Молдокматова жана Хэллоуин: Майрамдын тарапкерлеринин жана каршылаштарынын тирешүүсү

Алып баруучу Ассоль Молдокматованын Хэллоуин тууралуу жазганы бул майрамдын тарапкерлеринин жана каршылаштарынын арасында талаш туудурду. Бирөөлөрү бул майрамга тыюу салыш керек дешсе, башкалары андан жаман деле эч нерсе көрүшпөйт.

Молдокматованын жазганы «Фэйсбук» коомдук тармагында миңден ашык жолу жарыяланып, нечендеген тарапкерлерди жана каршылаштарды козгоду. Ал Хэллоуинге каршы экенин, анткени ал «кичинекей балдарда өзүн өзү өлтүргүсү келген сезим пайда кылаарын» жазган.

Теле алып баруучу майрамды өкмөттүк деңгээлде тыюуга үндөгөн.

«Мен Хэллоуин майрамына каршымын жана өз балдарыма, туугандарыма жана жакындарыма "тозоктон чыга калгандардын" ызы-чуусун майрамдаганга тыюу салам. Бул тартипсиздикке көп тартылган балдар сезимин башкара албай, басынып, өзүн жалгыз сезип, кыжырдануусу күчөп, өзүн өзү өлтүргүсү келип калышат», — деп жазды ал.

 

Хэллоуинге кийинүү — мекенчилдикке каршыбы?

«Фейсбукчулардын» бир бөлүгү Молдокматанын таламын талашып, башклары Хэллоуинге болушуп киришти. «Макул» жана «каршы» жүйөлөр психология менен динден тартып, мыйзам менен өлүктөрдөн коркууга чейин ар кандай темаларды камтыды.

Кыргызстанда Хеллоуин өткөрүүнү колдогондордун жана ага каршы чыккандардын жүйөлөрү кандай?


  • «Мекенчилдер муну майрамдабайт»

Колдонуучу Айбике Табалдиева «чыныгы мекенчил кыргыздар — келесоо эмес» жана Хэллоуинди майрамдашпайт деп эсептейт.

«Чыныгы кыргыздарда мындай майрам жок жана болбойт дагы, биз жинди эмеспиз, биз мекенчилбиз!» — деп жазды ал.

Хэллоуинди майрамдабаш керек деген мекенчилдердин чакырыгы айрым кыргызстандыктарды ынандырбайт. Ариет Туратбек дээрлик бардык майрамдар жана көнүмүш тиричилик буюмдары «кыргыздыкы эмес» экенин эске салат.

Хэллоуинди сындагандардын пикиринде, «Оз өлкөсүнүн сыйкырчысы» жомогундагы мастан Бастинданын образы — батыштын чириткич таасири.

«Бизде кыргыздыкы болбогон нерсе көп, сыр катары айтайын. "Фейсбукту" өчүргүлө. (Эмне экен? Ал кыргыздарда болгон эмес [Марк] Цукерберг атеист), компьютерди жоготкула ("компьютерлердин атасы" Алан Тьюринг — кумса), жүрүш каражаттарынан баш тарткыла (нагыз кыргыз катары ат мингенге өтөлү), чет тилдерди жоготкула (мен кыргызмын да), бир эле майрамды, Ноорузду калтыралы (жок, бул майрамдын түбү перстерге барып такалат, бул да жарабайт). Мусулман майрамдары бар: Айт жана Курбан айт (таптакыр андай эмес, анын баары Аравиядан келген). Ушунун баары канчалык сандырак экенин түшүнүп жатасыңарбы?» — деп суроо салат Туратбек.

  • «Хэллоуин жаштарды бузат»

Бахыт Медетбеков Хэллоуин — бул «Батыштын чиритүүчү таасири», ал эми кыргыздарды бул майрам «бузат» деп эсептейт.

Колдонуучуларды наркы дүйнө менен болгон оюн коркутат.

