Пакет маселеси: Борбор Азия пластик менен кантип күрөшүп жатат?

Борбор Азия пластик менен күрөшүүдө алгач ирет тамтуң кадам таштап жатат — Кыргызстанда сентябрдын башында дароо бир нече ритейлер түйүндөрү кардарларына пакет берүүнү токтотту. Ага эмне себеп болду жана бул айлана-чөйрөгө жардам береби?

Материалдын түп нускасы Ливень сайтында жарыяланган. Автору: Дмитрий Мотинов, Kloop.kgнин мурдагы редактору.

Күз башталганда бишкектиктердин арасында нааразылык күч алды — Кыргызстандын эң ири дүкөндөрү алармандарга бекер полиэтилен пакеттерин бербей калышты. Анын ордуна кардарларга экопакет сатып алуу, көп колдонулуучу баштыктарды колдонуу же товарларды кагаз таңгакта алып кетүү сунуш кылынат.

Пластик пакеттердин берилишин чектөөнү дароо бир нече ритейлер түйүндөрү чечти — «Народный», «Глобус», «Боорсок» жана «Фрунзе» супермаркеттери аларды бекер бербей калышты, айрым жерлерде алардын ордуна кагаз пакеттер сунуш кылынууда.

Түйүндөрдүн мындай бир пикирде болушу — кокустук эмес. «Народныйдын» маркетинг бөлүмүнүн башчысы Сергей Фабрикантов айтып бергенине караганда, ритейлерлер бул чечимге көптөн бери эле келатышкан жана кардарлардын нааразылыгын эске алганда, аны кабыл алуу оңой болгон жок. Анын айтымында, мындай чара көрүүгө мамлекеттик экологиялык уюмдардын олуттуу басымы себеп болду.

«Биздин шаардын таштанды жайында болсоңор топтолуп калган акыр-чикирден үрөй учат. Дээрлик бардык таштанды пластик пакеттерге салынган, ошолордун көбү — биздин соода түйүнүнүн пакеттери», — деди ал.

Эмне үчүн пластик пакеттер коркунучтуу?

  • 100 жылдан 400 жылга чейин бузулат;
  • аларды күйгүзгөнгө болбойт, анткени күйгөн пакеттер уу заттарды бөлүп чыгарат;
  • аба менен оңой тарап, сууну булгайт;
  • жыл сайын пластик пакеттердин айынан жүз миңдеген балыктар, канаттуулар жана сүт эмүүчүлөр кырылат.

warning_plastic

Сергей Фабрикантов пакеттерге акы төлөгөн кардарлар аларды максаттуу пайдаланууга мажбур болот деп эсептейт. Анын айтымында, «Народныйда» таркатылган пакеттердин саны ай сайын миллиондоп саналып келген, ал эми сентябрда болжол менен үч эсе азайды.

Көп учурда чоң дүкөндөн алынган пакет, өндүрүм сала турган идиштен таштанды капка чейинки жолду басып өтөт. Урбанист жана Бишкектеги «Шаардык демилгелер» фондунун директору Раушанна Саркеева мында түшүндүрүү иштерине ар башка мамиле кылыш керек деп эсептейт. Биринчи учурда алармандардын адаттарын өзгөртүп, аларга башкача таңгак сунуш кылыш керек. Экинчисинде, кыргызстандыктардын «таштандыга карата маданияты» тууралуу кеп болуп жаткан соң, таштандыны үйдө чогултуудан тартып аны сорттонун ар бир этабында адамдардын жүрүш-турушун өзгөртүү зарыл.

Ал шаардын масштабында таштандыга байланышкан абалды түп-тамырынан бери өзгөртүш үчүн «өзүңдөн башта» деп үгүттөп коюу жана социалдык роликтерди тартуу жетишсиз дейт.

«Шаардык [таштанды ташыган] унаалар сорттолгон таштандыны ташууга ылайык жабдылган эмес. Азыр бизде таштанды үймөгүндө сорттоо жолу тандалып алынган, анда да баары сорттолбойт. Шаардыктар болсо жийиркеничи менен кайдыгерлигинен кутула албай келатышат», — деди ал.

