ИИМ тапанча менен сүрөткө түшкөн «Инстаграмдын» колдонуучусун текшерет

«Инстаграм» коомдук желесинин колдонуучусу Салават Атабеков укук коргоо органдарынын кызматтык формасын кийген, тапанча кармаган фотосүрөттөрүн чыгарган. Кыргызстандын ИИМи колдонуучуну текшерээрин билдирди.

Милиция кызматкери деп божомолдонгон Салават Атабеков өзүнүн инстаграм-барагында тапанча кармаган өзүнүн бир нече сүрөтүн чыгарган. Айрым сүрөттөрдө ал укук коргоо органдарынын кызматтык формасында тартылган.

2016-10-20_17-23-17_467383-225x400Атабеков ошондой эле Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын орусча кыскартып аталышы — ГКНБ деген жазуулар менен түшкөн сүрөттөрүн чыгарган.

Азыр бул фотосүрөттөр колдонуучунун аккаунтунан алынып салынган.

ИИМдин басма сөз борборунун кызматкери Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге Атабеков укук коргоо органдарынын кызматкери экенинен күмөн санай турганын айтты.

«УКМК кызматкерлери өздөрүн минтип элге жарыя кылат эле деп ойлобойм. […] Ал кайсы бир укук коргоо органынын кызматкери экени да күмөн», — деди ал.

Осмонбаев ИИМ тарабынан текшерүү жүргүзүлөөрүн айтты.

«Эгер биздин кызматкерлер мындай фотосүрөттөрүн чыгарса… Бизде мурда мындай көрүнүштөр болгон, бирок алар кызматтык жазасын алышкан», — деди ал.

2016-10-20_17-23-18_579696-kopiya-225x400Быйыл июлда Баткен ИИБнин кызматкери Аида Жалилова «Фэйсбуктагы» өз барагында тапанча кармап түшкөн өзүнүн сүрөтүн чыгарган.

ИИМдин өздүк коопсуздук кызматы фотосүрөттөр жарыяланган фактыларды иликтей баштаган. Эгерде тапанча табелдик курал болсо Жалилова кызматтан бошотулмак.

Ал анда фотосүрөткө түшкөн тапанча оюнчук экенин айткан. Кийин тапанчасы бар фотосүрөттөр арын баракчасынан алынып салынган.

«Прецедент» компаниясынын юристи Kloop.kgге милиция кызматкерлеринин кызматтан тышкаркы убакта тапанча алып жүрүшү кылмыш болуп эсептелээрин айтты.