Прокурордун өмүрүнө өзүнүн тууганы 60 миң долларлык карыздын айынан кол салуу уюштурган

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев прокурор Эркин Курманалиевдин өмүрүнө кол салуу боюнча шектүү киши «карыздын айынан» кылмышка барганын 21-октябрда билдирди. Башкы прокуратура тууганы прокурорго 60500 доллар карыз болуп калганы тууралуу билдирүү таратты. 

«[Жабырлануучунун] тууганы кармалды жана кылмыштын себеби — карыз», — деп билдирди министр. 

Башкы прокуратура шектүү Төлөгөн Айтмырзаев Курманалиевдин үй-бүлөсүнө 60500 доллар карыз болуп калып, бул прокурордун өмүрүнө кол салууга түрткү болгону тууралуу билдирүү таратты. 

Айтмырзаев өз көрсөтмөлөрүндө Курманалиев аны прокуратурага чакырып, карызды төлөшүн талап кылып, алдамчылык үчүн жоопкерчиликке тартаарын айтып коркутканын айтты. Курманалиевдин ата-энесинин улам-улам коюлган талаптарынан улам шектүү киши өз уйүн аларга каттатып берген.

«Төлөгөн Айтмырзаев, үйдөн өзүнүн үй-бүлөсү куулуп чыгышынан жана Э. Курманалиевдин куугунтугунан коркуп, 2016-жылдын 28-июлунан 29уна караган түнү мурда өзү кураштырган жардыргыч түзүлмөнү анын автоунаасына орноштурган»,— деп айтылат билдирүүдө.

Мекемеде прокурордун өмүрүнө кол салуу анын кызматтык ишмердүүлүгү менен байланышта эмес экенин кошумчалашты. Туугандары анын өмүрүнө кол салуу анын ишине байланыштуу болушу мүмкүн деген версияны айтып келишкен.

Башкы прокуратура Айтмырзаевди мекемеге чакырып, кылмыш жообуна тартуу менен опузалаганы үчүн Курманалиевге карата иликтөө жүргүзүүдө.

Мекеменин маалыматына караганда, Айтмырзаев тергөө менен кызматташып, күнөөсүн мойнуна алган көрсөтмөлөрдү берип жатат — алар башка да объективдүү далилдер менен ырасталууда.

Прокурордун өмүрүнө кол салуу аракети боюнча шектүү киши кармалганын Башкы прокуратура 14 октябрда кабарлаган. Кармалган адамдын үйүндөгү тинтүү учурунда милиция кызматкерлери «кол салууда колдонулганга окшош жардыруучу түзмөк» табышкан.

ИИМ тинтүү учурунда атуучу куралдын, ок-дарынын бир нече түрү, жардыруучу түзмөктөр, ар кандай сандагы патрондор, «Вепрь» карабини, үн өчүргүчү бар тапанча, кош ооз мылтык, детонатор табылганын кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Ысык-Көл областындагы өз таанышынын үйүндө шектүү адам курал-жарак, ок-дары, уруксат берүүчү системанын штамптарын, ИИМдин башкармалыктарынын биринин мөөрүн, ок атуучу курал алып жүрүүгө уруксат кагазынын бош бланктарын катып койгон. Ошондой эле анын тууганынын үйүнөн Калашников автоматы табылган. Кармалган киши кылмышын  моюнга алып көрсөтмө берген.

Прокурордун өмүрүнө кол салуу 29-июлда Орто-Сай айылында болгон. Анын автоунаасынын чатырында колго жасалган жардыруучу түзмөк жарылып кеткен. Жабырлануучу бир колунун шадысынан ажырап, көзүнөн жаракат алган.

Курманалиев кызматтык иликтөө бөлүмүнүн улук прокурору болуп иштеп, прокуратура органдарындагы кызматтык тартиптин бузулушун жана коррупцияны ачыкка чыгарган.