«Кара күзгүнүн» үчүнчү сезону: Келечек келип деле калды

Black Mirror

«Кара күзгү» (Black Mirror) антология-сериалынын үчүнчү сезонунда коомдук тармактар, виртуалдуу реалдуулук жана аарылардын кырылышы шылдыңга алынат. Kloop.kgнин баяндамачысы Азамат Өмүралиев жаңы сезонду көрүп чыгып, анын эң мыкты эпизодун тандап алды.

Биринчи сценарий. Палитрасы Спайк Жонстун «Ал» (Her) деген фильмин эске салган таттуу келечек. Төгөрөгү төп келген дүйнө. Баары жылмайып, таттуу латте ичип, бири бирине баа беришет.

Instagram менен Facebookтан чыныгы дүйнөгө көчүп кирген жактырмалар жана реакциялар. Келечекте ар бир адамдын өз рейтинги болот, ал достору жана тааныбаган эле кишилер калтырган баалардан турат. Сиздики жалпысынан 4,5 баллдан көппү? Кош келиңиз: көптөгөн арзандатуу акциялары, VIP-жеткилик жана ошол сыяктуу.

Экинчи сценарий. Анча деле алыс эмес келечек (балким келечек деле эмес, андай көрүнүштү азыр деле элестетсе болот). Жагдайлардын жана белгилердин арасында: өзүн өзү башкарган машиналар, аарылардын кырылышы жана жапырт аңдымай.

Триггер катары — кайдан-жайдан чыккан хакер. Ал коомдук тармактарда сурамжылоо жүргүзмөк болот, ошого жараша курмандык тандалат. Бүгүнкү күндүн эң жек көрүндү кишиси, интернет-коомчулуктун пикиринде, өлүмгө татыктуу.

Үчүнчү сценарий. Оюн компаниясы жогорку сапаттуу хоррорлорду чыгарып, акчаны күрөктөп табат. Компаниянын башчысы абройлуу басылмалардын мукабасында койкоёт. Бирок заман өзгөрөт.

Эми элдин баары виртуалдуу реалдуулукка умтулат, анан эгерде килтейген көз айнек анча азгырыктуу сезилбесе, анда анын ордуна кичинекей таблетка бар. Топчудай кылып моюнга сайып койсо — силер каалаган кошумча реалдуулук, эч кандай технологиялык жабдуу талап кылбаган кадыресе саякат даяр.

Бул сюжеттердин баары «Кара күзгүнүн» — азыркы технологияларды жана аларга байланышкан бузуку адаттарды мазактаган сатиралуу (жана өзгөчө британдык) сериалдын — үчүнчү сезонунда ачылат.

Сериалды билип калгандар үчүн да жаңылыктар бар. Эми сериалга британдыктар эмес, америкалыктар продюсерлик кылышат. Netflix стриминг кызматы долбоордун укугун сатып алып, ар бири алты эпизоддон турган эки сезонго буйрутма берди.

Ошондуктан актёрлор жалаң британдыктар эле эмес: серияларда «Оюнчук үйдүн» (House of Cards) (бешинчи эпизоддогу Майкл Келли), «Юр доорунун дүйнөсүнүн» (Jurassic World) (биринчи эпизоддогу Брайс Ховард) жана AMC сериалдарынын (төртүнчү эпизоддогу Маккензи Дэвис) аткаруучулары да жарк эте калышат.

Ырас, административдик жана логистикалык өзгөрүүлөр сериалдын күн тартибин оңдоп жиберген жок — ал ошондой эле күйдүргү, одоно жана түптүз.

Сериалдын бактысы да, шору да ошондо. «Кара күзгү» көрүүчүгө даана бир ойлорду жана эскертүүлөрдү жеткирүүнү максат кылат. Сериал бардык жактан «Кайран элим, кайда баратабыз?» дегенсип чуу салып, маселелерге көп учурда кызыктуу өңүттөрдө карайт.

Nosedive эпизодунан кадрлар.

Бизди жаңылыктардан алыстабаганга үндөгөн ушул сезондун бешинчи эпизодун алгыла. Ар бир бомбалоо, ар бир согуштук операция жана көтөрүлүшчүлөр лагерлеринин үстүнөн дрондун ар бир учуп өткөнү — бул дүйнөдөн жок болгон өмүрлөр. Жана бул трагедияда медиа каражаттарынын ролу — ошол үстүнө ок жаап, бомба түшүп жаткандарды эптеп мокочо көрсөтүү.

