Нике жөрөлгөсү боюнча жаңы чектөөлөр кантип ишке ашат? Аида Салянова менен маек

Кыргызстандын парламенти Жарандык абал актыларынын каттоосунда (ЖААК) никеге катталмайынча мусулманча нике кыюу жөрөлгөсүн өткөрүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алды. Мыйзам тууралуу демилге көтөргөн депутат Аида Салянова Kloop.kg менен болгон эксклюзивдүү маегинде ал турмуш жүзүндө кандай иштей турганын айтып берди.

Аида Салянова Kloop.kgнин кечки чыгарылышына конокко келди. Маектин темасы - жашы жете электер менен нике кыюуга тыюу салуу тууралуу анын демилгеси менен иштелип чыккан мыйзам долбоору болду. Мыйзам күчүнө кириши үчүн президент Алмазбек Атамбаевдин колдоосун алыш эле калды. Мурда бул мыйзам долбоору парламент депутаттарында бир нече жолу сын пикир жаратып, кызуу талкууга себеп болуп келген.

Мыйзам кабыл алынса ал кандай иштейт?

Аида Салянованын айтымында, мыйзамды жүзөгө ашыруу Кыргызстан мусулмандар башкармалыгы менен кызматташууну камтыйт, ага ылайык муфтият атайын токтом чыгарат. Анда молдо нике кыярдан мурун эмне кылышы керек экендиги сүрөттөлөт. Диний нике жөрөлгөсүн өткөрүүгө ЖААКтын расмий документи болгондо гана уруксат берилет.

«Ал тургай [нике тууралуу жазыла турган] атайын журнал ачылып, биз болсо ал жазуулар сотто далил катары кызмат кылгыдай иш жүргүзүшүбүз керек болчу [деп талкууланганбыз]. Анткени чечим чыгарууга кандай далилдер негиз катары кабыл алынаарын сот чечет», – деди Салянова.

Анын пикиринде, тыюу алдын-алуучу мүнөзгө ээ болот - башкача айтканда, жашы жете электерге каршы кылмыш тууралуу эскертип турат.

«Биз "кыз зордуктала берсин, ала качууга дуушар боло берсин же дагы никеге турууга мажбур болсун, андан кийин чара көрөлү" деген жокпуз. Бул жерде көбүнчө алдын алуу жөнүндө кеп болуп атат […]. Мен дароо эле [ачылган кылмыштардын] статистикасы көбөйүп, укук коргоо органдары көп кишини жоопко тартканы тууралуу рапорт берип кирет деп деле ойлобойм», – деп эсептейт депутат.

Аида Салянова 2015-жылдын декабрында Үй-бүлөлүк жана Кылмыш кодекстерине киргизиле турган түзөтүүлөрдүн долбоорун сунуш кылган. Мыйзам долбоору дин кызматкерлери үчүн кылмыш жоопкерчилигин караштырат. Документке ылайык, ЖААКта катталбаган жаштарга нике кыйганы үчүн алар үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Майдын аягында парламент бул мыйзам долбоорун четке кагып, бул болсо жарандык активисттерди нааразы кылган - блогер Данияр Айтман депутаттарды «педофилдер» деп атап, укук коргоочулар менен кризистик борборлордун өкүлдөрү болсо 30-майда Өкмөт Үйүнүн алдына митингге чыгышкан болчу.

Парламенттин социалдык маселелер боюнча комитети үчүнчү окууда талкууга кайтарып, ал колдоо тапкан.


Тема боюнча: