүндө кыргыздар менен өзбектердин ортосунда болгон 2010-жылдагы улут аралык жаңжал расмий маалыматтар боюнча 442 кишинин өмүрүн алган. БУУнун маалыматтарына ылайык, 2600дөн ашуун үй толук талкаланган.

2010-жылдагы чыр-чатакты изилдөө боюнча Эл аралык көз каранды эмес комиссиянын баяндамасында «Өнөр жай кампаларына, мамлекеттик имараттарга, милиция участкаларына, медицина жана билим берүү мекемелерине да зыян келтирилген, бирок жеке турак үйлөргө караганда алар азыраак зыян тарткан» деп айтылат.

Башкы сүрөт: Виктор Драчев/AFP/Getty Images