Тосмолор жардам берген жок: Бишкектиктер транспортту кесилиште токтотуп жатышат

Жүргүнчүлөр коомдук транспортту токтотпошу үчүн Абдрахманов-Киев көчөлөрүнүн кесилишине мэрия тосмолорду орнотту. Бирок шаардыктарды бул токтоткон жок — алар жол кыймылына тоскоолдук жаратып, коомдук транспортту мурдагыдай эле кесилиште токтотуп жатышат.

Активисттердин демилгеси менен мэрия Абдрахманов-Киев көчөлөрүнүн кесилишине тосмолорду орнотту. Бул жүргүнчүлөр коомдук транспортту туура эмес жерде токтотуп, кесилиште жол кыймылына тоскоолдук жаратпашы үчүн жасалган болчу.

Бирок тосмолор көйгөйдү чечүүгө жардам берген эмес. Жүргүнчүлөр автоунаа өткөн жолдо туруп алышып, кесилиште транспортту токтотуп жатышат. Жарандык активист Айбек Баратов өзүнүн инстаграм-эккаунтунда бул жөнүндө жазып, транспорт күтүп жаткан адамдарды сүрөткө тартып алган.

«Совет-Киевде адамдар жолго чыкпашы үчүн тосмолорду коюшту. Бирок адамдарга баарыбир, алар чыгып жатышат, мындан кийин да чыга беришет! Адамдардай болгула, жолго чыгып алгыла, өзүңөрдүн коопсуздугуңар менен жолдогу тартипке кол шилтеп койгула!» — деп жазган Айбек.

«Аялдамага барабыз» акциясы

Абдрахманов-Киев көчөлөрүнүн кесилишинде активисттер сентябрда үч апта «Аялдамага барабыз» акциясын өткөрүшкөн. Аны Kyrgyz Union, MSP, Sidok жаштар уюмдары, «Түкүрбө» демилгеси, «Манас» дебат клубу уюштурган.

Кара футболкачан жаштар аталган көчөлөрдүн кесилишинде туруп алып, коомдук транспорттун айдоочуларына кесилиште токтоого болбостугун түшүндүрүшкөн. Коомдук транспортту кесилиште токтотууну каалагандарды активисттер Киев көчөсүндөгү аялдамага жөнөтүшкөн. Акциянын жыйынтыгында мэрия тосмолорду орноткон.

Видео: Арсений Мамашев
Журналист: Марат Абдыкалыков
Сүрөт: Айбек Баратов