Депутат мигранттарга балдарын өздөрү тарбиялоосун милдеттендирүүнү сунуштады

Парламентарий Евгения Строкова эмгек мигранттарына балдарын өздөрү менен чогуу алып кетүүсүн, же Кыргызстанда калып тарбиялоосун милдеттендирүүнү сунуштады. Өз балдарын таштап кеткен мигранттарды депутат кайра үйүнө алып келүүнү сунуштоодо.

КСДП фракциясынын парламенттеги депутаты Евгения Строкова жок дегенде ата-энелердин бири жашы жете элек балдарын тарбиялоосу үчүн Кыргызстанда калышы керек, же өзү менен чогуу чет өлкөгө алып кетиши зарыл деп эсептейт.

Депутаттын пикиринде, мындай чаралар мигрант ата-энелердин балдарды тарбиялоого кыйла жоопкерчиликтүү мамиле кылуусуна жардам берет.

«Биз эмнегедир [мигранттардын балдары маселесинде] алардын ата-энелеринен башкалардын баарын күнөөлөйбүз. Өлкөдө мыкты экономикалык абал эмес экенин түшүнүп турабыз, адамдар чет өлкөгө чыгып иштөөгө мажбур. Бирок балалуу болуп жатканда алган жоопкерчиликтерин алар унутпашы керек», — деп эсептейт эл өкүлү.

Строкованын пикиринде, эмгек миграциясында жүргөн ата-энелердин бирин алып келүүнү миграциялык кызматтын өкүлчүлүгү жасай алат. Бирок анда аталган кызмат күчтөнүшү керек. Эгерде Орусияда кызматтын бир эле өкүлчүлүгү иштесе, анда бул сунушту ишке ашыруу кыйын болот, деп эсептейт ал.

Ушул жылдын февралында акыйкатчы Кубатбек Оторбаев билдиргендей, өлкөдө 56 миң бала жакындарынын карамагында жана мигранттардын балдары «зомбулукка көбүнчө кабылгандар».

ЕАЭБге кирүү менен кыргызстандыктар Орусияда жумушка кирүү үчүн уруксат кагазын алуудан бошотулган. Орусиянын миграциялык кызматы 2016-жылдын январында билдиргендей, Кыргызстандан барган мигранттардын саны эки пайызга өскөн. Орусиядагы жашы жете элек кыргызстандыктардын саны болсо 94 миңди түзөт.

The Economist журналынын маалыматы боюнча, Кыргызстандын ИДПсынын 10 пайызын Орусиядагы эмгек мигранттарынын акча которуулары түзөт. Бирок 2015-жылы Кыргызстанга акча которуулар үчтөн бирге азайган.

Мамлекеттик миграциялык кызматтын маалыматы боюнча, учурда эмгек миграциясында 700 миң кыргызстандык бар. Алардын ичинен Орусияда — 520 миң, Казакстанда — 80 миң, Түштүк Кореяда — 14 миң, Түркияда — 14 миң, башка өлкөлөрдө (Европа, АКШ, Жакынкы Чыгыш, Азия) — 30 миң адам.

Сүрөт: «Азаттык», иллюстративдик