Жаңы парламенттик коалицияны КСДП түзөт

Президент Алмазбек Атамбаев парламенттик көпчүлүк коалициясын түзүү укугун КСДП фракциясына берди.

Атамбаев парламенттик көпчүлүк коалициясын түзүү тууралуу жардыкка кол койду.

«КСДП парламенттик фракциясына 2016-жылдын 17-ноябрынан кечикпестен парламенттик көпчүлүк коалициясын түзүү, премьер-министрдин кызматына талапкерди алып чыгуу сунуш кылынсын […].», — деп айтылат президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн билдирүүсүндө.

КСДПнын башчысы Иса Өмүркулов 25-октябрда жаңы өкмөттү азыркы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жетектей турганын билдирген.

Бирикмеден социал-демократтар чыгып кеткен соң парламенттик коалиция таркап кеткен. Алар өздөрүнүн коалициядан чыгышын конституциялык реформа боюнча башка фракциялар менен болгон карама-каршылыктар менен түшүндүрүшкөн.

Фракция «талоончулукка тиешеси болгон», «Акаев жана Бакиев менен кызыкчылыгы бир» жана алардын «көрсөтмөлөрүн аткарган» кишилер менен бир коалицияда боло албай тургандыгын билдирген. КСДП Кыргызстандын «улуттук кызыкчылыгына каршы» багыт алгандар менен иштеше албай турганын жарыялаган.

«Мурда биз айрым өнөктөштөрүбүздүн талоончулукка тиешеси жок экендигине ишенгибиз келген. Бирок азыр, аларга каршы коюлган эң жагымсыз дооматтар тууралуу фактыларга жана күбөлүктөргө улам көбүрөөк кездешкенибизде, жаңы жагдайлар жана фактылар толук аныкталганга чейин алар менен бир коалицияда болуудан баш тартып турууну чечтик», — деп айтылат билдирүүдө.

Көпчүлүк коалициясы парламенттеги төрт фракциядан — КСДПдан, «Ата Мекенден», «Өнүгүү-Прогресстен» жана «Кыргызстандан» турган.

Сентябрдын ортосунда КСДП «Ата Мекенге» көпчүлүк коалициядан чыгууну сунуш кылган.

Өмүрбек Текебаев баш болгон «Ата Мекен» фракциясы парламенттин депутаттарынын негизги бөлүгү Конституцияга түзөтүү киргизүү демилгесин көтөрүшкөн соң оппозициячыл багыт алган.