Бишкектеги көчө сүрөтү жана граффити боюнча жол көрсөткүч

Шаардын бейформал кызыктуу жерлери тууралуу ойлонуп көрдүңүз беле? Мен андай жерлердин катарына сүрөтчүлөр, жасалгачылар жана жөн гана райондордун тургундары жараткан граффити менен көчө сүрөттөрүн коштум.

Бактыга жараша, көчө сүрөттөрү Кыргызстанда көркоолук катары эмес, акырындап искусство катары кабыл алынып келатат. Жергиликтүү сүрөтчүлөрдүн кызыктуу иштерин дубалдарда, имараттардын тамдарында, 6-кичи райондогу ээн калган каналда, трансформатордук кутуларда жана башка ээн калган мейкиндиктерде тапса болот.

Өз долбоорумда мен көчө сүрөттөрү жана граффити багытында иштеген көчө сүрөтчүлөрүн бириктиргенге аракет кылдым. Тилекке каршы, көчө сүрөтүнүн сахнасы бизде анча өнүккөн эмес жана эми гана белгилүү болуп келатат. Иштери шаардагы (жана анын чегинен тышкары да) имараттардын беттеринде көрүнүп турган «DOXA» ART-GROUP көчө сүрөтчүлөр тобу жана Basicolors граффити сүрөтчүлөрү көчө сүрөтүнүн көрүнүктүү өкүлдөрү болуп саналышат.

Граффити-сүрөтчүлөр болсо өз иштерин Спорт сарайынын бассейни, Лев Толстой көчөсү, 6-кичи райондогу ээн калган бассейн сыяктуу жерлерде жаратышат.

Шаардыктар Абдрахманов көчөсүндөгү жана Тынчтык проспектиндеги көпүрөлөрдүн астында, гараждарда, дегеле кайсы жер жакса ошол жерде тамдарды боёшот. 🙂

Эмесе саякатыбызды баштайлы.

№ 1-орун. Ош базардагы көпүрө (эки базарды бириктирет)

«Trash Festival» ачык искусство фестивалындагы «DOXA» ART-GROUPтун иши.

Өнөр тобунун Facebookтагы расмий баракчасынан фотосүрөт.

№ 2-орун. Ош базарынын артында (Чүй — Т.Айтматов көч.)

«DOXA» ART-GROUPтун иши. Бул ишти балдарды зомбулуктан сактоо программасынын алкагында ЮНИСЕФ колдогон.

№ 3-орун. Спорт сарайынын бассейни (Рыскулов — Т.Молдо көч.)

Бир кезде бул Спорт сарайынын бассейни эле, бүгүн болсо көчө бийчилеринин, скейтерлердин жана биэмиксерлердин жана албетте, граффити-сүрөтчүлөрдүн башпаанеги.

№ 4-орун. (Чүй — Логвиненко көч.)

«DOXA» ART-GROUPтун жана Николай Черкасовдун иши.

№ 5-орун (Чүй — Панфилов көч.)

«DOXA» ART-GROUPтун иши.

№ 6-орун (№ 12-мектеп, Чүй — Гоголь көч.)

«DOXA» ART-GROUP менен Cherviнин (Евгений Макшаков) иштери.

Өнөр тобунун Facebookтагы баракчасынан фотосүрөт.

№ 7-орун (№ 65-Экологиялык-экономикалык лицей, Гоголь — Токтогул көч.)

«Basicolorsтун» иши.

Өнөр тобунун Facebookтагы баракчасынан фотосүрөт.

№ 8-орун (Шопоков — Бөкөнбаев көч.)

«DOXA» ART-GROUPтун иши.

Өнөр тобунун Facebookтагы баракчасынан фотосүрөт.

№ 9-орун. № 5-компьютердик гимназия (Токтогул — Шопоков көч.)

Basicolorsтун иши.

Фотография с Facebook арт-группы.
Өнөр тобунун Facebookтагы баракчасынан фотосүрөт.

№ 10-орун (Москва —  Панфилов көч.)

Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын короосу. Бул иш «Мен Бишкекти жакшы көрөм» деген долбоордун алкагында «Сорос-Кыргызстан» фондунун, Шаарды өнүктүрүү фондунун, Кыргызстандагы ДААД бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын жана Бишкек мэриясынын колдоосу менен жасалган.

«Basicolorsтун» иши.

