АКШнын президенти кантип шайланат?

Балким силер АКШнын президенти кантип шайланаарын билбесеңер керек. Биз түшүндүргөнгө аракет кылып көрөлү.

Американын шайлоо системасы калк президентти түздөн-түз эмес, кийин талапкер үчүн добуш бере турган шайлагычтар коллегиясы аркылуу шайлай тургандай кылып түзүлгөн.

Эгерде талапкер кайсы бир штатта калктын көпчүлүк добушун алса, ал ошол штаттагы бардык добуштарды алган болот. Ар кайсы штаттардагы добуштардын саны айырмаланып турат.

2008-жылдагы шайлоонун жыйынтыгын көрсөткөн бул карта коллегиянын ар бир штаттагы добуштарынын санын көрсөтүп турат:

Калкы эң көп Калифорния штатында жеңген киши коллегиянын 55 добушун алат, ал эми, мисалы, Вайоминг сыяктуу штаттардан жеңгендер болгону үч гана добуш алат.

Бирок мында Калифорниянын калкы 37 миллион киши, ал эми Вайомингде 500 миң гана киши жашайт. Ошентип, Калифорнияда шайлагычтар коллегиясынын бир добушуна 650 миң киши, Вайомингде болсо 167 миң гана киши туура келет.

Ар башка штаттардагы добуштардын дал ушундай ар башка «баасы» үчүн кичүү Жорж Буш 2000-жылы өз атаандашы Альберт Горго салыштырмалуу калктын азыраак добушун алганына карабастан жеңишке жете алган.

Президент болуш үчүн шайлагычтар коллегиясынын 270 добушуна кепилдик алыш керек.

ВВС кайсы штаттарда Обаманын, кайсынысында Ромнинин шансы көбүрөөк экенин, кайсыларында кырдаал азырынча түшүнүксүз экенин көрсөткөн эң сонун инфографика чыгарган.