Чолпон-Ата — Кыргызстандын шаарларынын ичинен Ысык-Көлдүн жээгиндеги эң популярдуу туристтик шаар болуп эсептелет. Жайында шаарга миңдеген адамдар толуп чыгат. Бирок жайкы сезон бүткөн соң шаар эмне менен алек?

cholponata-1

Кыргызстандыктар жана туристтер шаарды көчөлөр жана пляждар миңдеген адамдарга жыкжыйма толуп, кадам сайын оюн-зоок жана эс алуу жайларын кездештирсе боло турган жайында гана көрүп көнүп калышкан. Бирок сентябрь келгенде эс алуучулардын агымы кыйла азайып, демейде ызы-чуусу көп көчөлөр ээндеп, дүкөндөр менен оюн-зоок жайлары акырындап жабыла баштайт.

cholponata-2

Чолпон-Атада 11 жарым миң киши жашайт, ал эми жайында, мэриянын маалыматы боюнча, бул жакка 150 миңге чейин турист келет.

cholponata-3

Күз келгенде кафэнин дээрлик баары жабылат. Жергиликтүү эл «Кафелүү көчө» деп атаган Горький көчөсү буга айкын мисал.

cholponata-4

Жайында шаар кумжээгине алып барган бул көчө ашканаларга, кафелерге жана улуттук тамак-аштын жытына толуп кетет. Бирок күзүндө андай дүр дүйнөнүн изи да калбайт.

cholponata-5

Жалпы тамактануу жайлары, дүкөндөр жана сувенир күркөлөрү жабылат же сатылат - эми бул жерде каалгадагы кара кулпулар жана бош имараттар гана көзгө урунат.

cholponata-6

Бул Чолпон-Атадагы «У Рыбака» аттуу эң көрүнүктүү кафеге да тиешелүү. Сезон күчөп турганда анын кире беришинде кезек күтүп тургандарды көрөсүң.

cholponata-7

Өзүн Мурат деп тааныштырган кафе ээси сезондон тышкаркы убакта ал жумуш орундарын азайтууга мажбур болоорун айтат.

«Кышкыга салыштырмалуу жайында биз беш-алты эсе көп акча табабыз», — дейт ал.  

Жергиликтүү тургундар үчүн дагы бир кирешелүү тармак - өз үйлөрүн жана батирлерин туристтерге эс алыш үчүн ижарага берүү да - сентябрдан июнга чейин токтойт. Туристтик сезондо Чолпон-Атада жана жакынкы айылдарда күнү-түнү, каалаган баада жатканга жай тапса болот.

Жай кеткен соң көпчүлүк үйлөр ээн калат. Көпчүлүк кожоюндар шаардан кетип, кийинки сезонго чейин үйлөрүн калтырып коюшат.

Башка чолпонаталыктар кийинки сезондо көбүрөөк акча табыш үчүн өздөрүнүн конок үйлөрүн оңдоп киришет.

cholponata-8

Ижара берүүчүлөрдүн бири 78 жаштагы Макиш апа өз үйүндөгү бөлмөлөрдү ижарага берип, бир түнөткөнгө жайкысын 200 сом алат, бирок күз келээри менен конок тосчу үйүн жабат.

cholponata-9

«Жайында биз бөлмөлөрдү гана ижарага беребиз, ал эми кышында мал кармайбыз, эт, сүт, картөшкө сатабыз - баары өзүбүздүкү», - дейт ал.

Чолпон-Атадагы үчүнчү орунда турган, балким эң кирешелүү жумуш - бул соода.

Мындагы соода бардык жерде - пляжда да, көчөдө да, базарда да жүрө берет. Сатуучулардын ар биринде соодага түрткү болгон өз себептери жана өзүнүн кызыктуу окуялары бар.

Борбордук көчөдө кетип баратып өзүнүн үйүндөгү өндүрүмдү сатып жаткан пенсионерлерди кезиктирсе болот. Бул кишилер жайдын аптабында да, кыштын кыраан чилдесинде да тротуарды бойлото отурушат.

cholponata-10

«Биз пенсиядабыз, бирок ал жашаганга жетпейт. Иш жок, мен үйдөн өндүргөнүмдү сатып оокат кылам. Жергиликтүү администрацияга кайрылсам андагылар "ал өз ишиң" деп тим болду. Көп эле жолу кайрылдым, бирок бир да жолу жардам ала алган жокмун», - деп арызданды борбордук дүкөндөрдүн жанында жылы бою сүт саткан чолпонаталык пенсионер Светлана деген аял.

Шаардагы айныксыз соода борбору - Чолпон-Атанын кире бериши. Жайында бул жерде кишинин көптүгүнөн өтө албайсың, машине коерго жер жок. Көптөгө туристтер бул жерден улуттук сувенирлерди, кыргыз кийимдерин сатып алышат же жөн эле жергиликтүү жемиштерди жана улуттук суусундуктарды татып көргөнү киришет.

Сентябрдын аягында эле бул жакка кирген киши азайып калат.

Чолпон-Атада 25 жыл жашаган Евгений жайында кооз таштарды сатып, калган убакта өз огородунда жер-жемиштерди өстүрөт.

Анын айтымында, 2016-жылдын сезону жыргаткан жок. Эгерде мурда анын товарларын Казакстан менен Россиянын туристтери дээрлик дүңүнөн сатып кетип жүрүшкөн болсо, быйыл жайында болсо рубль менен тенгенин түшүп кеткенинен улам соода такыр жүрбөй койду.

cholponata-11

«Биз негизинен туристтердин эсебинен жашайбыз. Эл сезондон тышкары дыйканчылык кылат, сезон маалында болсо мейманкана иштетишет. Кышында бизде да базар бар, бирок жылуу кийим эле сатылат», - дейт ал.

Базардан чыгаар менен такси кармаса болот. Жайында менчик айдоочулардын жол киреси 200-300 сомго чыгат, ал эми сезон бүткөндө таксисттер 50-100 сом алып калышат. Такси кызматы болсо сезон маалында деле, андан башка убакта деле бир сапарына 100 сомдон алат.

cholponata-12

Чолпон-Атанын эң көрүнүктүү жери - шаардын кум жээги. Жайында бул жакта бут коерго жер жок, жээктин баарына киши толгон, бирок сентябрда эле бир жан жок калат.

cholponata-13

Албетте, аптекалар менен дүкөндөр жылы бою иштешет. Бирок ал жакта да киреше туристтер келгенде көтөрүлөт.

cholponata-14

«Мен жайы-кышы аптекада иштейм. Бирок албетте, айлыгым жашаганга жетпейт. Анткени менин күйөөм менен балдарым ишсиз жүрүшөт. Күйөөмдүн кирешеси туруксуз - ал куруучу, бирок азыр иш жок. Айрыкча кышында иши жок жатат, негизинен мен эле иштейм», — дейт аптекарь Асел.

Туристтик сезон - жакшы акча табуунун башкы мезгили. Бирок ал деле ар кандай болот.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, 2016-жылы кирише жылдагыдан бир аз кемирээк болду. Айлап нөшөрлөгөн жамгыр жана Чолпон-Ата аркылуу өткөн Балыкчы-Корумду жолунун оңдолушу туристтерди дээрлик жай бою качырып туруп алды.

Экичи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары абалды оңдоп кетет эле, бирок чолпонаталыктардын айтымында алар деле бийлик өкүлдөрү айткандай экономикалык натыйжа бере элек.

cholponata-15

Шаар тургундары мал кармап, дыйканчылык кылып, теплицаларында, огород-бакчаларында жер-жемиш өстүрүшөт. Бул аларга жай мезгили келгиче жан багып турганга жардам берет.

Материал Борбор Азиядагы эл аралык билим берүүчү дебаттар ассоциациясы тарабынан уюштурулган «Жаштар демократиялык келечектин негизи катары» программасынын медиа-лагеринин катышуучулары тарабын даярдалды.

Авторлору: Дастан Аккожа, Диана Арсеньева, Айдам Асанова жана Насрулло Зунунов