Шекспирдин 17 пьесасы авторлоштукта жазылган деп табылды

Беш өлкөнүн окумуштуусу Уильям Шекспирдин «Генрих VI» аттуу тарыхый пьесасынын үч бөлүгү драматург Кристофер Марло менен авторлоштукта жазылган деген жыйынтыкка келишти. Анын ондогон башка иштеринде биргелешкен чыгармачылыктын белгилери табылган.

«Генрих VIны» жалаң Шекспир жазган эмес

23 окумуштуудан турган эл аралык топ «Генрих VI» пьесасын Уильям Шекспир Кристофер Марло менен авторлоштукта жазганын ырастады.

Изилдөөчүлөрдүн пикиринде, пьесанын үч бөлүгүнө тең Марлонун колу тийген. Oxford University Press басмасы китептин титулдук барагында Кристофер Марлонун аты коюлган жаңы версиясын чыгармакчы. Бул Шекспирдин иши авторлошунун аты менен кошо чыгарылган биринчи учур.

Англиянын королу Генрих VI портрети, ал тууралуу пьеса авторлоштукта жазылды деп таанылган

Окумуштуулар мындай жыйынтыкка Шекспир менен Марлонун иштерине семантикалык статикалык талдоо жүргүзгөн соң келишти. Алар Шекспир tonight, beseech, gentle, answer, spoke сөздөрүн, ал эми Марло — familiar spirit, cull out, oh hold me, see, forsake me, curse, ugly, change сөздөрүн көп колдонгонун байкашкан.

Изилдөө тобунун жетекчиси Гэри Тейлор белгилегендей, «бул сөздөрдү Шекспир ойлоп тапкан эмес. Бирок биз Шекспир ошол 20 жыл ичинде tonight сөзүн башка драматургдарга салыштырмалуу алда канча көбүрөөк колдонгонун айта алабыз».

Тейлор окумуштуулар жөн гана сөздөрдү эмес, алардын айкалышын издешкенин түшүндүрдү.

Шекспирдин пьесаларынын үчтөн бир бөлүгүнөн көбү авторлоштукта жазылган

Окумуштуулар тобу Шекспирдин пьесаларынын 38 пайызын ал өзү жалгыз жазган эмес деген жыйынтыкка келишти. Изилдөөчүлөр ал «Жанна Д’Арк» пьесасынын бир бөлүгүн жалгыз жазбаганын белгилешет. Мурунку изилдөөчүлөр да Шекспирдин «Жакшы бүткөндүн баары жакшы» деген комедиясына драматургдун көзү өткөн соң англиялык акын Томас Милдтон түзөтүү киргизген деп болжолдошкон.

Илимпоздор тобу Шекспирдин 44 пьесасынын ичинен он жетиси өз доорундагы драматургдар менен биргелешкен эмгектин жемиши болгон деген жыйынтыкка келишти.

Oxford University Press Шекспирдин чыгармаларынын «New Oxford Shakespeare» аттуу толук жыйнагын чыгарат, ага 44 пьесанын баары кирмекчи.

Мурда Оксфорд университетинин басмасы Шекспирдин канону 39 пьесаны камтып, анын ичинен сегиз авторлоштукта жазылган деп эсептеп келген.

Башкы изилдөөчү Тейлор коомчулук «Шекспирдин биргелешип жазылган иштеринин санына мурда жетиштүү баа бербей келгенин» билдирди.

Кристофер Марло деген ким?

Кристофер Марло 1564-жылы, Уильям Шекспир менен бир жылда төрөлгөн. Шекспир сыяктуу эле, Марло Елизавета доорунун акыны жана драматургу болгон. Ал жети пьеса, анын ичинде «Доктор Фауст» менен «Эдвард II» пьесаларын жазган.

Марлонун жаш кези деп болжолдонгон сүрөт.

Марло Шекспирден мурдараак жаза баштаган, бирок андан 23 жыл мурун дүйнөдөн кайткан. Марлонун өлүмүнүн тегерегинде көп имиштер жүргөн – бирөөлөр ал атеисттик көз карашы үчүн королева Елизваетта Iнин өз буйругу менен уу берип өлтүрүлгөн дешкен. Башкалары ал калп эле өлүмүш болуп, Шекспир үчүн пьеса жазганын уланта берген деп эсептешкен

Шекспир менен Марло бири-бирине катуу таасир тийгизип, атаандаш катары эсептелген. Бирок акыркы ачылыштар көрсөткөндөй, алар атаандаштыгына карабай чогуу иштешкен убактары да болгон экен.