«Азаттык»: Пастор Маныбаев: Сөөк коюудагы түйшүктөрдөн улам айрымдар динден баш тартышат

«Теңир Жыйыны» инжил-христиан чиркөөсүнүн пастору Кайырбек Маныбаев «Азаттык» менен болгон маегинде өз дининдеги адамдар кандай кыйынчылыктарга туш келишээрин айтып берди.

Материалдын түп нускасы «Азаттык» үналгысынын сайтында жарыяланган.

«Азаттык»: Ала-Букадагы окуяга кандай баа бересиз? Ага чейин ушундай окуялар болду беле?

Маныбаев: Буга чейин көп окуя болгон. Мен ал тургай тизмесин көрсөтө алам, окуялар көп болгон, кээде сөөк кадимкидей эле тоого көмүлгөн учурлар болгон. Акыркы жолу мындай окуя Бостериде былтыр жайында болгон. Анда ал мынчалык кеңири сөз болгон эмес.

«Азаттык»: Бийликке кайрылдыңар беле? Кандай тоскоолдуктарга учурадыңар?

Маныбаев: Ооба. Бирок арызды жөн гана кабыл албай коюшат. Билбейбиз деп коюшат. Өзүм Бишкекте турам, бирок бир топ жыл мурун Караколдо болуп калдым. Катчы кыз «жетекчибиз жок» деп эле арызды кабыл албай койду. Мен эми аны менен айтышып, бир нерсе далилдеп отурбайм да. Жок деди, болду.

«Азаттык»: Бардык жерде ошондой мамилеби?

Маныбаев: Жердин баарында. Мусулмандардын же христиандардын эмес, кандай эле көрүстөн болсо деле, ал тургай талаага да койдурушпайт. Көрүстөндү тоскула дешет. 8-март айылында өзүнчө жер бөлүп беришкен, бирок ал жакка да койдурушкан жок. Менимче маселе кабыргасынан коюлуп турат. Биз талашпайбыз, өтө деле тартышпайбыз. Мейли. Бирок биз ислам мамлекетинде жашаган жокпуз да. Мен кыргызмын, башкалар сыяктуу эле жаранмын. Уруулардын көрүстөндөрү бар, менин ал жакта ата-бабам жатат, мен да ошол жакта жаткым келет.

«Азаттык»: Сиз башка диндин өкүлү болгонуңуз үчүн гана түшүнбөстүккө туш болуп жатасызбы?

Маныбаев: Мен өзүм го туш болгон жокмун. Мен көптү көрдүм, бул динде 24 жылдан бери жүрөм. Студенттерди кысмакка алуу болгон, аларга баа койбой, куугунтуктап, шылдыңдашкан учурлар болгон. Ал тургай мектепте да балдарды шылдыңдап, кемсинтип, ойнобой коюшат. Мазактоо көп. Ошентип чатак чыгаргысы келишет. Андайлар көп, бирок менин өзүмдүн туугандарым түшүнүү менен эле кабыл алышат, эч кандай маселе жок.

Биз эч кимге жолтоо кылбайбыз, жакшылыктан башка зыяныбыз жок. Бизди болсо коркутушат. Бизге Ысык-Көлдөн чалышты, чоң энебиз өлүм алдында жатат дешти, бирок аларга келип, Ала-Букада эмне болгонун уктуңарбы дешиптир. Динин алмаштырууну суранышыптыр. Айрымдары динден баш тартып кетишти деп да айтышты. Бул көндүрүш үчүн олуттуу жүйө. Чоң энелер капа болуп атышат. Бостериде балдары баш оорутуп эмне кылабыз деп акыры баш тартыптыр деп уктум.

«Азаттык»: Мындай тенденциялар жаңы эле башталдыбы же мурда эле бар беле?

Маныбаев: Мурда эле бар болчу. Мисалы бир айылда бир окуя болгон. Бир киши өлөөрүнө чейин эле көрүстөнгө койдурууга айыл өкмөтүнүн чечимин чыгартып алган экен, жанында деле эч кандай көрүстөн жок. Бирок аны ээн жаткан жерге деле койдурбай коюшту. Бул кадимкидей эле шылдың.

Ивановка айылында бир нече жыл мурун христианин өлгөндө аны жалпы көрүстөнгө коюшкан экен, айылдыктар билип алып, казып чыкмак болушканда айыл өкмөтү катуу эле айтыптыр: «сөөктү казып чыксаңар, мыйзам алдында жооп бересиңер, кыйын болсоңор тийип көргүлө» деп. Эл тынчып, кой, кишини казып чыкканга акыбыз жок, анда буларга башка жер бөлүп бериш керек деп сүйлөшкөн экен. Кыскасы, Красная Речка жана Ивановка айылдарынын ортосунда жер таап, ал христиандардыкы да, протестанттардыкы да эмес, жалпы көрүстөн болот деп сүйлөшүптүр. Жерди курчашыптыр. Башкача айтканда маселени чечсе болот да. Жөнөкөй эле участкалык милиционер менен айыл өкмөт башчысы чоң маселени чечип коюшкан экен.

Cүрөт: Чынара Исраилова-Харьехузен