Кыргызстандын өкмөтү фильмдерди көрсөтүүгө, колдонууга жана сатууга тыюу сала турган атайын комиссия түзө турган болду. Тыюу салууга шылтоо болчу нерселердин тизмеси бир топ эле чоң — эми IMDb версиясы боюнча 30 фильмдин ичинен кайсынысына тыюу салынышы мүмкүн?

«Порнографиялык жана башка тыюу салынган чыгармачылыктын түрлөрүнө» тыюу салуу жөнүндө өкмөт токтому 24-октябрда күчүнө кирди. Ага ылайык Кыргызстанда порнографиялык маанидеги, жыныстык зомбулук сценалары бар, бийликти алмаштырууга үгүттөгөн фильмдерди көрсөтүүгө тыюу салынат.

Долбоордун демилгесин көтөргөн, Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиевдин айтымында, тыюу кинотеатрларга эле эмес, сыналгы, интернет жана көрсөтүү түйүндөрүнө да тиешелүү.

Тыюуга негиз боло турган жагдайлардын толук тизмесин шилтемеден көрө аласыздар. Kloop.kg редакциясы IMDb версиясы боюнча тыюуга кабылышы мүмкүн болгон 20 мыкты фильмди тандап алды.

Френсис Форд Коппола тарткан «Чокундурган ата» (Godfather)

01kg

Таш боордукка жана терроризмге үгүттөө: Фильмдин баш каармандары — италиялык мафиозилер — тасманын баарында өз атаандаштарын, кээде алардын үй-бүлө мүчөлөрүн жок кылып жүрүп отурат.

Улут аралык кастык: Корлеоне — италиялык мафиялык клан, Нью-Йорктун башка этникалык топтору менен бийлик бөлүшө албай жүрөт.

Баңгизаттарга үгүттөө: Фильмдин айрым каармандары баңгизат сатышат.

Стивен Спилберг тарткан «Шиндлердин тизмеси» (Schindler's List)

02kg

Таш боордукка үгүттөө: Окуя Экинчи дүйнөлүк согуштун учурунда болот. Фильмде киши өлтүрүү жана өлүм жазасына тартуу сценалары бар.

Нацисттик символика: Фильмде нацисттердин аракеттери көрсөтүлгөн; баш каарман Оскар Шиндлер алар менен кызматташууга мажбур — ал жөөттөрдүн бир бөлүгү сакталып кала турган тизме түзөт.

Квентин Тарантино тарткан «Кылмыштык окуу» (Pulp Fiction)

03kg

Таш боордукка жана терроризмге үгүттөө: Баш каармандар — ири кылмыш кланынын мүчөлөрү, бандиттер. Фильмде киши өлтүрүү сценалары көрсөтүлгөн.

Баңгизаттарга үгүттөө: Ума Турман менен Жон Траволтанын каармандары баңгизат чегишет.

Дэвид Финчер тарткан «Мушташ клубу» (Fight Club)

04kg

Таш боордукка жана терроризмге үгүттөө: Фильмдин каармандары жашыруун мушташ клубун түзүп, кийин шаардагы бийликти басып алууга аракет кылышат.

Бийликти алмаштырууга үндөө: Бред Питттин каарманынын негизги идеясы — эң ири каржы корпорацияларын талкалоо. Анын жетекчилиги астында мушташ клубу алардын асман тиреген кеңселерин талкалайт.

Эже-сиңди Вачовскилер тарткан «Матрица» (The Matrix)

05kg

Таш боордукка үгүттөө: Фильмдин баш каармандары башкы антагонист, Смит мырза менен дайыма салгылашып турушат. Тасмада атышуу, мушташ жана киши өлтүрүү кадрлары бар.

Бийликти алмаштырууга үндөө: Каармандардын негизги максаты — Матрицаны жок кылып, иш жүзүндө аракеттеги бийликти жок кылуу.

Люк Бессон тарткан «Леон» (Leon)

06kg

Таш боордукка жана терроризмге үгүттөө: Фильмде баланын денесине да, сезимдерине да зомбулук көрсөтүү, ошондой эле киши өлтүрүү сценалары бар. Баш каарман — жалданма киши өлтүргүч; карасанатайлар — анын буюртмачысы болгон банда.

Баңгизаттарга үгүттөө: Фильмдин каармандарынын бир бөлүгү баңгизаттарды сатат жана колдонот.

Тони Кэй тарткан «Америка окуясы Х» (American History X)

07kg

Нацизмдин символикасы: Баш каармандар — америкалык нацисттер.

Өзгөчөлүккө үгүттөө: Каармандар териси кара америкалыктарды өлтүрүшөт.

Таш боордукка жана терроризмге үгүттөө: Каармандар — банданын мүчөлөрү, фильмде киши өлтүрүү сценалары бар.

Роман Полански тарткан «Пианист» (The Pianist)

08kg

Таш боордукка үгүттөө: Фильмдин сюжети Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы окуяларды сүрөттөйт.

Нацизмдин символикасы: Баш каарманды нацисттер куугунтуктап, кийин нацисттердин бири оң каарман болуп чыгат.