«Кыргыздар, ойгонгула, силерди бузуп жатышат. Батыш өзүнүн чиритүүчү таасири менен биздин рухубузду да, денебизди да жок кылууга чейин жеткирет. Сирияны карагыла, эмне болуп жатканын. Силер да ошентип жашагыңар келеби?» — деп сурады ал.

  • «Наркы дүйнө менен болгон оюн»

«Фэйсбуктун» колдонуучусу Жеңиш Жунушалиев адамдар майрамдын чыныгы маанисин түшүнүшпөйт деп эсептейт. Анын пикиринде, «шайтандын маскарадына» катышуу — шайтан-шапатты өз жашооңо чакырууга тете.

«Адамдар бул күндүн чыныгы маанисин билбей эле ушул жин-шайтандардын маскарадын майрамдап, ал аркылуу тирүү өлүктөрдүн образдарын гана өзүнө өлчөп тим болбостон, өз өмүрүнө мүшкүлдөр менен каргыштарды өлчөп, өз турмушуна ар кандай шайтан-шапаттарды чакырып жатышат!

Өз убагында "Вий" деген советтик фильмге тартылган Наталья Варлейдин таржымалын окуп көргүлө, ошол ролдун анын кийинки жашоосундагы залакасын билесиңер!

Наркы дүйнө менен ойнобогула!» — деп эскертет ал.

 

Майрамдын каршылаштары мистикалык грим Кудайдын каалоосуна каршы келет деп эсептешет.

Светлана Ахмедгалиева да болжол менен ошондой пикирде.

«Өлүмүш болуп же өз башына балта чаап, же күлкү үчүн кандуу бинт оронгусу келген каалоо кайдан чыкты? Жөн гана ойлонуп көргүлөчү… тирүү жакшынакай адамда ушундай каалоо кайдан пайда болот?» — деп сурайт колдонуучу.

  • «Бул Кудайга жакпайт»

Хэллоуинге каршы чыккандар көп учурда Кудайды эске салышат — «Бардык ыйыктардын күнүнө» мусулмандар да, христиандар да каршы.

Евгений Нам, мисалы, жүйө катары ыйык Марктын жазуусун мисал келтирди.

«Алданбаш керек. Эл ар кайсы шайтандын кийимин кийгени өзү эле кооптуу сигнал. Ыса айткандай: (Марк 3:23-24)

[23] Жана аларды чакырып алып икая менен айтты: шайтан кантип шайтанды кубаламак эле?

[24] Эгерде падышалык өзү бөлүнүп кетсе, ал падышалык көпкө турбайт;»

 

Тыюу бул майрамды ого бетер азгырыктуу кылышы мүмкүн.

Тумар Ибраимов Хэллоуинди «шайтанчыларды майрамы» деп, Алла Тааладан кыргызстандыктарды андан коргоону суранды.

«Алла Таала Кыргызстандын элин жаман майрамдардан сактасын, жаш муун эстүү болуп чоңойсун! Ассоль, мен сизди толугу менен колдойм!» — деп жазат Ибраимов.

  • «Тыйганга болбойт — башка нерселер керек»

Журналист Абдымомун Мамараимов өкмөттүк деңгээлде майрамга тыюу салууну аша чабуу деп эсептейт.

Хэллоуин бир да мыйзамды бузбаганына карабай, кыргызстандыктардын нааразылыгын жаратты.

«Өкмөтттук деңгээлде тыюу жөнүндө айтсам, ал өтө эле аша чапкандык болуп калат. Уулуу жемишти ого бетер таттуу кылып көрсөтүп эмне кереги бар? Эл менен иштеш керек, башка нерселерди сунуш кылыш керек, ал болсо татаалыраак», — деп жазат ал.

  • «Хэллоуин мыйзамдарды бузбайт»

Тимур Исаков Хэллоуин — майрам эмес, көпчүлүк үчүн жөн гана убакытты жакшы өткөрүүнүн шылтоосу деп эсептейт. Өзү аны майрамдабайт жана ага тыюу салууну да акылсыздык деп эсептейт.

