КСДП: Жээнбеков жаңы өкмөттө премьер-министр катары кала берет

КСДП фракциясынын башчысы Иса Өмүркулов өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөндөн кийин Сооронбай Жээнбеков премьер-министр катары кала бере турганын билдирди. Министрлер кабинети парламенттик коалиция таркап кеткен соң кызматтан кеткен.

Өмүркулов «Азаттык» үналгысына курган маегинде Жээнбеков өз кызматын сактап кала турганын билдирди. Анын айтымында, өкмөттүн курамы «анча деле өзгөрбөйт».

«Баарын алмаштырыш керек деген максат жок. Андай кылган туура эмес болот. Кесипкөй министрлерди ордунда калтырыш керек. Премьер-министр деле ордунда калат деген ойдомун», — деди КСДПнын башчысы.

КСДП фракциясы конституциялык реформа боюнча карама-каршылыктардан улам көпчүлүк коалициядан чыгып кеткен соң министрлер кабинети кызматтан кеткен.

Президентчил социал-демократтар мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев жана анын администрациясы конституциялык реформа боюнча көтөргөн демилгени колдошот.

Бирок «Ата Мекен» жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары премьер-министрдин ыйгарым укуктарын күчөтүүнү, адам укуктары жаатында эл аралык келишимдердин үстөмдүгүнөн баш тартууну жана сот системасынын президент менен парламенттен көз карандылыгын камсыз кылган түзөтүүлөргө каршы чыгышууда.

Азырынча жаңы коалицияны ким түзөөрү, ага ким кирээри белгисиз — бирикме түзүү мандатын президент фракциялардын бирине тапшырат.

«Ата Мекендин» депутаты Алмамбет Шыкмаматов Жээнбековдон кийин «Республика — Ата-Журт» фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Бабанов жаңы премьер-министр болушу мүмкүн деп эсептейт.

«Жазында болсо Жээнбековго экономикадагы жаңылыштыктарды, суук кышты бүт шылтап туруп Өмүрбек Бабанов жаңы өкмөт башчысы болуп чыга келет», — деген Шыкмаматов.

Бабанов өзү «Азаттыкка» эгерде фракциянын программасы башка депутаттардан колдоо тапса коалицияга кирүүгө даяр экенин билдирген.

«Коалиция бекем болушу шарт жана ага кирген фракциялардын позициялары бири бирине шайкеш келиши абзел. Биз көтөрүп жүргөн маселелер КСДПныкына окшош экенин байкасаңар керек. Биздин фракция кардиналдуу реформаларды сунуш кылып келет. Эгерде коалицияга кирчү фракциялар аны колдосо, биз макулбуз», — деген Бабанов.

Саясат таануучу Медет Төлөгөнов Kloop.kgге премьер-министрди алмаштыруу боюнча маселе 2017-жылы өтө турган президенттик шайлоо жакындаганда чечилээрин айтты.

«Мунун баары — президенттик шайлоо алдында ким премьер болушу керек деген маселе — келечеги бар болжолдуу талапкерлерга жараша чечилет. Премьер-министр алмашышы күмөн», — деди ал.

Сүрөт: gov.kg