Тажикстан: Президентке акарат келтиргендер беш жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон мамлекет башчысына акарат келтиргендерди беш жылга эркинен ажыратуу боюнча өкмөттүн токтомуна кол койду.

Токтомго ылайык Тажикстандын Кылмыш кодексине өзгөртүүлөр киргизилет. Эми президентке акарат келтиргендерди беш жылга камап коюшу мүмкүн. Мурда бул үчүн айып пул же түзөтүүчү жумуштарга бир жылга чейин тартуу жазасы каралган болчу.

Өлкө президентинин артыкчылыктары туруктуу түрдө көбөйүүдө. Тажик парламентинин төмөнкү палатасынын депутаттары 26-октябрда «Улуттун лидери боюнча» мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүүнү бир добуштан колдошкон.

Өзгөртүүлөргө ылайык, президенттиктен кеткенден кийин Рахмон Тажикстандын элине кайрылуу укугу менен өлкөнүн коопсуздугуна байланыштуу иш-чараларга жана кеңешмелерге катышуу укугун сактап калат.

Ал ошондой эле саясий, экономикалык жана социалдык кризис болуп калган учурда кеңеш жана сунуш берүү укугуна ээ жана аны чечүүдө көмөк көрсөтө алат.

Өлкөдө атайын Улуттун лидери фонду түзүлүп, Лидердин ордени менен Улут лидеринин премиясы негизделет.

«Мындан аркы республикалык деңгээлдеги салтанаттуу жана майрамдык иш-чараларда, өкмөт менен парламенттин отурумдарында заманбап байланыш жана техникалык каражаттар менен жабдылган Улуттун лидери үчүн атайын жер бөлүнөт», — делет Тажикстан парламентинин расмий сайтындагы билдирүүдө.

Мындан сырткары, мыйзамда белгиленгендей, азыркы президент Эмомали Рахмонго «Көз карандысыз Тажикстандын негиздөөчүсү» жана «Тынчтык жана биримдиктин негиз салуучусу» макамдары жазылууда.

Би-би-синин маалыматы боюнча, тажик депутаттары «куткаруучунун тарыхый миссиясын жана эл алдындагы улуу эмгегин аткарганы үчүн» Рахмон улуттун лидери болуп татыктуу аталган деп билдирген.

Андан сырткары «Улуттун лидери жөнүндөгү» мыйзамда жазылгандай, Рахмон өмүр бою парламенттин мүчөсү болуп калат.

Өлкөнүн ички жана сырткы саясаты боюнча бардык мамлекеттик жана коомдук маселелер Рахмон менен макулдашылат.

Рахмон кол тийбестик укугуна ээ, ал мамлекет башчылыгы кызматында турган убакта кылган аракеттери үчүн жоопкерчиликке тартылбайт.

Андан сырткары ал өмүр бою мамлекеттик камсыздоо жана мамлекеттик жана башка байланыш каражаттарын Тажикстандын аймагында акысыз пайдалануу укугуна ээ.

Тажикстандын тургундары 2016-жылдын майында президент Эмомали Рахмондун өмүр бою кызматында кала беришине байланыштуу өзгөртүүлөргө оң көз караштарын билдиришкен, ал эми анын улуу уулу Рустам Эмомали 2020-жылдагы шайлоодо өз талапкерлигин коё алат.

64 жаштагы Эмомали Рахмондун президенттик карьерасы республиканын Жогорку Советинин XVI сессиясынан башталган. Анда 1992-жылдын 19-ноябрында Хужанд шаарында аны Тажикстандын Жогорку Советинин төрагасы кылып шайлашкан. Эки жылдан кийин ал өлкөнүн президенти болуп, бул кызматты 25 жылдан бери ээлеп келет.