ИИБ: Оштун вице-мэри менен ырчы Темир Назаров кафеде мушташа кетишти

Ош мэриясынын аткаминери менен эстрада ырчысы Темир Назаров 24-октябрда шаардын кафелеринин биринде мушташа кетишти. Бул тууралуу Ош милициясынын маалыматынан белгилүү болду. Ырчы өзү мушташ тууралуу маалыматты четке какты.

Ош ИИБнин басма сөз катчысы Замир Сыдыков шаардык аткаминер менен ырчы Назаровдун ортосундагы мушташ тууралуу маалыматты Kloop.kgге ырастады.

Сыдыков башка комментарий берүүдөн баш тартты — анын айтымында, Назаров вице-мэрдин үстүнөн милицияга арыз жазуудан баш тарткандыктан иш козголбойт.

«Силер анын өзүнө [ырчыга] кайрылганыңар жакшы. Ал арыз жазуудан баш тартып койду, ошондуктан эч нерсе айта албайм», — деди ал.

Назаров өзү мушташ тууралуу маалыматты четке кагып, бул «жек көргөндөр менен көрө албастардын кылганы» дейт.

Ал Kloop.kgге сөз болуп жаткан окуя маалында ал шаарда болбогонун айтты.

«Мен аны [вице-мэр] менен кантип мушташам, эчак эле Бишкекте жүрсөм? […] Билесиңер да, артисттердин, саясатчылардын, мамлекеттик кызматкерлердин аларга каршы кыянаттык кылгысы келген кишилери көп болот. Негизи, дагы кайталайын, эч нерсе болгон эмес», — деди Назаров.

Super.kg медиа-порталы Ош мэриясындагы өз маалымат булактарына таянуу менен мушташка вице-мэр Нурбек Кадырбаев тиешеси бар деп кабарлаган. Бирок бул маалымат башка булактардан текшериле элек.

Ош мэриясынын басма сөз кызматынын кызматкери окуя тууралуу журналисттерден укканын, андыктан кайсы вице-мэр мушташка тиешеси бар экенин айта албай тургандыгын Kloop.kgге билдирди.

Ал бүгүн шаардын мэри Айтмамат Кадырбаев бул окуя боюнча ички иликтөө жүргүзүүгө тапшырма бергенин кошумчалады.