Бирок көп учурда «Кара күзгү» азыркы ТВ көрсөтүүлөрдө жана фильмдерде нечен жолу пайдаланылган темаларды да негиз тутат. Үчүнчү эпизоддогу кибербуллинг, алтынчы эпизоддогу белгисиздиктин кубанычы, бири-бирине баары баа коюп жаткан ошол эле таттуу дүйнө. Максаттуу аудитория веб-камераларды аңдыса болоорун, ал эми коомдук тармактар биз өмүрүбүздүн жарымын өткөрүп жаткан кандайдыр жанаша аалам болуп калганын билбей калгансып.

Антсе да маселе өзгөчөлүктүн аздыгында эмес. Мындай түз качырган сын пикир үчүн коом кайсы бир нерсесин садага чабышы керек. Эң биринчи эпизоддон тартып эле, «Кара күзгү» каармандарды жана сюжеттик сызыктарды иштиктүү нукта пайдаланат. Кейипкерлердин тарткан азабы, сюжеттик бурулуштар — сериал үчүн мунун баары коомдун айрым бир талуу жерлерин баса көрсөткөн каражаттар.

Сатира үчүн мындай ыкмалар жаңылык эмес, бирок «Кара күзгү» — сатира эле эмес, кеңири аудиторияга чыгуу жана жалпы тополоң салуу жөнүндө. Сериалга тең салмактуулук аба-суудай зарыл жана мурдагы эки сезондо аны сактоо анча колдон келген эмес.

Үчүнчүсүндө кандайдыр өсүш сезилет: бул чоң маселе толук чечилбесе дагы, сезон баары бир баары түзүк болгон эпизодду табат.

San Junipero эпизодунан кадр.

Кейипкерлер жана окуясы зордоп чыгарылгансыбаган бирден-бир мисал — «Сан Хуниперо» эпизоду. Өңчөй теориялык жактан, калган сериалардын баарын өткөрүп жиберип (Кудай жалгап, «Кара күзгү» — ар бир эпизод өзүнчө сюжети бар антология — сериал), дароо ушунусун көрүп кирсе болот.

Сюжеттин чордонунда эки кыз жана жетимишинчи, сексенинчи, токсонунчу жана ал тургай нөлүнчү жылдар. Сүйүү, түнкү клубдар, оюн автоматтары жана албетте, технологиялык жаңылыктар.

«Сан Хуниперо» — сезондун эң жадыраган эпизоду, анда уятсыздык эң аз. Жакшы нерселердин аздыгы бул жерде  өтө токтоо жана ишенимдүү стилдик сезим менен, ал эми трагедиялуу таржымал бактылуу аяктоо менен орун алмашат.

Эпизод астейдил жана жүрөктү элжиреткен окуя аркылуу өтө кабатырланган идеяларды жеткире алганы менен көзгө урунат (азыркы поп-маданиятта карыган адамдардын тагдыры тууралуу сөз айткандар аз эле).

Уят-сыйыты жетишсиз жана ыплас «Кара күзгү» өз сезонунда ушундай сюжетке кантип жол бергени таң калыштуу — бул баары өз ордунда турган жана жан-дүйнөнүн купуя кылдарын черткен эпизод. Үчүнчү сезондун башка сюжеттеринин ичинен ал көрүүчүнү ойлонууга так ушинтип мажбурлайт. Чындап ойлонууга.

БЕРИЛГЕН БАА
«Кара күзгү»
Азамат Өмүралиев
"Маданият" бөлүмүнүн редактору. Twitter: @opinion_com
kara-k-zg-n-n-ch-nch-sezonu-kelechek-kelip-dele-kaldyМаселе өзгөчөлүктүн аздыгында эмес. Мындай түз качырган сын пикир үчүн коом кайсы бир нерсесин садага чабышы керек. Эң биринчи эпизоддон тартып эле, «Кара күзгү» каармандарды жана сюжеттик сызыктарды иштиктүү нукта пайдаланат. Кейипкерлердин тарткан азабы, сюжеттик бурулуштар — сериал үчүн мунун баары коомдун айрым бир талуу жерлерин баса көрсөткөн каражаттар.