№ 11-орун (Жибек Жолу — Панфилов көч.)

«Basicolorsтун» иши.

Өнөр тобунун Facebookтагы баракчасынан фотосүрөт.

№ 12-орун. Темир жол бекетинин жанында, «Малыш» балдар борборунун маңдайында ( Логвиненко көч.)

«DOXA» ART-GROUPтун иши.

Өнөр тобунун Facebookагы баракчасынан фотосүрөт.

№ 13-орун (Лев Толстой — Панфилов көч.)

Панфилов көчөсүнөн тартып Лев Толстой көчөсүн бойлоп «көчө музейинин» сүрөттөрүн кызыга карап кете берсе болот. «Basicolors» фестивалынын алкагында жаратылган граффити-сүрөтчүлөрдүн иштери көзгө урунат.

№ 14-орун (Панфилов, 12 — Скрябин көч.)

Иш «Мен Бишкекти жакшы көрөм» долбоорунун алкагында жасалган. «Basicolorsтун» иши.

Өнөр тобунун Facebookтагы баракчасынан фотосүрөт.

№ 15-орун (№ 3-кичирайон)

«Basicolorsтун» иши.

Өнөр тобунун Facebookтагы баракчасынан фотосүрөт.

№ 16-орун (№ 4-кичирайон, 22-үй)

«Basicolorsтун» иши.

Өнөр тобунун Facebookтагы баракчасынан фотосүрөт.

№ 17-орун (Донецкая — Карл Маркс көч.)

Иш ЮНИСЕФ тарабынан колдоого алынып, Балдарды коргоо күнүнө арналган. «DOXA» ART-GROUPтун иши.

№ 18-орун (Набережная көч., № 6-кичирайон, 17-үй)

Иш «Мен Бишкекти жакшы көрөм» долбоорунун алкагында жасалган. «Basicolorsтун» иши.

Өнөр тобунун Facebookтагы баракчасынан фотосүрөт.

№ 19-орун. № 5 жана №6-кичирайондордун ортосундагы ээн жер

Евгений Макшаковдун (Chervi) жана Mide Midovskiiнин иши.

Өнөр тобунун Facebookтагы баракчасынан фотосүрөт.

Өнөр тобунун Facebookтагы баракчасынан фотосүрөт.

Өнөр тобунун Facebookтагы баракчасынан фотосүрөт.

Фотография с Facebook-страниц художников.

Өнөр тобунун Facebookтагы баракчасынан фотосүрөт.

№ 20-орун.

Республикалык балдар ооруканасынын - Энелерди жана балдарды коргоо боюнча улуттук борбордун (ЭБКУБ, «Жал» кичирайону) аймагындагы инклюзивдик балдар аянтчасындагы граффити-дубал. «Basicolorsтун» иши.

Өнөр тобунун Facebookтагы баракчасынан фотосүрөт.

Өнөр тобунун Facebookтагы баракчасынан фотосүрөт.

№ 21-орун. «Путник» балдар үйү (Васильев көч. 15/Маяковский)

Иштер «Ачык боектор» долбоорунун алкагында жасалган жана «Сорос-Кыргызстан» фонду тарабынан колдоого алынган. Paintstream граффити-сүрөтчүлөрүнүн иши.

Өнөр тобунун Facebookтагы баракчасынан фотосүрөт.

Өнөр тобунун Facebookтагы баракчасынан фотосүрөт.

Көптөгөн граффити-сүрөтчүлөр өз иштерин кайдан тапса болоорун айтышпайт. Андыктан бул жол көрсөткүчкө кирбей калган же биз кошконго жетишпей калган башка да орундар болушу мүмкүн. Бишкектин көчө сүрөт жана граффити картасын жаңыртыш үчүн силер мага nellyerkin@ gmail.com дарегине фотосүрөттөрдү жана так даректерди жиберсеңер болот.

Бир нерсени айта алам — мындай сүрөтчүлөрдүн шарапаты менен шаар жанданып атканы, ошондой эле мэрия, эл аралык уюмдар жана бизнес буга салым кошуп, көчө сүрөтү менен граффитинин өнүгүшүн колдоп жатышканы мени абдан кубандырат. Кийинки кызыктуу иштерди күтөбүз!

Материал «Молоко 2» медиамарафонунун алкагында даярдалды.

Фотосүрөттөрдүн автору: Сергей Белошапкин