Роджер Апперс тарткан «Арстан падыша» (The Lion King)

09kg

Таш боордукка үгүттөө: Тасмада киши өлтүрүү сценалары көрсөтүлгөн. Бир тууган бир тууганын өлтүрүп, кийин жээни өлтүрүүгө аракет кылат.

Бийликти алмаштырууга үндөө: Баш каарман тактыдан өз тай акесин кулатат.

Чарли Чаплиндин «Улуу диктатору» (The Great Dictator)

10kg

Нацизмдин символикасы: Бул фильм — нацизимге саясий сатира. Чарли Чаплин аткарган баш каарман сырт келбети боюнча Адольф Гитлерге окшош, ал эми фильмдеги символика — нацисттик свастиканы кыйытуу.

Стенли Кубрик тарткан «Жаркыроо» (The Shining)

11kg

Таш боордукка үгүттөө: Жек Николсондун каарманы өз үй-бүлөсүнө балта менен кол салат.

Сэм Мендес тарткан «Америкалыктарча сулуулук» (American Beauty)

12kg

Төшөк сценалары: Жуунуучу бөлмөдө жылаңач «окуучу кыз» Мена Сувари менен тартылган сцена кино өндүрүшүндөгү эң кумарлуу сценалардын бири катары таанылган. Андан тышкары, фильм өз кумарын өзү кандыруу сценасын так сүрөттөөдөн башталат.

Таш боордукка үгүттөө: Фильмде киши өлтүрүү сценасы бар.

Баңгизаттарга үгүттөө: Каармандар марихуана чегишет.

Пак Чхан-ук тарткан «Олдбой» (Oldboy)

13kg

Таш боордукка үгүттөө: Фильмде зомбулук сценалары көп. Баш каарман кылмышкерлер бандасы менен согушка чыгат.

Өзүн өзү өлтүрүүгө үгүттөө: Фильмде өзүн өзү өлтүрүүнүн эки сценасы бар.

Төшөк кумарынын сценалары: Тасмада агасынын карындашы менен жана атасынын кызы менен болгон жыныстык катнашы сүрөттөлгөн.

Квентин Тарантино тарткан «Кутурган иттер» (Reservoir Dogs)

14kg

Таш боордукка үгүттөө: Баш каармандар — банда мүчөлөрү. Фильмде көп жолу зомбулук жана киши өлтүрүү сценалары көрсөтүлгөн.

Мел Гибсон тарткан «Эр жүрөк» (Braveheart)

15kg

Таш боордукка үгүттөө: Фильмдин сюжети Шотландиянын Англияга каршы күрөшү тууралуу баяндайт. Фильмде согуш, киши өлтүрүү жана өлүм жазасынын сценалары бар.

Бийликти алмаштырууга үндөө: Шотландия Англиянын үстөмдүгүнө каршы күрөшүп, иш жүзүндө бийликти алмаштырат.

Жыныстык зомбулук: Англиялык аскерлер баш каармандын аялын зордуктоого аракет кылып, кийин өлтүрүп коюшат.

Стэнли Кубрик тарткан «Оюнчук апельсин» (A Clockwork Orange)

16kg

Таш боордукка үгүттөө: Баш каармандар — киши өлтүрүү жана зордуктоо менен көңүл ачкан өспүрүмдөр бандасы.

Баңгизаттарга үгүттөө: Фильмдин каармандары баңгизат чегишет.

Жыныстык зомбулук: Өспүрүмдөр бандасы аялдарды зордуктайт.

Даррен Аранофски тарткан «Кыял тууралуу реквием» (Requiem for a Dream)

17kg

Баңгизаттарга үгүттөө: Фильмдин каармандары баңгизат чегишет.

Төшөк кумарынын сценалары: Фильмде төшөк кумарынын сценалары көрсөтулгөн, ал эми аягында эки кыз жана эркектин жыныстык мүчөсүнүн макети менен тартылган натуралисттик сцена бар.

Гай Риччи тарткан «Чоң олжо» (Snatch)

18kg

Таш боордукка жана терроризмге үгүттөө: Фильмдин бардык каармандары — улуттук бандиттик топтордун мүчөлөрү. Фильмде адамдарды сабаган, мушташкан жана киши өлтүргөн сценалар бар.

Улуттук кастыкты козгоо: Фильмде бир нече жолу каармандардын улуту айтылып, айрым кара санатайлар «улуттук» тергеме аттары бар. Тирешүүгө улуттук бандиттик топтор катышат.

Квентин Тарантино жана Элай Рот тарткан «Атаксыз арамдар» (Inglourious Basterds)

19kg

Нацизмдин символикасы: Фильмдеги окуя Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда болот, кадрда нацисттик офицерлер көрсөтүлгөн.

Таш боордукка үгүттөө: Фильмде зомбулук сценалары көрсөтүлгөн.

Милош Форман тарткан «Күкүктүн уясынын үстүнөн учканда» (One Flew Over the Cuckoo's Nest)

20kg

Бийликти алмаштырууга үндөө: Жек Николсондун каарманы психиатриялык ооруканада дарыгерлердин бийлигине каршы төңкөрүш жасаганга аракет кылат.