Сүрөтчү Жылдыз Бекова киберпанк жана стимпанк стилинде тартат. Анын аң-сезимге сыйбаган картиналарынын арасында «Аришканын окуялары» сүрөттөр топтому даана бөлүнүп турат. Топтом анын кызына арналып, сырдуу дүйнөдөгү саякат тууралуу баяндайт.

Кичинекей кызы сүрөтчү Жылдыз Бекованы жомоктогудай сүрөттөрдү тартууга шыктандырды. Көп учурда баланын бир же бир нече фотографиясы негиз катары алынып, андан кийин ага сыйкырдуу дүйнө кошулат.

Бекова бул сүрөттөрдү тартууга эмне түрткү болгонун Kloop.kg менен бөлүштү.

Кызы тууралуу

Кызымдын төрөлүшү менин чыгармачылыгыма катуу таасир этти деп деле айтпас элем. Мен өзүм стимпанк стилинде тартканды жакшы көрөм жана мындан ары деле тарта берем.

arishka-1
Кичинекей Арина жомоктогудай сюжеттер менен картина жаратууга апасын шыктандырат

Бирок мен кызыма арнаган нерселердин баары боёкторго жана мээримге толгон. Мындай жаркын образдарды тартып жүрүп мен акыры акварелге өттүм. Мурда мен андан чочулап, колдонгондон качып турчумун.

Арина үчүн алгачкы картиналарды мен атайын кара карандаш менен тартып, кийин боёкторду кошуп жүргөм.

arishka-2

Кызым мени эң бир жаркын сезимдерге шыктандырат. Аришка элден башкача, чымкый кызгыл сары болуп төрөлдү. Бара-бара анын түсү анча ачык болбой калды дечи, бирок баарыбир биз сейилдеп жүрсөк азыр деле көп кишилер «анын чачын боёбойсузбу» деп сурап калышат.

Кызыбыз Күндөй жаркын. Аны карап турганда аябай назик, наристе жана баёо нерсени тарткың келет.

Биз башка жакта жашап жүргөндө короодогу балдардын баары аны качан ойногону чыгаар экен деп күтүп турушчу.

«Аришканын окуялары» жөнүндө

Сүрөттөр топтому — бул бир уч-кыйыры жок окуя эмес, өзүнчө «саякат». Мен жазуучу эмес, сүрөткер катары аракет кылам. Көрүүчү көзүнө урунган образдар боюнча бул окуянын таржымалын өзү ойлоп табышы керек. Ал тургай бул сүрөттөмөлөр топтомун өзүнчө китеп кылып чыгарсамбы деген кыялым бар.

arishka-3

Менин негизги милдетим — көрүүчүгө картинанын сюжетин андан ары кыялдануу, сүрөттөмөсүн өзү ойлоп табуу мүмкүнчүлүгүн берүү. Идея мен баланын бир образын жана каармандары өзгөрүп турган башка дүйнөлөрдүн көптөгөн образдарын алганымда.

Анткени балдардын дүйнөсү — дегеле бир акылга сыйбаган нерсе. Өзүмдү эстесем бала кезде биз бир нерсени кыялданып, өз дүйнөбүздө жашап эле жүрө берчү элек.

arishka-4

Бала жөнөкөй нерседен чоңдорго салыштырмалуу алда канча маанилүү нерсе көрөт — мен өз сүрөттөрүмдө ошону бергим келет.

Кээде мен анын бетин жана денесинин абалын бир эмес, бир нече фотографиядан тартканда ал курама образ болуп калат. Бирок көп учурда мен жакшыраак бирөөнү тандап алып, ошону тартам, калгандары менин кыялым.

Албетте, бул курактагы балдардын дене түзүлүшү окшош эле, бирок мен анын өзүн гана тарткым келет, ошондуктан мен Аришканын өзгөчөлүгүн фотографиядан көчүрөм.

Бир образды тартканга адатта эки-үч күн кетет, бирок эртеден кечке эмес, күнүнө 3-4 сааттан.

Алгачкы карандаш жөнүндө

Апамдын айтымында, мен бир жашымда колума карандаш алган экенмин, ошондон бери сүрөт тартып эле келатам. Өмүр бою десем да болот.

arishka-5

Негизи мага аниме стили жана жапон аниматор-режиссёрлорунун таасири жагат. Бирок мен кибер-панк, психоделика, арт-хаус өңдүү стилдерде олуттуу иштерди тартканды жактырам. Кээде аял затына тиешелүү назик, эрке сүрөттөрдү тарткым келет.

Менин ата-энем Анар Түгүлбаева жана Кадыр Беков да сүрөтчүлөр. Алар мага көп нерсени үйрөтүп, дайыма колдоп, чыгармачылыгымды багыттап келатышат. Сүрөт тартуу техникасында ар кандай эксперименттерге киришкеним да ошондон болсо керек.

5-2

Алар мага: «Кызым, эмнесинен коркосуң? Болбой калса кайра баштайсың!» - деп турушат.

Андан тышкары мени Хаяо Миядзаки шыктандырат. Мен өз балдарыма дайыма айтам: «Хаяо Миядзакини карагыла, ал кыялданганга жардам берет. Ал эми кыялданып, эч качан багынбай жашоо — ар бир адам үчүн эң башкысы!»

Сүрөт жана видео: Александра Ли