Улуттук оюндан чыккан тандалма зоок. Жаңы федерация айкүрдү кантип жандандыргысы келет?

Сентябрда ачылган айкүр федерациясы кыргыз элинин эчак унутулган эрмегин тандалма көңүл ачууга айландырууну максат кылып койду. Оюндун «жаңы» версиясында бильярд столунда чүкө атышуу сунуш кылынат — федерация айтылуу оюндун ордун айкүр менен баскысы келет.

Маданият министринин мурдагы орун басары  Максат Чакиев сентябрда айкүр федерациясын ачты — ал байыркы оюндун жаңыланган версиясын сунуш кылып жатат.

«Өнөр жай жана глобалдашуу доорунда айкүр жоголуп кеткен, эми биздин федерация бул оюнду кайрадан жандандырып, Кыргызстанга аны тандалма зоок катары көрсөтүүнү максат кылууда», — дейт Чакиев.

Федерация башчысы айкүрдү «колунда  бар адамдардын оюну» катары карайт — анын жаңыланган версиясында Чакиев оюн аянты катары бильярд столун колдонууну сунуш кылат. Федерациянын эсебинде, жарым саат ойногуча атаандаштар анын тегерегинде жарым чакырымча басып жүрүшөт.

Чакиевдин айтымында, айкүр бильярдга теңата боло алат - анын пикиринде, спорттун бул түрү акыркы беш жылда анча популярдуу болбой калган.

Айкүрдүн бир нече түрү бар, алардын ар биринин эрежеси ар башка. Негизинен анын мааниси - белгилүү бир убакыт ичинде көбүрөөк чүкөнү чийинден тышкары атып чыгарууда турат.

Федерациянын дымагы чоң. Ал айкүр 2018-жылы өтө турган кийинки Көчмөндөр оюндарында кезектеги мелдештин түрүнө айланат деп эсептейт. Ал эми Чакиевдин он жыл ичинде бул улуттук оюн бүт дүйнөдө популярдуу болот деген үмүтү бар.