Казакстан менен Тажикстанда пластик менен кантип күрөшүшөт?

Казакстанда дүкөндөрдө пакеттерди бекер таратуу «жакшы тейлөөнүн» белгиси болуп саналат — Алматыда саналуу гана супермаркеттер алар үчүн акча алат.

Бул жерде полиэтилен таңгак менен күрөшүү демилгесин ритейлерлер же бийликтегилер эмес, коомдук уюмдар көтөрүшөт — «Пакетсиз шаар» долбоорун алардын бир тобу колдоп, ал Алматынын экологиялык кеңешине талкууга чыгарылган.

Долбоордун демилгечиси, «Тау Асар» коомдук фондунда иштеген Жанна Байжанова алматылыктар күн сайын беш миллионго жакын пластик пакеттерди колдонушаарын эсептеп чыкты. «Пакетсиз шаар» өнөктүгүнүн учурунда ал шаардыктарга полиэтилен таңгактардын зыяны тууралуу маалымат берип, аларга сатып алуу учурунда көп жолу колдонулуучу баштыктарды, ал эми таштанды салыш үчүн экопакеттерди колдонуу маданиятын үйрөтүүнү сунуш кылат.

«Астанага баары жапырт көчүп киришкенде алматылыктардын койгон дооматтарынын бири — жаңы борбордогу акчага сатыла турган пакеттер болгону эсимде, ал өтө артта калгандыктын белгиси катары эсептелчү», — деди ал.

4 000 000 000 000 — бул жыл сайын дүйнөдө өндүрүлгөн пластик пакеттин саны.

4trln1

Тажикстанда жагдай ошондой эле — өлкөнүн бийлиги полиэтилен пакеттерди колдонууга кандайдыр чектөө киргизүүгө эч кандай аракет кылган эмес, андай чечимдер азырынча планда да жок.

Тажикстанда полиэтиленди ашкере колдонууга каршы күрөшкөн негизги уюмдардын бири — «Кичинекей жер» экологиялык уюму. Анын ыктыярчылары мезгил-мезгили менен өлкөнүн ири дүкөндөрүндө маалымат өнөктүктөрүн өткөрүп, алармандарга пластик пакеттердин зыяны, экология үчүн жакшыраак чечимдер жөнүндө айтып берип, ал тургай аларга экологиялык баштыктарды белекке беришет.

Өлкөдөгү көптөгөн ири дүкөндөр алармандарга пакеттерди дагы эле бекер берип жатышат, бирок дүкөндөрдүн бир бөлүгү алар үчүн акча алат.

Пластик менен күрөш жолуна түшкөн бардык өлкөлөр полиэтилен таңгакка тыюу салуудан башташат, дейт кыргызстандык эколог Эмил Шүкүров. Ал пластик пакеттер бар болсо эле адамдар аларды таштандыга сала беришээрин айтат.

«Айтмакчы, ушул таштандынын баары полигондорго уюшкандыкта чыгарылса — адамдар жаратылышка чыгып алып ошол пакеттерди суунун боюна, тоонун түбүнө жана башка жакка таштап баса бергенине караганда зыяны азыраак болот. Узак убакыт бою мунун баары айлана-чөйрөнү абдан катуу булгайт» — дейт ал.

Кыргызстандагы «Пакетсиз зона»

«Полиэтилен пакеттерге биринчи иретте [аларды колдонуу] экономикалык жактан да, экологиялык өңүттөн да эң кооптуу болгон аймактарда тыюу салыш керек», — дейт Шүкүров.

Эмил Шүкүров кийинки кадам катары Ысык-Көлдүн жээгиндеги аймактарга полиэтилен пакеттерди алып келүүгө толук тыюу салыш керек деп эсептейт.

«Ысык-Көлгө абдан көп эл барат, ал жакта өзүнчө эс алат да, толтура таштанды калтырат, анын ичинде ушул пакеттер да бар. Ошонун баары көлгө кошулуп, жээктеги эс алуучулардын ден соолугуна зыян келтирет», — деп түшүндүрдү эколог өз сунушун.

Анын айтымында, ошондой тыюу салынса, жергиликтүү соодагерлер пластиктен башка нерсени бат эле таап алышат.