Сузакта зордукталган бала: Имам жети жылга эркинен ажыратылды

Сот он жашар баланы зордуктаган Сузактагы медресинин имамын жети жылга эркинен ажыратууга өкүм чыгарды. Азыр ал Жалал-Абаддын түрмөсүндө жазасын өтөп жатат.

Сузак РИИБнин башчысы Нурбек Жаныбеков имам Жалал-Абад облусунун Сузак районунда он жашар баланы зордуктаганы боюнча күнөөлүү деп табылганын Kloop.kgге кабарлады.

«Сузак РИИБнин тергөө тобу бардык далилдер менен айгактарды чогултуп, июлдун аягында экспертизанын жыйынтыгы келип, алар ишке тиркелди. Августта сот болуп, анын чечими менен Сузактагы медресенин имамы күнөөлүү деп табылып, жети жылга эркинен ажыратылды», — деди ал.

Жаныбеков зомбулуктун курмандыгы зордукчуга дооматы жок болгону кылмышты жеңилдетүүчү жагдай катары каралганын кошумчалады. Анын айтымында, бала азыр дарыгерлер менен психологдордун байкоосунда турат.

Сузак милициясы 18-июнда жашы жете элек баланы зордуктаганы боюнча шектенүү жараткан имамга каршы кылмыш ишин козгогон.

Сузактагы медресенин имамынын кармалышына жабыркаган баланын энесинин кайрылуусу себеп болду. Ал айылдык мечиттин 58 жаштагы имамы анын уулун зордуктап жүргөнүн билдирген. «Азаттык» үналгысына курган маегинде ал дин кызматкери уулун коркутуп алганын айткан.

«Кээде имам бул үчүн балага 50 сом берип койчу экен, кээде өлтүрөм деп коркутчу экен. Бирөөлөр анын баарын көрүп калып күйөөмө айтып бериптир. Ал айылдаштарынын астында маскара болуудан коркуп айткысы келген эмес, бирок мен арыз жаздым», — деген аял.

«АКИпресс» маалымат агенттигинин кабарына караганда, кармалган имам 2013-жылы айылдык мечитке дайындалган.

Муфтияттын аймактык башкармалыгынын башчысы Абдулазиз Закировдун айтымында, мечиттин жамааты кармалган имам тууралуу «жакшы пикирде болчу», анын аялы жана балдары бар.


Тема боюнча: Сузакта баланын зордукталышы: Укук коргоочулар калыс иликтөөнү талап кылышууда