Түркияда журналисттердин камалуусу. Эмне белгилүү?

Түркияда оппозициялык «Жумхуриет» гезитинин аткаруучу директору Акын Аталай камалды. Бир аптадай мурда болсо анын басылмасынын кызматкерлери камалган. 2016-жылдын күз мезгилинин эсебинен ондогон түрк журналисттери кармалып, 160тай ЖМК жабылган.

Оппозициялык журналист Акын Аталай Стамбулдун аэропортунда 11-ноябрь күнү камакка алынган. Ал кармоо буйругуна кол коюлганын билип туруп Германиядан Түркияга келе жаткан болчу. Бир аптадай мурда анын кызматкерлерин, анын ичинде гезиттин башкы редактору Мурат Сабунжуну да камашкан. «Жумхуриет» гезити 1924-жылдан бери чыгып келген эң эски басылмалардан бири болгон.

«Жумхуриеттин» журналисттери мурда да камалган. Былтыр ноябрда Сирияга ыктымал курал-жарак жеткирүү боюнча макала үчүн гезиттин башкы редактору Жан Дүндар менен Анкарадагы кабарчысы Эрдем Гүл кесилген.

Акын Аталай камакка алынышын билсе да барыбир Германиядан Түркияга келген. Сүрөт: SZ.de
Акын Аталай камакка алынышын билсе да барыбир Германиядан Түркияга келген. Сүрөт: SZ.de

Сентябрда оппозициялык «Тараф» гезитинин журналисти жана мурдагы башкы редактору Ахмет Алтан камалган. Ал бир эмес, катары менен эки жолу кесилген. Сентябрдын аягында анын камалганына 24 саат өтпөй Алтанды террористтик уюмдун мүчөсү деп айыптап, аны кайра камашкан.

Жазуучу жана журналист Ахмет Алтан эки жолу катары менен камалган. Сүрөт: Deutsche Welle
Жазуучу жана журналист Ахмет Алтан эки жолу катары менен камалган. Сүрөт: Deutsche Welle

Мындай кармоолорго бир гана жергиликтүү эмес, чет өлкөлүк журналисттер да кабылууда.

Француз журналисти Оливье Бертран дагы жума күнү 11-ноябрда камалган. Аны Газиантепте фотограф менен бирге камап, кийинчерээк сүрөтчүнү коё беришкен. Бертран дагы деле камакта, кармалышынын себеби белгисиз.

11-ноябрда күндүз Түркияда француз журналисти Оливье Бертран камалган. Сүрөт: Les Jours
11-ноябрда күндүз Түркияда француз журналисти Оливье Бертран камалган. Сүрөт: Les Jours

Бертрандын камалышын «Les Jours» кеңири чагылдырат. Бул басылма үчүн ал Түркия туурасында докладдарды жазып жүргөн. ЖМКнын маалыматы боюнча, журналисттин компьютери менен телефонун алып алышкан.

Бул Түркияда алгачкы кармалып жаткан чет элдик журналист эмес. Августта америкалык журналист Линдси Снеллди камап, үч апта боюнча абакта кармашкан. Камоонун себеби аскердик аймакка кирүү болгон.

New York Times кабарлагандай, 29-30-октябрда түрк бийлиги 15 күрт басылмасын, анын ичинде улуттук күрт гезитин да жаап салган. Акыркы үч айда өлкөдө болжолдуу 160 басылма жабылган.

15-июлдан бери 100 миңден ашуун адам мамлекеттик кызматтан алынып, а 40 миң адам жана ондогон журналист Гүлен менен байланышы бар деген шек менен камалган. «Les Jours» жазгандай, Түркияда азыркы күнгө чейин жүздөн ашуун журналист камалган.

Башкы сүрөт: Web.de