Ош: Баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматкери гашиш сатып кармалды

Ош милициясы суммасы миң АКШ доллары болгон гашиш сатууга аракет кылып жаткан жеринен баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерин кармады.

Ошто Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын Түштүк башкармалыгынын кызматкери баңгизатын сатуу учурунда кармалды. Анын жанынан суммасы миң доллар болгон баңгизаты болгон.

Октябрдын башында Ошто атайын кызматтын өкүлдөрү наркотикалык заттарды сатууну ачыкка чыгаруу боюнча ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Оперативдик кызматкерлер «сатып алууну» жүргүзүшүп, 14-октябрда баңгизаты үчүн акча алып жаткан баңгизаттарды тескөө бөлүмүнүн кызматкери кармалды.

«Эки жарандан баңгизатына окшош болгон 3,6 грамм салмактагы зат алынган. Химиялык экспертизанын жыйынтыгы менен ал баңгизаты – кара куурайдын чайыры (гашиш) экендиги аныкталды», — делет ИИМдин билдирүүсүндө.

Было установлено, что наркодилеры предложили «в кратчайшие сроки сбыть» наркотическое вещество «гашиш» афганского происхождения по цене две тысячи за один килограмм.

Наркодилерлер афган «гашишинин» килограммын эки миң доллардан «жакын арада сатууну» сунуш кылгандыгы такталган.

Экспертизанын негизинде оперативдик кызматкерлер 247-статья боюнча кылмыш ишин козгогон. Ага ылайык баңгизатын жасоо жана сатуу үчүн жазалоо каралган.

Кылмыш ишинин фигуранттары, алардын ичинде баңгизатты көзөмөлдөө кызматтын кызматкери, ИИМдин маалыматы боюнча 1 килограмм 400 граммдан ашыгыраак гашишти сатышкан.

«Шектүү адам жолугушууга "ДЭУ-Матис" маркасындагы машина менен келген, рулда 54 жаштагы жаран Г.А. болгон. Тинтүү учурунда аталган машинадан белгиленген 900 АКШ доллары табылган. 100 доллар ортомчуга көрсөткөн кызматы үчүн төлөнгөн экен», — деп жазылат билдирүүдө.

ИИМ укук коргоо органдары кылмыштын башка катышуучуларын тактоо боюнча тергөө-оперативдик иш-чараларын улантарын билдиришти.