Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова президентке каршы доо арызын Жогорку сотко жиберди

«Бир дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо уюмунун башчысы Төлөйкан Исмаилова Жогорку сотко доо арыз берди. Бул өз ар-намысын жана ишкер кадыр-баркын коргоо боюнча президентке каршы берилген үчүнчү доо арыз.

Төлөйкан Исмаилова президент Алмазбек Атамбаевге каршы доо арызын Жогорку сотко бергенин Kloop.kgге кабарлады. Ал Атамбаевдин эл алдында кечирим сурашын жана укук коргоочуга карата айтылган өз сөзүн төгүнгө чыгарышын талап кылууда.

Исмаилова өз доо арызында президент анын ишмердүүлүгүн Энелер күнүндө кемсинтти деп эсептейт. Андан тышкары, ал Атамбаевден 10 миллион сом өлчөмүндө моралдык чыгым төлөшүн талап кылат.

Укук коргоочунун айтымында, Жогорку сот азырынча соттун өтө турган күнүн дайындай элек.

«Бирок биз дүйшөмбүдө сот болжол менен качан болоорун билебиз деп ойлоп турам. Азыркы мыйзамдар боюнча октябрдын аягы же ноябрдын башы болуш керек. Сот системасы бир тараптуу жана президенттик администрациянын алдында турат, бирок жол-жобо сакталышы керек жана биз коомго ошону көрсөтүп атабыз. […] Жогорку соттон кийин биз БУУнун комитетине кайрылабыз», — деди ал.

Исмаилова жакында Жогорку сотко доо арызы менен «Кылым шамы» укук коргоо уюмунун башчысы Азиза Абдирасулова да кайрылууга ниеттенип жатканын кошумчалады.

Сентябрдын башында Бишкек соту укук коргоочу аялдардын мындай доо арызын кабыл алуудан баш тарткан. Сот процесстери 6 жана 7-сентябрда болгон. Укук коргоочулар Азиза Абдирасулова жана Төлөйкан Исмаилова алардын Атамбаевди алардын «ар-намысын кемсинткени үчүн» айыптаган доо арызын кабыл алуудан 16-июнда баш тарткан Биринчи май райондук сотунун чечимин жокко чыгарууну каалашкан эле.

Энелер күнүнө карата 14-майда өткөн иш-чарада президенттин айтылган сөзүнөн улам укук коргоочулар сотко кайрылышкан.

Атамбаев Крыловдун «Квартет» деген тамсилинен үзүндү келтирип, 12-майда «Элдик парламенттин» форумуна катышкандар кандай жол менен болбосун «өлкөдөгү кырдаалды козгоп, анын туруксуздугун бузгусу келип жатышканын» билдирген.

Форумга «мониторинг үчүн» катышкан укук коргоочулар президенттин бул сөзүн кордоо деп эсептешкен.

Президенттин адвокаты Алмаз Османова ал айтылган сөздүн ичинен укук коргоочу аялдарга «өзүнүн гранттарын ишенимдүү актап жаткан өкмөттөн тышкаркы уюмдардын өкүлдөрү Төлөйкан Исмаилова жана Азиза Абдирасулова» деген сөздөр гана тиешелүү дейт.

Османованын сөзү боюнча, бул Атамбаевдин оюнун эркин айтылышы жана жөн гана алар [укук коргоочулар] өкмөттөн тышкаркы уюмдарда иштеп, өздөрүнө берилген гранттарды ишенимдүү актап жатышканын билдирген фактылардын констатациясы.


Тема боюнча: