Депутат Икрамов №61-мектепке каршы. Эмне белгилүү?

№61-мектептин директору баланы окууга албай койгону үчүн аны депутат Тазабек Икрамов куугунтуктап жатканын айтып чыкты. Икрамов өзү болсо мектептеги корупция жөнүндө кеп кылып жатат.

№61-мектептин директору Юрий Низовский Kloop.kgге мектеп Икрамов жиберген баланы окууга албай койгон соң бул окуу жайын милиция текшере баштаганын айтты. Депутатка баланын атасы Дамирбек Мамытов уулунун биринчи класска кабыл алынышына жардам берүүнү суранып кайрылган.

«Бул [текшерүүлөр] мен бир окуучуну кабыл алуудан баш тарткан соң башталды», — деди мектептин директору.

Икрамов баланы «аракетчилдиги» үчүн мектепке кабыл алууну өтүнгөн, анын колу коюлган катты Низовский далил катары Kloop.kgге жиберди. Директор аны кабыл алуудан класстар толуп калганы үчүн баш тарткан.

«Мектепке кабыл алуу жөнүндө эч ким сентябрда арыз жазбайт. Класстардын баары толуп калган. Мен [баланын атасына] эгерде орун бошоп калса, айта турганыбызды, бирок азыр бош орун жок экенин айттым», — деди директор.

Баланын атасы Дамирбек Мамытов Kloop.kgге №61-мектепке баласын киргизүүгө июнь айында эле аракет кылганын, бирок ал үчүн «эки миң доллар сурашканын» айтты.

«Бизде анча акча жок эле, ошондуктан биз депутат [Икрамовго] жардам сурап кайрылдык. Мен мектепке кайра барганда директор депутаттар эч нерсе түшүнбөй турганын, биз кайда кайрылсак да бала мектепке кабыл алынбай турганын айтты», — деди Мамытов.

Азыр анын уулу башка мектепте окуйт.

Икрамов өзү Kloop.kg менен болгон маекте баланы кабыл алууну өтүнүп директорго кат жибергенин моюнга алды.

«Мен жекече телефон чалган жокмун да, бул расмий кат. Ооба, баланы мектепке кабыл алууну өтүнүп кат жазгам», — деди депутат.

Ал баланын атасы өтүнүч менен кайрылгандан кийин гана директорго кат жөнөткөнүн айтты.

«Ал мага баланы кабыл алыш үчүн мектеп эки миң доллар талап кылып жатканын айтты, ошол үчүн эле кат жаздым», — деди ал.

Икрамов баланын катта жазылган шык-жөндөмүн текшербегенин айтты — анын кебине караганда, ал баланын атасынын сөзүнө ишенип, №61-мектептин жетекчилигинен баланы кабыл алууну өтүнгөн.

Сентябрда Икрамов №61-мектепти коррупция боюнча текшерген депутаттык комиссияны жетектеген. Директордун айтымында, мектепти каржы полициясынын жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү да текшеришкен.

Мектептин айланасындагы жаңжал

Депутат бул окуу жайдын мугалимин окуучуга кол көтөрдү деп айыптаган 3-ноябрдагы парламенттик жыйындан соң Икрамов менен мектептин ортосундагы талаш күчөп кеткен.

Депутат «мугалим экинчи класстын окуучусунун сабап салганын», анткени анын ата-энеси ага кир жуугуч машине алып бербей коюшканын айтып чыкты. Азыр факты боюнча тергөө жүрүп жатат.

Окуучунун ата-энеси РИИБге арыз жазышкан. Бул окуя акыйкатчы Кубат Оторбаевди кызыктырып калып, ал бул ишти жеке көзөмөлүнө алган.

Мектептин директору депутаттын дооматы менен макул эмес. Ал юрист менен жолугушуп, эми депутат менен соттошоорун же этика боюнча комитетке кат жазаарын ойлонуп жатат.

Баланы мугалим жазалаганын Низовский танбайт. Бирок таптакыр башка масштаб жөнүндө кеп кылат — анын айтымында, мугалим баланы сабабай эле, «өзүн жаман алып жүргөн» баланы колунан тартып койгон.

Жабыр тарткан баланын энеси жаңжалдан кийин анын уулун мектептен чыгаруу аракети болуп жатканын айтат, ал эми ата-энелер комитети мектепте пара алуу бар экенин танып жатат.