Чет өлкөлүктөр Кыргызстанда каттоого турууда кандай кыйынчылыктарга туш болуп жатышат?

Жаңы эрежелерге ылайык, чет өлкөлүк жаран Кыргызстанга киргенден кийин беш күндүн ичинде каттоого туруусу керек. Эрежеге баш ийбеген учурда 10 миң сомдук штраф төлөөгө милдеттүү болот. Чет өлкөлүктөр каттоого туруу учурунда көйөгөйлөр жаралууда.

Кыргызстанда 4-ноябрдан тарта чет өлкөлүктөр үчүн жаңы каттоо эрежелери күчүнө кирди. Чет өлкөлүктөр эми Кыргызстанга киргенден кийин беш күндүн ичинде Калкка кызмат көрсөтүү борборунда (ККБ) каттоого турушу тийиш. Эрежени бузгандар 10 миң сом штраф төлөшү керек болот. Чет өлкөлүктөр катталып жаткан учурда кандай кыйынчылыктарга туш болуп жатканын Kloop.kg тактап көрдү.

Тил билбегендик

Канаданын жараны Жон Цао Кыргызстанга орус тилин үйрөнүү үчүн келген. Айтымында, өлкөнү тандоодо жөнөкөйлөтүлгөн кирүү режимине таянган. Каттоонун жаңы эрежелери боюнча ал өзү конгон хостелдин администрациясынан уккан.

bezymyannyj-3

Качан Цао ККБга катталуу үчүн келгенде кызматкерлердин арасынан англис тилин билгендер жок болуп чыккан.

«Мен орусча билбейм, алар [ККБнын кызматкерлери] англисче билишпейт. Ошондуктан сүйлөшүүдө кыйынчылыктар жаралды», — деп айтып берди Цао.

Аламүдүн районунун паспорт-виза жана каттоо иштери боюнча бөлүмүнүн (ПВКБ) башкы адиси Элиза Жанузакова Kloop.kgге курган маегинде, Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) бул көйгөйдү жакынкы аралыкта чечүүгө камынып жатканын кабарлады.

«Азыр биз ар бир ККБда ушундай кызматтарды көрсөтө турган котормочу каралаарын чечип жатабыз. […] Балким, жакынкы убактарда бул маселе чечилип калат», — деди Жанузакова.

Маалымат алуу

Барган жеринде каттоого милдеттендирген жаңы жобо 4-ноябрдан тарта күчүнө кирген. Бирок каттоо процедуралары жана керектүү документтер боюнча маалыматтар туристтик жана башка булактарда жарыяланган эмес.

Ошондуктан Кыргызстанга келген көпчүлүк чет өлкөлүктөр каттоо мөөнөттөрү жана эрежелери тууралуу билишпейт.

«Каттоо үчүн кандай документтер керек экенин жана кайда баруу керектигин биз билбейбиз. […] Бул боюнча маалыматты кайсы булактан алууну да билбейбиз», — деди Kloop.kgге Франциянын жараны Паола Дилье.

bezymyannyj-4

МККнын өкүлдөрү белгилегендей, туристтер каттоонун жаңы эрежелери туурасында маалыматты чек ара кызматкерлеринен жана бажыдан ала алышат. Аламүдүн районунун ПВКБнын башкы адиси Элиза Жанузакованын айтымында, МКК каттоо процедурасы боюнча нускама даярдоодо.

«Бул маселе боюнча бизде азырынча маалымат жайгаштырыла элек. МКК бардык булактарда кулактандыруу жайгаштырышы керек болчу. […] Баштапкылары болгон, кийин эч нерсе жаңыланган жок. Дем алыш күндөрү жасап, дүйшөмбү күнгө [маалымат] болуп калат», — деп түшүндүрдү Жанузакова.

ККБда нускамалар

Кыйынчылыктар орус тилин билген туристтерде да жаралууда. Казакстандык Сергей Епанчинцевдин айтымында, ага бажыда беш күндүн ичинде каттоого туруу керектигин айтып, бирок кайда кайрылууну түшүндүрүшкөн эмес.

Айтымында, ал бир нече мекемеге кайрылып, бирок ага кийин гана ККБда катталууга болоорун айтышкан.

bezymyannyj-2

Епанчинцев айтып бергендей, качан ал ККБга келгенде, чет өлкөлүк жарандарды каттаган терезени таппай кыйналган.

«Бул жерге киргенден кийин кайда барууну билбейсиң. Терезе көп, адамдар көп, бардык жерде кезек. Маалымат алуучу жерге барсак, бизди башка жактан маалымат алууга жөнөтүштү. Бир бул жакка, бир башка жакка. Бардык жерде кезек, эч жерде өткөрүшпөй “күткүлө, кийин сурайсыңар” дешет», — деп айтып берди Епанчинцев Kloop.kgге.

МККнын адистери билдиришкендей, алар «паспорт столдордун даректерин көрсөткөн эскертмелерди жана документтердин тизмесин чек ара кызматы менен башка министрлик жана мекемелерге жөнөтүшкөн».

Жанузакова кабарлагандай, чет өлкөлүк жаран катталуу үчүн паспорт менен чакырган тараптын өтүнүч кагазын алып келиши керек.

Ошондой эле негизинен убактысын тоодогу сейилдөөгө арнаган туристтер үчүн да каттоонун эрежелери караштырылган.

«Эгер аны эч ким тосуп албаса, анда ал иш жүзүндө барган жери боюнча кайрылса болот. Ал паспорт бөлүмүнө кайрылып, өзү жалгыз жүргөнүн айтат. Ошондо аны жергиликтүү мамлекеттик органдын административдик имаратына каттайт. Бул айыл өкмөтү болушу мүмкүн, же райондук мамлекеттик администрация болушу мүмкүн», — деп түшүндүрдү Жанузакова.

Мыйзамга өзгөртүүлөр

Каттоонун жаңы эрежелерин көпчүлүк парламентарий, анын ичинде «Республика — Ата-Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов да колдогон. Бирок ал күчүнө киргенден кийин ал өзүнүн «Фэйсбугунда» «бул өзгөртүүлөрдөн тез арада баш тартууга» чакырган.

Бабанов өз чечимин Ала-Арча капчыгайында кокустан чехиялык саякатчыга кезигип калгандан кийин өзгөрткөн. Эми депутат жаңы каттоо эрежелери Кыргызстандагы туризмге терс таасирин тийгизет деп көшөрүүдө.

Эл аралык иштер боюнча парламенттин комитети МККга 8-ноябрда Кыргызстанда 30 күн каттоосуз жүрө алган өлкөлөрдүн тизмесин сунуштоо тапшырмасын берген.

«Азаттыктын» маалыматы боюнча, МКК 67 өлкөнү сунуштаган, бирок кайсы мамлекеттер экенин азырынча белгисиз.

Видео: Эдиль Байызбеков

ТЕМА БОЮНЧА: