Чет өлкөлүк студенттин өлүмүнөн кийин ОшМУнун деканы иштен алынды

Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) ректору чет өлкөлүк студент инсульттан каза тапкан соң медициналык факультеттин деканын иштен кетирди. Деканды иштен кетирүүнү маркумдун курсташтары талап кылышкан.

ОшМУнун ректору Каныбек Исаков 15-ноябрда студенттердин жана окутуучулардын алдында медицина факультетинин деканы Роман Калматовдун иштен алынганын жарыялады. Анын ордуна декандын милдеттерин убактылуу Сабира Маматова аткарат. Мурда ал клиникалык медицина кафедрасынын башчысы болчу.

Айрым окутуучулар жаңы деканды колдошкон жок, бирок нааразы пикирлерге карабастан ректор өз чечимин өзгөрткөн жок, ал бул кызматта Маматова биротоло чечим чыкмайынча иштеп тураарын түшүндүрдү.

Декан медицина факультетинин чет өлкөлүк студенти Субхам Банграв каза тапкан соң иштен алынды — маркумдун курсташтарынын айтымында, Калматов Бангравды мекенине дарыланууга жибербей койгон.

Мурдагы декан өзү Kloop.kgге студенттин өлүмүнө кейип жатканын айтты, бирок анын сөзүнө караганда Банграв андан ден соолугуна байланыштуу бошотууну өтүнгөн эмес. Калматов студенттин абалы тууралуу ал облустук ооруканага жаткырылганда билгенин кошумчалады.

Ал ректорат аны иштен кетирбегенин, ал өзү кызматтан бошотуу жөнүндө арыз жазганын билдирди. Калматов анын иштен бошонуу жөнүндө чечими студенттин өлүмүнө жана анын курсташтарынын талабына байланыштуубу деген суроого жооп берүүдөн баш тартты.

«Бул мен үчүн өтө татаал суроо. Мен ага азыр жооп берүүгө даяр эмесмин», — деди ал.

Студенттердин айтымында, алар жаңы декан студенттерге мамилесин өзгөртөөрүнө, факультеттеги коррупцияны жое алаарына жана студенттик коомчулуктун кызыкчылыгына иштээрине ишене беришпейт.

«Бул администрациянын жалгыз кадамы. Ал [ректор] биздин калган талаптар менен мындан ары иштешээрин айтты. Бирок андай болооруна биз ишенбейбиз», — деди атын айткысы келбеген студент кыз.

Бирок студенттердин бир бөлүгү жоопкерчиликтин баары деканга жүктөлгөнүн калыстык эмес деп эсептешет.

Калматовду иштен кетирүү жөнүндө чечимди алар «саясий жактан негизделген, студенттин трагедиялуу өлүмүнөн пайда тапмакчы болгон шылуундарга ыңгайлуу» деп эсептешет. Студенттер алар менен Кыргызстанда билим берүү жөнүндө келишим түзгөн компаниялар менен агенттиктерди күнөөлөшөт.

«Калматов башка окутуучулар сыяктуу эле университеттин кызматкери. Мен баарыңарды мугалимибизди [Калматовду] колдоп, туура чечим жөнүндө ойлонууга чакырам», — деп айтылат «Фейсбукта» жарык көргөн студент кыздын кайрылуусунда.

Kloop.kg жаңы декан менен байланыша алган жок.

ОшМУнун башкы корпусунун алдында 13-ноябрда 200дөн ашуун чет өлкөлүк студенттер митинг өткөрүп, университеттин администрациясына жана Индиянын Бишкектеги элчилигине талап коюшкан.

Митингге биринчи курстун студенти Субхам Бангравдын өлүмү себеп болгон. Ал 13-ноябрда 11:00дө Ош облустук ооруканасында каза тапкан.

Студенттер анын өлүмүнө факультеттин деканы Роман Калматовдун тиешеси бар-жогун текшерип, аны иштен алууну талап кылышкан. Алар Бангравды мекенине дарыланууга кое бербей койду деп деканды күнөөлөшкөн.

Студенттер ошондой эле каза тапкан студенттин сөөгүн мекенине токтоосуз жеткирүүнү талап кылып, Индиянын Бишкектеги элчилигине кайрылышкан.