Эл аралык оор атлетика федерациясы Иззат Артыковду дисквалификациялады

Эл аралык оор атлетика федерациясынын (IWF) расмий сайтында Рио-де-Жанейродогу Олимпиада оюндарында допинг колдонгондугу үчүн төрт спортчу мелдештерден белгисиз мөөнөткө чейин четтетилгени тууралуу билдирүү пайда болду.

Иззат Артыков допингге каршы эрежелерди бузгандыгы үчүн Эл аралык оор атлетика федерациясы дисквалификациялаган төрт спортчунун арасында болуп чыкты.

Кыргызстандыктын допинг-сынамы тыюу салынган булчуң кызытмасы болгон стрихнинге карата оң натыйжа берген.

Оюндар бүткөнгө саналуу күн калганда 18-августта Артыков мелдештен четтетилип, утуп алган коло медалынан ажыратылган. Анын медалы колумбиялык Луис Хавьера Москереге өткөн.

Артыков жана анын машыктыруучулары ал допинг колдонгон эмес деп айтып келишкен.

Кийичерээк Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитети Спорттук арбитраж сотуна апелляциялык арыз берген, бирок ал четке кагылган.

Ошого карабастан, Артыков олимпиада комитетинин башчысынан беш миллион сомдук батир сатып алууга сертификат алган.

Мындан тышкары, эки жыл бою спортчу ай сайын 45 миң сом өлчөмүндө стипендия алат.

Артыковдон тышкары дисквалификациялангандардын арасында польшалык Томаш Зелински (норандростерон), монголиялык Чагнаадорж Усухбаяр (тестостерон) жана румыниялык Габриэль Синкраян (тестостерон) бар. Бирок Синкраянга карата федерация азырынча биротоло чечим кабыл ала элек.

«Эл аралык оор атлетика федерациясы бул иштер жабылмайынча алар тууралуу эч кандай комментарий бербейт», — деп айтылат билдирүүдө.

Фото: REUTERS/ GOH Chai Hin