Видео: Адамдын сөөгүн кайра казып албагыдай кылып кантип көмүш керек?

Түз эфирде биз Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун тургуну Каныгүл Сатыбалдиеванын бир нече жолу көмүлүшү боюнча жагдайды талкууладык. Сатыбалдиеванын сөөгү тирүүсүндө ал христиан-баптист динин кармангандыктан бир нече жолу казылып кайра көмүлгөн.

Студиянын коноктору:

  • ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын өкүлү Эрлан Бакиев;
  • Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн кызматкери Бактияр Токтогазы уулу;
  • Укук коргоочу Жанара Аскар кызы.

Программанын меймандары жагдайды түшүндүрүп, мындай учурларда укук коргоо органдары менен дин өкүлдөрү кантип аракеттениши керек экенин айтып беришет.