Жакшы менчик клиниканы кантип аныктаса болот? Саламаттык сактоо министрлигинин кеңештери

Саламаттык сактоо министрлиги менчик медициналык клиникаларга барганда эмнеге көңүл буруш керек экендиги тууралуу эстетме чыгарды. Мекеменин билдирүүсү табып Хашим Зайналиевдин клиникасында бейтап аял каза тапкан соң жарык көрдү.

Эстетмени Ден соолукту бекемдөө боюнча республикалык борбор чыгарган. Саламаттык сактоо министрлиги бул билдирүү Зайналиевдин клиникасындагы бейтап аялдын өлүмү менен түздөн түз байланышы бар экенин белгилейт.

Саламаттык сактоо министрлиги клиникага барганда эмнеге көңүл бурганга кеңеш берет?

  • Лицензиясы

«Ар бир клиникада лицензия болушу керек. Антпесе клиника иштей албайт. Клиниканын дубалындагы маалыматтарда документтерди көрсө болот. Эгерде мекемеде иштегендер лицензиянын номерин жашырып, андай маалымат сайтта да, клиникада да жок болуп чыкса абайлаш керек».

  • Адистери тууралуу маалыматы

«Жакшы клиниканын баары өз адистеринин аты-жөнүн жана алардын сиңирген эмгегин жашырбайт. Клиниканын өзүндө же сайтында дарыгерлердин квалификациясын жана жетишкендиктерин көрүшүңөр керек (эң көрүнүктүү жеринде квалификациясын жогорулатуу жөнүндө сертификаттар, ишке уруксат, сыйбарак жана ыраазылык каттары илинип турууга тийиш). Клиникада ар кандай адистиктеги көптөгөн дарыгерлер бар экендиги сөзсүз жакшы жагдай болуп эсептелет».

  • Жакшы жабдуу

«Клиникадагы жабдууга көңүл бургула. Иште жабдуунун кандай маркалары пайдаланылып, дарылоодо кандай ыкмалар колдонулат? Ал жабдууну пайдаланууга уруксат кагаздары барбы, алар сертификациядан, стандартташтыруудан өткөнбү?».

  • Дарылоонун наркы

«Медициналык тейлөөнүн арзан же өтө эле кымбат баасы дайыма шек туудурат. Эсиңерде болсун, тейлөөнүн наркын эсептөө — кыйла татаал процесс (ал дарыгердин эмгек акысына, жарнамага, жабдууга кеткен чыгашаларды камтыйт) жана дарыгер деген адамгерчиликтүү кесиптин мыкты адиси да бекер иштей албайт.

Андыктан тейлөөнүн арзандыгынан этиятташ керек. Комплекстүү тейлөөнүн наркына эмне кирээрин, кандай өлчөмдө медициналык жардам алаарыңарды сурагандан тартынбагыла. Эң негизгиси — жөндүү баанын сапаттуу медициналык жардамга ылайык келиши».

  • Көп багыттуулук

«Клиникада чоңдор үчүн да, балдар үчүн да бөлүмдөр болсо жакшы. Бул үй-бүлөнүн баары бир жерде тейленишине шарт түзөт. Андай клиникаларда тейлөөнүн комплекси да кыйла кеңири. Көптөгөн квалификациялуу адистер дал ушундай лабораториялык жана функционалдык изилдөөнүн кеңири спектри, мыкты диагностикалык базасы бар борборлордо иштөөнү туура көрүшөт.

Тилекке каршы, бардык эле клиникалар дарыгерди үйгө чакыруу кызматы менен мактана албайт. Бирок ал абдан керек! Сиз ишенген дарыгер үйүңүзгө келсе сиз өз убагында дарыланасыз».

  • Медициналык документтердин берилиши

«Эсиңерде болсун, бардык эле медициналык мекемелер белгилүү үлгүдөгү маалымкатты жана оорукана баракчаларын бере алышпайт. Бул маселени силер кайрылган клиниканын кызматкерлеринен сөзсүз тактап алгыла. Көп багыттуу клиникалардын айныксыз артыкчылыгы — тейлөөнүн кеңири спектри жана көп сандагы документтерди бере алганы болот (маалымкат, оорукана баракчалары, санатордук-курорттук карталар, рецепттер, медициналык китепчени толтуруу ж.б.)»

  • Милдеттенмелер жана кепилдиктер

«Силер кайрылган медициналык мекеме кандай кепилдиктерди берээрин ойлонуп көрдүңөр беле? Кечээ эле иштеп жаткан борбор бүгүн жабылып калды дейли. Силерди туура эмес дарылашкан болсо кайда кайрыласыңар? Медициналык жардам алуу боюнча келишимде бардык мүмкүн болгон кооптуу жагдайлар жана клиника берген кепилдиктер көрсөтүлүшү керек».

Эсиңерде болсун! Эгерде клиника жогоруда сөз болгон пункттардын бирине да туура келбесе, анда абайлаш керек — ал клиникада дарыланып кереги барбы?