«Башка жагынан мен бул майрамга каршы деле эмесмин, анткени бул ар кимдин өз иши, анын үстүнө мыйзамда тыюу салынган эмес», — деп жазат Исаков.

 

Хэллоуин айрым кыргызстандыктарга жакпаганы аз келгенсип, алар аны бул өлкөдө эч ким майрамдабашын каалашат.

Мыйзамды бузбаган майрамга тыюу салуу акылсыздык деп колдонуучу Лариса Левитус да эсептейт.

«Мен аны ошончолук эле сырдуу маани берип майрамдап жатышат деп ойлобойм. Кийинип алып көңүл ачып жатышат. Бул колуна свастика тагынып алган жүрүштөр эмес да. Бул улуттук болбосо да бүт дүйнө бийлеген бийлер сыяктуу. Көңүл ачкандар көңүл ача берсин, албетте ал тартипти бузбаса жана адептин чегинен чыкпаса», — деп жазат ал.

  • «Каалабасаңар — майрамдабагыла»

Айрым колдонуучулар Хэллоуинге карата тескери реакция — бул тыюу үчүн эле тыюу деп эсептешет. Алар бул майрамда жаман эч нерсе жок деп ойлошот. Колдонуучу Казбек Бекмамбетов ушундай пикирде.

«Бул эч кандай шайтандын майрамы эмес, жакпаса майрамдабай эле койгула! Андай болсо Жаңы жылды да белгилебегиле! Хэллоуинден мен жаман эч нерсе көргөн жокмун, бирок өзүм аны эч качан майрамдаган эмесмин», — деп жазат ал.

 

Кээ бир кыргызстандыктар Хэллоуинди кантсе да жакшы көрүшөт.

Журналист Наргиза Токоева Хэллоуинге негизинен каршы эмес, бирок аны бала бакчаларда майрамдоого каршы. Бирок буга анын «психикага келтирген зыяны» эмес, ата-энелердин мойнуна түшкөн чыгашалар себепкер.

«Бала бакчаларда Хэллоуинди майрамдашканы мени кыжырымды келтирет. Биринчиден, мен аны балдардын майрамы эмес деп эсептейм, экинчиден, ата-энелерди кийим сатып алууга мажбурлашат. Биздин өлкөдө бул майрам жаңы болгонуктан, коркунучтуу кийим табыш кыйын. Андан тышкары, бардык эле ата-энелер ага акча жумшай алышпайт. Бала бакчага балдарын негизинен жалгыз бой энелер жиберишет. Алар эртеден кечке иштеп, балдарын кыйынчылык менен кийинтип-ичинтишет», — дейт Наргиза.

  • «Өлгөндөрдөн коркуу — акылсыздык»

Алина Шевченко өлгөндөрдөн коркуу — акылсыздык деп эсептейт.

«Адамдар "коркунучтуу" Хэллоуин майрамына капаланышат, өлгөндөрдөн коркуу акылга сыя тургансып. Жаныбарларды өлгөндөр кыйнап, террорду өлгөндөр кылып жаткансып», — деп жазат ал.

  • «Бул майрамды жакшы көрөм»

Фотограф Максим Ногай — Хэллоуиндин күйөрманы. Максим үчүн бул анын бейформал кебетесине терс реакция чакырбастан өзүн көрсөтүүнүн жолу.

«Хэллоуин — менин сүйүктүү майрамым. Мен аны туулган күнүмдөн да, Жаңы жылдан да көбүрөөк жакшы көрөм! Кебетеңди каалагандай өзгөртө алганың үчүн жакшы көрөм. Андан тышкары бул күнү менин жашыл чачыма, тоннелдериме жана татуировкаларыма эч ким көңүл бурбай калат. Эң сонун», — деп жазат ал.

Башкы сүрөт: Ассоль Молдокматованын көргөзмөсүндө тартылган фотосүрөт