Фарид Ниязов жол эрежесин бузганы үчүн айып пул төлөдү. Чиновниктин пиарыбы же тууралыгыбы?

Президент аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязовго жол эрежесин сактабаганы үчүн айып пул салынып, айып пул төлөп жатканы боюнча сүрөттөр ЖМКда жарыяланды. Сынчылар чиновникти пиар кылууда деп күмөн саноодо, ал эми өлкө башчысынын администрациясы муну четке кагууда.

Патрулдук милиция кызматкерлери Фарид Ниязовго жол эрежесин бузганы үчүн миң сом айып пул салды. Бул туурасында «АКИпресс» маалымат агенттиги «Элдик кабарчы» бөлүмүндө 19-октябрда кабарлады.

Басылманын маалыматы боюнча, Ниязов жол эрежесин 14-октябрда Бишкектеги Байтик Баатыр көчөсүндөгү «Дастан» заводунун жанында  бузган. Ошол эле жерде эреже бузуу боюнча протоколдордун фото сүрөттөрү тартылган.

Эреже бузуу Административдик кодекстин 235-беренесине байланыштуу болгон — жол белгилеринин жана жолдун өтүүчү бөлүгүндөгү белгинин талаптарын аткарбоо, алдыга өтүү жана манёвр жасоо эрежелеринин бузулушу.

Президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Усенов Kloop.kgге өзүнүн начальнигинин жол эрежесин бузганы боюнча маалыматты ырастады.

«Ооба, мен Ниязовдун жол эрежесин бузганын жана мыйзам тартибинде айып пул төлөгөнүн ырастайм. Ар бир чиновник ушундай кылышы керек — эреже буздуңбу, төлө, баары туура», — деди ал.

Пиарбы же тууралыгыбы?

Коомдук желелердин колдонуучулары Ниязовго карата айып пул салуу боюнча дароо ой-пикир билдире башташты — айрымдары кабарды «өзүн пиарлоо» деп атаса, кээ бири чиновникке айып пул салууда эч кандай өзгөчөлүк көргөн эмес.

Сынчылардын арасында оппозициялык активист Адиль Турдукулов бар. Ал Ниязовго салынган айып пулду «зыянсыз пиар» деп атады.

Журналист Рина Приживойттун пикиринде, окурмандар жөнөткөн фотосүрөттөр — «даярдалган оюн».

«”Карагыла, адамдар, мен жөпжөнөкөй баламын! Эреже бузуп, айып пулду чынчыл төлөйм”. А ким тартты эле өзү? Башка милиционерби? Же жеке айдоочусубу?» — деп суроо салат ал.

Саясат таануучу Даниэль Кадырбеков Ниязовдун мындай кадамы «арзан трюк» болду деп жазат.

«Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча демилгечилер жөнүндө жана кантип улутташтырылган мүлк президентте болуп калганы тууралуу эл алдында калп айткан адам катары [...] балким ал өзүн актоо аракетин жасап жатат? Ушунчалыкка баргандан кийин кызыктуураак комедия аткарса болмок», — деп жазат ал.

Президенттин администрациясынан Алмаз Усенов төлөнгөн айып пул жөнүндөгү сүрөттөр менен жаңылык пиар кадам экенин четке какты.

«Эгер бул кандайдыр бир пиар деп ойлоп жатышкан болсо, анда бул жерде эч кандай пиар жок. Жөнөкөй иш: эреже бузду, төлөдү — ушундай болушу керек өзү», — деди ал.

«Фейсбуктун» колдонуучусу Эркин Чечейбаев Ниязовдун кандай ой менен айып пул төлөгөнү маанилүү эмес деп эсептейт. Анын пикиринде, башкысы — ал көрсөтүп жаткан мисал.

«Айдоочулар өздөрүнүн "корочкалары" менен, визиткалары менен, чоң капчыктары менен "маичилерге" туш болгондо жазадан толук чыгып кетем деп ойлогондо, айдоо маданияты пайда болбойт. Мыйзам алдында баарынын бирдейлик принциби жана эрежеден кача албастык — мына ушуну илгерилетүү керек. Муну жок дегенде жолдогу кырдаалдардан башташ керек», — деп жазган ал.

«АКИпресстин» qazzaq ысымдуу окурманы Ниязовдун айып пул төлөөсүн пиар кадам деп эсептебейт.

«Мен болсо бул пиар эмес деп эсептейм. Эмнеге мынтип болбогон нерсе менен пиар кылсын, ансыз да 90 пайыз адамдардын ошентип ойлоосу белгилүү болсо?!» — деп жазган ал.

«АКИпресс» сайтынын дагы бир medianews аттуу окурманы бул пиар болгон болсо да Ниязовду колдоорун жазган.

«Эмнегедир баары, эгер бирөө жогорку мансаптуу болсо, анда ал кыйын болушу керек деп ишенишет. Тааныш жубайлар бар — жолдошу жогорку кызматта иштеген, автоунаасы жөнөкөй эле болчу, жубайы жөө басчу. Дем алыш күндөрү кызматтык унааларын алышчу эмес, айдоочусун да иштөөгө мажбурлоочу эмес. [...]», — деп жазган ал.