Баптист аялдын сөөгү туугандарынын макулдугун албастан көмүлгөн. Кызы энесинин мүрзөсү кайда экенин билбейт

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда каза болгон христиан-баптист аялдын кызы Жылдыз Азаева энесинин сөөгүн белгисиз бирөөлөр казып кеткенин, туугандары анын кайда экенин билишпей тургандыгын кабарлады. Анын айтымында, сөөктүн кайра казылышына маркумдун үй-бүлөсү уруксат берген эмес.

Ала-Бука районунун жашоочусу Каныгүл Сатыбалдиеванын денеси ал тирүүсүндө христиан-баптист динин карманганы үчүн үч сыйра көмүлгөн. Анын кызы Жылдыз Азаеванын айтымында, туугандары анын сөөгүн акыркы жолу ким казып алганын жана ал азыр кайда экенин билишпейт.

«Мен [мүрзө кайтарган] кароолчудан сөөктү ким казып алганын сурадым. Ал көп киши жүргөнүн, арасында молдосу да, райондун акими да, бийликтин башка өкүлдөрү да болгонун айтты», – деди ал Kloop.kgге.

Азаева сөөк коюуда күч органдарынын кызматкерлери жүргөнүн, алар окуяны камерага тартып алышканын айтты.

«Биз аларды эмне тартып атасыңар, бул той эмес да деп сурадык. Бирок алар эч нерсе түшүндүрбөй эле тарта беришти», — дейт ал.

Милиция сөөктү кайра көмүүгө «түрткү болгон»

«Бактылуу Өмүр» фондунун өкүлдөрү 24-октябрда басма сөз жыйынын өткөрүп, милициянын Ала-Бука райондук бөлүмүнүн кызматкерлерин «көкүтүү жана шалаакылык» үчүн жазалоону суранышты. Фонддун юристи Жанара Аскар кызынын айтымында, милиция кызматкерлери айылдагыларды сөөктү кайра көмүүгө көкүтүшкөн.

«Өрүктү айылында сөөк кайра көмүлгөндө эл келген эмес, эч ким нааразы болгон эмес. [Экстремизмге каршы күрөш боюнча] 10-бөлүмдүн кызматкерлери барып, элди көкүтүп, жергиликтүү калкка "коңшу айыл көмдүрбөй коюптур, силер эмне, уруксат бере бересиңерби" деп айтып киришкен», – деди Аскар кызы.

Анын айтымында, маркумдун туугандары милиция кызматкерлерин «шалаакылыгы» үчүн жазалоону өтүнүп Башкы прокуратурага кайрылып, президент Алмазбек Атамбаевге кат жөнөтүшкөн.

«Милиция кызматкерлери тарабынан дин аралык кастыкты козутуу жазаланышы керек. […] Алар бул чатакты түбүнөн токтотуп, [Ала-Бука районунун] элинин аракеттери мыйзамсыз экенин, мүрзөнүн жери эч кайсы динге таандык эмес экендигин түшүндүрүшү керек болчу», – деп түшүндүрдү юрист.

Ала-Бука районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы Эрнест Молдокеев Kloop.kgге анын кызматкерлери Сатыбалдиеванын сөөгүн казып алышпаганын билдирди. Айтымында, алар сөөктү кайра көмүүдө коопсуздук үчүн жүрүшкөн.

«Бизде камера болгон эмес. Ала-Букада ким казып кеткени, ким алып чыкканы чөнтөк телефонуна тартылган. Азыр "АКИпресс" 10-бөлүмдүн кызматкерлери казып алган деп жазып жатат. Ал жакта башка кишилер, аксакалдар, ким каршы болсо ошолор казган», — деди ал.

Молдокеев сөөктү казып алуу фактысы Ала-Бука районунун кылмыштарды каттоо китебинде катталганын кошумчалады.

Түшүндүрүү иштери

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Ала-Бука районунун милиция кызматкерлери дин аралык кагылышууга жол бербеш үчүн калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөнүн билдирди.

Министрдин басма сөз жыйынынын жыйынтыгы боюнча таратылган билдирүүдө «Бул жагдайды талкуулоо учурунда жергиликтүү калкка сөөктү көмдүрбөй коюу сыяктуу аракеттер мыйзамсыз экендиги, мындай аракеттер өлкөнүн мыйзамдарына да, исламга да каршы келээри түшүндүрүлдү» деп айтылат.

ИИМ жетекчисиин билдирүүсүндө, бир көрүстөндө ар кайсы диндеги адамдардын сөөктөрүн койбош үчүн жергиликтүү бийликке «көрүстөндөрдү бир нече тилкеге бөлүү боюнча» иш жүргүзүү сунуш кылынганы кабарланат.

Сатыбалдиеванын сөөгүн анын диний ишениминен улам Сары-Талаа айылынын тургундары көмдүрбөй коюшкан.

Айылдын имамы маркумдун кызын динин алмаштырууга мажбур кылып, бирок энесин койдурууга уруксат бербей койгон.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Сатыбалдиеванын үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгын коргошкон эмес, ал коңшулаш айылда көмүлгөн. Ал айылдын тургундары сөөк кайра көмүлсүн деп талап кылып туруп алышканынан улам Сатыбалдиеванын сөөгү христиан көрүстөнүнө коюлган.

Андан соң христиандар анын сөөгүн каздырып кайра көмүүнү талап кылышкандыктан маркум аялдын сөөгү үчүнчү сыйра көмүлүп, кайсы жерге коюлганы айтылган жок.