«Настоящее время»: Эмне үчүн эч ким беш айлык баланын өлүмү үчүн жооп бербейт?

Умарали Назаров аттуу кичинекей тажик баланын өлүмүнө эч ким күнөөлүү эмес. Петербург боюнча тергөө комитети Тажикстандан барган мигранттардын беш айлык уулунун өлүмү боюнча кылмыш ишин токтотту. Баланын өмүрүнүн акыркы сааттарында анын тегерегинде полиция, ФМК (Федералдык миграция кызматы) кызматкерлери жана дарыгерлер жүрүшкөн. Бирок тергөөчүлөр Умаралинин өлүмүнөн «кылмыш окуясын» табышкан жок.

Материалдын түп нускасы «Настоящее время» сайтында жарыяланган, макаланын автору Сергей Баранюк.

Күч органдарынын кызматкерлери баланын өлүмүнүн чыныгы жагдайларын билебиз деп эсептешет. Ал былтыр чарчап калган. Ал кезде аны ата-энеси менен кошо Лермонтов проспектиндеги ээн үйдөн чыгарып, полицияга жеткиришкен. Үй-бүлөнү бөлүшкөн. Түн ичинде баланы дарыгерлер алып кетип, ал Цимбалин атындагы борбордо — расмий версия боюнча — чарчап калган.

«Соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, баланын өлүмүнүн себеби — вирустук жугуштуу оору. Ал ара төрөлүп, дарыгерлер тарабынан байкоого алынбаганы аныкталган», — деди жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүү боюнча башкармалыктын жетекчисинин улук жардамчысы Сергей Капитонов.

Бирок башында башка версия каралган болчу. Расмий бийлик өкүлдөрү шектенүү жараткан. Алар адегенде мигранттарды камакка алып, андан кийин полиция бөлүмүндө кармагандар болчу. Тергөөнүн жүрүшүнө балдар акыйкатчысы көз салган. Ал ошол учурда Павел Астахов эле. Умаралинин чарчап калган жагдайлары бир жылдан ашуун убакыт бою иликтенген.

Тергөөчүлөрдүн тыянагы боюнча, полиция кызматкерлери да, дарыгерлер да, ФМК кызматкерлери да беш айлык Умаралинин өлүмүнө күнөөлүү эмес. Алардын баары өз инструкциясын аткарган имиш. Болгону жагдай ошондой түзүлүп калган дешет. Мындан келди, күнөөнү баланын ата-энесине оодара салышкан болуп атат. Алар былтыр эле өз мекенине депортацияланышкан.

Баланын энеси Зарина Юнусовага Орусияга кирүүгө беш жылга тыюу салынган. Азыр ал ата-энеси менен кошо Кандак кыштагында жашайт. Ал жактагылар бала оорунун айынан чарчап калганына ишенишпейт.

«Бала оорукчан эмес болчу. Эмне деп айтышса деле, сүрөтүн карагылачы!» — дейт Умарали Назаровдун чоң энеси Баригүл Сафарова.

Петербургда деле Умаралинин өлүмүнүн себеби «оору жана анын ырбап кетиши» экенине баары эле ишене беришпейт. Өткөн жумада Марс талаасында баланы эскерген митинг өткөрүлдү. Күнөөкөрлөрдү жазалоо тууралуу талаптар коюлду. Болгондо да аны негизинен жергиликтүү тургундардын активисттери талап кылышты. Түбөлүк оттун жанындагы жолугушууга болгону бир нече гана мигрант келди.

«Менимче алар ар кандай кыйынчылык болот деп коркуп атышат. Былтыр деле Тажикстандын консулдугу эрдик көрсөтүп жиберген эмес, эч кандай ачууга алдырбаганга аракет кылган, аны мен өзүм байкагам», — дейт Санкт-Петербургдун Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Борис Вишневский.

Зарина Юнусованын туугандарынын айтымында, ал Тажикстандын өзүндө деле колдоо тапкан жок. Келин катуу чүнчүгөн абалда.

Сүрөт: Новая Газета