AT&T 85 миллиард долларга HBO жана Warner Bros. компанияларын сатып алат

AT&T курамына HBO, CNN жана Warner Bros. кирген Time Warner медиаконгломератын сатып алаарын жарыялады. Бүтүмдүн суммасы 85 миллиард АКШ долларынан ашат.

AT&T «Тактылар оюнун» жана DC Comics ааламын сатып алат

Америкалык AT&T телекоммуникация корпорациясы 85 миллиард долларга Time Warner конгломератын сатып алат. Бул тууралуу AT&Tнын өкүлдөрү билдиришти.

AT&T бул келишимдин натыйжасында HBO, CNN, CW каналдарын, Warner Bros. жана New Line Cinema киностудияларын көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк алат. HBO кабелдик каналы спорт окуяларын, атап айтканда, боксту чагылдырганы жана «Чоң шаардагы төшөк кумары» жана «Тактылар оюну» сыяктуу сериалдарды чыгарганы менен белгилүү.

Warner Bros. студиясы Бэтмен менен Супермен кирген DC Comics ааламына болгон укукка ээлик кылат.

АКШ бийлиги мындай бүтүмдөргө каршы

Time Warner медиаконгломераты эки жыл мурда NBC каналдар түйүнүнө жана Universal киностудиясына ээлик кылган Comcast компаниясы менен түзүлгөн бүтүмдү ырастады.

АКШын Юстиция департаменти бул келишимди иликтеп, монополияга каршы доо арызын даярдады. Натыйжада Comcast 45 миллиард долларга Time Warnerди сатып алуудан баш тартты.

AT&T менен Time Warnerдин ортосундагы келишимди бул компаниялардын жетекчилери «идеалдуу айкалыш» деп аташса дагы, ал тууралуу жаңылык да саясатчыларда суроо жаратууда.

АКШнын президенттик кызматына республикачылар тараптан аттанып чыккан талапкер Дональд Трамп «бул бүтүм менин администрациям турганда колдоого алынбайт, анткени ал өтө эле көп бийликти бир колго топтоого барабар» деп билдирди.

Демократтар тарабынан чыккан талапкер Хиллари Клинтон азырынча бул кырдаалга комментарий бере элек. Анын шайлоо боюнча өнөктөшү, вице-президенттик кызматка талапкерлигин коюп жаткан Тим Кейн «атаандаштыкты жактаарын» жана «[бийликти] азыраак топтоо айрыкча медиа тармагында негизинен жардам берээрин» айтты.

Байланыш операторлору багытын өзгөртүүдө

Ири операторлор өнүгүүнүн жаңы жолдорун издеп жатышат, анткени уюк байланышынын популярдуулугу өспөй калды.

Быйыл мурдараак чөнтөк пайдалануучулар баарынан көп туташкан Verizon коммуникациялык гиганты Yahoo издегичин, ага чейин AOL медиакомпаниясын сатып алган. Ошентип, корпорация интернет-жарнама багытында илгерилеп баратат.

AT&T медиа тармагына киришмек болду. Time Warner — корпорация акыркы жылдары сатып алган экинчи ири табылга. 2015-жылы корпорация DirecTV телеберүү компаниясын сатып алыш үчүн дээрлик 50 миллиард доллар жумшаган.

Time Warnerди сатып алуу менен AT&T медиа базарында таасирин көбөйтүп, жаңы контент түзүүгө жана жарнама чөйрөсүн өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк алат.