Кыргызстанда 22:00дөн кийин ичкилик сатууга тыюу салуу сунушталууда

КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев чекене соода жайларында спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салган мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Мыйзам долбоорунда бул ченемди бузган сатуучулар 10 миң сомдук штраф менен жазаланат. Бул демилгени парламент экинчи окууда колдоду.

Бекешев сунуш кылган мыйзам долбоорунда спирт ичимдиктерин кечки саат ондон эртең мененки сегизге чейин сатууга тыюу салынат. Ошондой эле бул документ пластик шишелерде эки литрден ашык сыра сатууга тыюу салат.

«Силер канча киши арак ичээрин билесиңер. Мен статистиканы алдым. Тилекке каршы, өтө көп аялдар ичкилик иче баштады. Бул өтө жаман жышаан», — деди депутат.

Бекешевдин айтымында, мыйзам долбоору өлкөдө алкоголизмдин деңгээлин төмөндөтүп, кылмыштардын санын азайта алат.

«Түнкү кылмыштар негизинен мас абалында жасалаарын статистика көрсөтүп турат. Адатта кечки онго чейин ичишет, анан ондон кийин жетпей калып каяктан алып ичсек деп издей башташат. Албетте, "кечки онго чейин деле сатып алып койсо болот да" деп суроо берсе болот, бирок баары анте бербейт», — деп эсептейт Бекешев.

Мыйзам долбоору боюнча сатуучулар 22:00дөн кийин ичкилик сатып жатышса, аларга 10 миң сом штраф салынат. Бекешев жаңы мыйзам укук коргоо органдарындагы коррупцияга себеп болушу мүмкүн экенин танбайт, бирок депутат ири соода түйүндөрү мыйзамсыз ичкилик сатууну токтотууга өздөрү ынтызар болушат деп эсептейт.

«Ири дүкөндөр, мисалы “Народный”, “7 Дней”, “Фрунзе” — бул ченемдерди сакташат. […] Спирт ичимдиктерин сатууга аралашкан кишилер [ичкиликти сатуу] мыйзамсыз жүрбөшүнө кызыгышат жана укук коргоо органдарына арыз жазышат», — деди Бекешев.

Сыраны куюп саткан дүкөндүн сатуучусу Вячеслав Никишин Kloop.kgге жаңы мыйзам сатыкка олуттуу таасир этээрин айтты.

«Соода абдан солгундайт. Анткени адамдар негизинен оор жумуш күнүнөн кийин сыра сатып алышат. [Алармандардын агымы] болжол менен кечки саат сегизде башталып, саат онго чейин уланып, кээде 12ге чейин келе беришет», — деди ал.

Ири соода түйүндөрү депутаттын бул демилгеси тууралуу Kloop.kgге комментарий берүүдөн баш тартышты.

Бекешевдин демилгесин Кыргызстандын Алкоголь ичимдиктерин өндүрүүчүлөр ассоциациясы колдойт. Бирок ассоциациянын президенти Турсунбек Күрөңкеев мыйзамдын демилгечилерине ичкилик сатууга бир саат кечирээк — кечки саат 11ден тартып тыюу салууну сунуш кылат.

«Биз Евразия экономикалык биримдигине кирдик. Орусия менен Казакстанда 23:00дөн тартып [ичкилик сатууга] чектөө бар, ошондуктан […] бирдей эреже болушу керек. Биз ЕАЭБге кол койгон соң […] мыйзамдарыбыз жалпы болууга тийиш», — деп эсептейт Күрөңкеев.

Республикалык наркологиялык борбордун (РНБ) маалыматына караганда, акыркы үч жылда ичкилик ичкен кишилер туруктуу көбөйүп келатат.

РНБнын башкы дарыгеринин орун басары Татьяна Борисованын айтымында, үч жыл ичинде мас абалында борборго келип түшкөндөрдүн саны эки миңден ашык кишиге көбөйдү.