Tesla электрокарлары эми өзүн өзү айдай алышат

Илон Маск Tesla электрокарлары (электр автоунаалары) эми толук автобагыттооч менен камсыз болоорун жарыялады. Компаниянын автоунаалары сегиз камеранын жана мыкты компьютердин эсебинен өзүн өзү айдай алышат.

Tesla Motors компаниясынын автоунаалары эмитен эле жарым-жартылай автобагыттооч менен жабдылып, анысы айдоочуга бир сызыкта калууга жана унаалардын ортосундагы аралыкты сактоого жардам берет. Чукул кырдаалда унаалар башкарууну өзүнө алып, бөгөт же башка унаа менен кагылышуудан буйтап кете алышат.

Бирок бүгүндөн тартып Tesla унаалары толук автобагыттоочу менен кошо чыгарыла баштайт. Компаниянын негиздөөчүсү Илон Маск мисал катары айдоочу Лос-Анжелестен өз Teslaсына отурган бойдон Нью-Йоркко чейин рулга бир да кол тийгизбей жетсе болоорун айтты. Ал кийинки жылдын аягына чейин ошондой сапарды көрсөтүүгө убада берди.

Автобагыттооч жабдууну жаңыртуунун шарапаты менен пайда болот. Мурда жарым-жартылай автобагыттоочу бар Tesla унааларында бир камера жана өндүрүмдүүлүгү орточо компьютер орнотулган болчу.

Жаңы автоунааларда сегиз камера орнотулуп, алар 360 градустук айлананы көрө алышат. Маңдайкы камера туманда же жаанда да иштей бере турган атайын сенсор менен жабдылат.

Автобагыттоочу бар Teslaнын камераларынын көрүнүшү

Teslaнын ичиндеги компьютердин өндүрүмдүүлүгү да артты. Анын кубаты түп нускасына салыштырмалуу 40 эсе күчөйт. «Бул автоунаанын ичиндеги мыкты компьютерлер», — деп түшүндүрдү Маск.

Жаңы жабдуунун эсебинен Tesla Model S, Model X жана Model 3 «5-баскычтагы» өз алдынча башкарууну колдонот — бул болсо автоунаа айдоочунун эч кандай аракетин талап кылбайт деген сөз.

Айдоочунун орундугунда баарыбир киши отурушу керек болот. Америкадагы көпчүлүк штаттардын мыйзамдары рулга айдоочунун отурушун талап кылбаган толук автоматташкан унаалар тууралуу мыйзам долбоорлорун азырынча колдой элек.

Жаңы иштем бекер эмес — кызыккан кардарлар толук автобагыттооч үчүн сегиз миң доллар төлөшү керек болот (салыштыруу иретинде, жарым-жартылай автобагыттооч үч миң доллар турчу).

Tesla компаниясын мурда айдоочулардын колуна даяр эмес өндүрүмдү салып берип жатат деп сындап келишкен. Масктын кадамы башка автоконцерндерге салыштырмалуу бир топ эле шашылыш. BMW, Ford, Mercedes, ошондой эле Google толук автобагыттооч иштемин 2020-2025 жылдар аралыгында гана ишке киргизүүгө убада берүүдө.

Быйыл жарым-жартылай багыттоочу бар Teslaнын биринчи кырсыгы катталып, адам өлүмүнө алып келген. 7-майда айдоочу Жошуа Браун узун жүк машине менен кагылышып мүрт кеткен.

Маск ошол окуяны эске салды, бирок кадимки автоунааларга салыштырмалуу Tesla электркарларынын кырсык жана адам өлүмү боюнча көрсөткүчү кыйла төмөн экенин белгиледи.